«"Таблиги жамааттын" азабы»
Синд провинциясынын Карачи шаарында мечитке барууга тыюу салынганына карабастан ал жакка топтолуп алгандарды полиция кызматкерлери таркатуу аракетин көргөндө өздөрү таяк жешкен. 3-мартта тартип коргоочуларды жүздөгөн адамдар ур-токмокко алган.
Баш калаа Исламбадда полиция радикал диниятчыны жана аны менен кошо алты адамды бийликке баш ийбегени үчүн камакка алды.
Шаардагы Кызыл мечиттин мурдагы имамы Маулан Абдул Азиз бийликтин коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында жума намазды өткөрүүгө тыюу салганына карабай, элди чогултууга аракет кылган.
Диниятчынын ысымы калың элге 2017-жылы белгилүү болгон. Анда анын айрым экстремист окуучулары бир нече аялды сойкулукка айыптап, туткунга алышкан. Аларды бошотуу үчүн коопсуздук күчтөрү мечитте кандуу операция өткөрүүгө аргасыз болушкан. Абдул Азиз паранжа кийип алып качууга аракет кылган маалда кармалып, абактан эки жылдан кийин бошотулган.
Чектөөлөргө баш ийбей «Таблиги жаамат» диний кыймылынын жүз миңден ашуун мүчөсүнүн Лахор шаарына чогулганы дагы бир кооптуу жагдай болуп калды. Ал иш-чарага кырктай мамлекеттен барган үч миңден ашуун чет өлкөлүктөр да катышкан.
Кыймылдын дүйнө жүзүндөгү мүчөлөрүнүн башын бириктирген беш күнгө созулган жыйын эки күндөн кийин эле жыйынтыкталды. “Таблиги жамааттын” лидерлери муну жаанчыл аба ырайы менен түшүндүрүшкөн.
Көп өтпөй кыймылдын чет жактардан келген миңдей мүчөсүнөн коронавирустун белгилери байкалгандыктан обсервацияга алынган. Алардын арасында Ирандын, Малайзиянын, Нигериянын жана Кыргызстандын да жарандары бар.
«Таблиги жамааттын» жогорку лидерлери Пакистандагы бардык жолдоочуларын өкмөт айткан коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырса да, алардын көбү, өзгөчө айыл жериндегилер баш ийбей жатат.
Дагы караңыз Индиянын бийлиги дааватчыларды айыптады«Мен күнүнө беш ирет намазга жыгылам жана ар жолу колумду, бетимди жууйм. Калганы кудайдын буйругунан», - дейт Пакистандын түндүк-батышындагы Карак аймагынын тургуну Мухаммад Шахил Хан. Ал дагы 13-мартта өткөн «Таблиги жамааттын» жыйынына катышкан. Шахил Хан "беткап адамды маңдайга жазылган тагдырынан сактап калбайт" деген ишеничте.
Өкмөт ири шаарларда чектөөлөрдү көзөмөлдөгөнгө аракет кылып жаткан маалда, чакан шаарлардын тургундары базарларга ээн-эркин барууда. Ал эми айылдыктар мечиттеги намазды да калтырышкан жок.
Анткен менен диний-саясий партиялардын лидерлери коронавирус чоң коркунуч экенин түшүнүп, өз жактоочуларын жана жалпы пакистандыктарды үйдө калууга жана тумоону ооздуктоо максатында кабыл алынган бардык эрежелерди сактоого чакырышты.
Учурда бийликке өзгөчө кооптонууну Пакистанда 25-апрелде баштала турган Орозо айы да жаратууда. Мусулмандар бул айда мечитке көп барат. Байкоочулар аларды чектөө кыйынга турушу мүмкүн деп тынчсызданышууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин болжолдуу эсебине караганда, Орозо айы башталгыча эле коронавирусту жугузуп алгандардын саны 50 миңге чамалайт. 12-апрелге карата Пакистанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 5200гө чамалады. 90дой киши көз жумду.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан калбаган депутаттар
Карантиндин эрежелеринин сакталышына пакистандыктардын карым-катнаштары жана салт-санаалары да тоскоолдук жаратууда. Маселен, өлүм болгон жерге ошол жактын депутаты барбаса, ал көп добушун жоготуп алышы мүмкүн.
Ошол себептен социалдык байланыштарды азайтууга, элди чогулбаганга үндөгөн чакырыктарга карабай саясатчылар өздөрү деле өлүм-житимден калбай барып жатышат.
Шаарларда үйлөнүү тойлорго тыюу салынгандыктан, эми үлпөт салтанаттары айылдарда өтүүдө.
Ошол эле маалда ооруканаларда шарттын жоктугу жана коргоочу каражаттардын жетишсиздигине дарыгерлер менен медкызматкерлер нааразы. Буга байланыштуу Кветта шаарындагы Жарандык оорукананын жана медициналык колледждин кызматкерлери 6-апрелде каршылык акциясын өткөрүшкөн. Алар талаптары аткарылбаса, ишке чыкпай турганын айтышкан. Бирок пакистан полициясы медкызматкерлерди дубинка менен сабап, акциянын катышуучуларын камакка алган.
Кветта шаарындагы медкызматкерлердин акциясын полиция күчкө салып таратты. 6-апрель, 2020-жыл.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Коронавирустан эмес, ачарчылыктан корком"
Карантинден баарынан дагы күнүмдүк тапканы менен тиричилик жүргүзгөндөр жапа чегип жатышат. 50 жаштагы Умар Заман жана анын 22 жаштагы уулу Вахид күн сайын Исламабаддын көчөлөрүн кыдырып иш издөө менен алектенген жүздөгөн жалданма жумушчулардын катарына кирет.
Умар «Азаттык» радиосуна билдиргендей, уулу экөө тапкан акчага 14 адамдан турган үй-бүлөсү жан багат. Ал ошондой эле башкалаадан эки жүз чакырым алыстыкта жайгашкан Моманд районундагы өзүнүн шаарына бара албай жатканын айтты. Анткени блокпосттордун коюлганына байланыштуу жол кире беш эсе өсүп кеткен.
Умар "коронавирустан мурда ачарчылыктан көбүрөөк корко турганын” айтты.
Мына ушундай Умардыкындай маанайдагы элдин көптүгүнө байланыштуу премьер-министр Имран Хан Пакистандагы чектөөлөрдү катаалдаштырбай, тескерисинче жумшартып жатат. 220 млн. калкы бар мамлекетте ар бир төртүнчү жаран күнүнө 300 рупий же эки АКШ долларын таап, жан багат.
"Биз миллиондогон адамдар иштеген экономиканын негизги тармактарын жандандырууга аракет кылып жатабыз", - деди маалымат министри Ашик Аван.
Бул жарыядан бир аз мурда өкмөт айыл чарба тармагында иштегендерге жумуштарына кайтууга, ал эми курулуш ишканаларына, анын ичинде цемент жана болот иштеткен компанияларга өз ишин 14-апрелде жандандырууга уруксат берди.
Авандын айтымында, кийинки кезекте соода-сатык жана транспорт тармагынан да чектөөлөр алынат. Өкмөт башчынын курулуш компанияларына ишин жандантууга уруксат беришин көптөр кубатташты, бирок бул кадам коронавирустун жайылышына түрткү берет деп сынга алгандар да бар.
Жумушчулардан тышкары, ири шаарлардын жабылышы да дыйкандарга залакасын тийгизип жатат. Алар бышып жетилген жер-жемиштерин жыйноого жумушчуларды таппай убара.
Ун, шекер сыяктуу эң керектүү азык-түлүк кымбаттады. Каржы кризисинин алдын-алуу максатында премьер-министр Хан 860 миллион доллар бөлүп, карантинден жабыркаган 120 млн. пакистандыктын ар бирине 90 доллардан жардам берүү долбооруна кол койду. Бирок байкоочулар өлкөдөгү коррупция жана башка көйгөйлөрдөн улам бул акча калкка жетпей, нааразылыкты дагы күчөтөрүн айтып жатышат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.