Пакистан полициясы медкызматкерлерди уруп, камакка алды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пакистандын Кветта шаарында полиция COVID-19 пандемиясы учурунда ооруканада иштөөдөн баш тарткан ондогон догдурларды жана медкызматкерлерди камакка алды. Медкызматкерлер мындай кадамын коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн коргоочу каражаттар жетишсиз экенин айтууда. 6-апрелде полиция каршы чыккандарды токмоктоп, Квета шаарындагы Жарандык ооруканасынын жана Болан медициналык колледжинин кызматкерлеринин нааразылык акциясын кууп таратты.