Өзбекстан: кол балага айланган Coca-Cola

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Loop video - Uzbek Coca Cola (RU)

Өзбекстандын өкмөтү кирешелүү Coca-Cola ишканасындагы өз үлүшүн сатуунун кам-чомун көрүүдө. Сатууга чейинки окуялардын сабагы көптөрдүн эсинде кыйлага сакталчудай болуп турат.

Өзбекстанда Coca-Cola компаниясындагы мамлекеттин үлүшү сатыкка коюлду. Соңку жылдардагы эң ири инвестициялык аукционго кызыккандар көп.

Мамлекет ээлигиндеги үлүштүн баасы оңор эмес, жүздөгөн миллион долларды чапчыйт, 34 миллион калкы бар Өзбекстанда чыгарылчу суусундук базарынын тең жарымына жакынын ээлеген өндүрүш. Мамлекет ээлигиндеги үлүштү сатуу өлкө казынасына кызылдай акча гана түшүрбөстөн, анын атын чыгарышы мүмкүн, мамлекет коррупцияга белчесинен баткан “инвестициялык чет бучкак” эмес, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу “кирешелүү рынок” катары кабылданышы ыктымал.

CCBU ишканасынын акционерлери жана анын базардагы үлүшү.

Антейин десең, мамлекеттик үлүштү сатуусу эмитен түкшүмөл жаратууда. Өкмөт сатыкка катышып аткандарга сунуштама берүү өтүнүчүн жарыя кылгандан бир нече апта өтпөй Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги бул иште бир топ кемчиликтер кеткенин ырастап, аны токтотуу тууралуу билдирүү жарыялап, артынан анысын кайра алып койду. Сатыкка катышчулардын бекитилген тизмесине ушу таптагы президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласына байланышкан компания кирип калган.

Анын артында дагы бир чубалжыган чуулуу маселе бар, Мирзиёевдин мурдагы катуу кол жетекчиси Ислам Каримовдун улуу кызы катышкан 20 жылдан берки соттук териштирүү аягына чыга элек, анын артында турган вашингтондук кубаттуу лобби фирма менен өзбек-америкалык үй-бүлө наркы 300 миллион доллардан ашкан үлүшүн Өзбекстан өкмөтү тартып алганын көрүнгөн жерде айтып келатат.

Дагы караңыз Швед соту Каримовага пара берди делген менежерлерди актады

Андан дагынкысы соттук териштирүүлөргө жамы дүйнөгө белгилүү америкалык бренд: Coca-Cola тартылган.

АКШдагы Coca-Cola компаниясынын штаб-квартирасынын жетекчилиги менен Түркиядагы жергиликтүү бөлүм башкаруучуларынын ортосундагы ич ара каттардан компания жетекчилери Нью-Жерсидеги Максудинин үй-бүлөсүнө тиешелүү активдердин өзбек өкмөтүнө өтүп кетиши артынан укуктук талаштуу жагдайларды жаратышы мүмкүн экендигин билишкен.

Кийин колуна алган үлүшүн америкалык аты-жыты белгисиз биргелешкен компанияга жарыбаган акчага кайра сатып ийгенде деле Coca-Cola компаниясынын жетекчилиги камтамалыгын билдире албады, баарына көз жумду кылып коюшкан. Ортолук электрондук каттар менен кызмат боюнча жазылган билдирүүлөр аны ырастап турат. Каттардын арасында буга чейин жарыяланбагандары да бар.

Соңунан аты белгисиз америкалык компания Ислам Каримовдун кызы Гүлнарага тикелей тиешеси бар экендиги аныкталган. 2004-жылдын майында Coca-Cola компаниясынын аймактагы каржылык директору ишти уюштуруучуларга эскертүү катары момундай электрондук кат жөнөткөн: “Менимче, АКШ өкмөтү так кесе “жок” дебесе биз ишти уланта беришибиз керек. Анткен менен мындай аракет тобокелдик экенин эстен чыгарбашыбыз зарыл, айрым бир өнөктөштөрүбүз мунун айынан кандайдыр бир көйгөйгө кабылышы мүмкүн”. Кат Coca-Cola компаниясынын Атлантадагы штаб-квартирасынын жетектөөчү юристине да жөнөтүлгөн болуу керек.

Каржы директору ал катында “Өзбекстанда иштөөнүн барк-баасы белгисиздик жана чоң тобокелдик болуп калат окшойт” деп белгилеген.

Кийин белгилүү болгондой, тобокелдик деп компания жетекчилери Coca-Cola Bottling Uzbekistan компаниясын Гүлнара Каримованын тартып алышын айтышкан экен. Coca-Cola менен биргелешкен ишкананы негиздеген үй-бүлө кыйла жылдардан бери Гүлнара Каримова жаңы компанияны “уурдап” алганын айтып келет. Ушул учурда Каримова Ташкенттин жанындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө. Ага коюлган айыптардын арасында компанияны башкаруу укугун мыйзамсыз тартып алган, суусундук баасын арзан баага түшүргөн деген кинелер бар.

Дагы караңыз Лола Каримова АКШда үч үйүн сатыкка койду

Кошмо Штаттарда Каримовага пара алуу жана коррупция боюнча айыптар коюлган, бирок анын бул ишке тиешеси жок, чатак телекоммунициялык компанияларга байланыштуу. Каримовага АКШнын Каржы министрлиги санкция жарыялаган.

Coca-Cola менен биринчи болуп биргелешкен ишкана түзгөн Максудинин үй-бүлөсү сотко доо арызды АКШда, ошондой эле чет өлкөлөрдө бере турганын жарыя кылган.

«Pepsi кирбеши керек»

Өзбекстанда Coca-Cola таржымалы Советтер Союзу урагандан эки жыл өткөндөн кийин башталган.

1993-жылы Coca-Cola компаниясынын кол алдындагы The Coca-Cola Export Corporation ишканасы америкалык көбүргөк жана сергитүүчү суусундуктарды куюу жана сатуу боюнча үч тараптуу биргелешкен ишкананы каржылоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Жаңы ишкананын эки өнөктөшү «Узпищепром» өзбек тамак-аш өнөр жайынын расмий ассоциациясы менен Кайман аралдарында катталган Roz Trading компаниясы болуп калган.

Roz Trading - Ооганстан менен тарыхый байланышы бар этникалык өзбек Максудинин үй-бүлөсүнө таандык компания. Үй-бүлөнүн көбү Кошмо Штаттарга 1970-жылдары көчүп өтүшкөн. Үй-бүлө башчысы Абдул Максуди иши жүрүшкөн таасирдүү бизнесмен болчу, 1979-жылы советтик аскерлер Ооганстанга басып киргенден кийин деле ишин токтотпой жүргүзүп турган.

Биргелешкен ишкана түзүлөргө эки жыл калганда Максудинин балдарынын бири Мансур ал кезде Өзбекстанды башкарып турган Ислам Каримовдун эки кызынын улуусу Гүлнара Каримовага үйлөнгөн.

Мансур менен Фарид Максуди.

Башында ишкананын акциялары үч өнөктөштүн баарына бирдей бөлүнгөн. Кийинчерээк Roz Trading өз үлүшүн 55% көбөйтүп, ал эми Coca-Cola компаниясы 43% ээ болуп калган.

Ишкананы CCBU деп аташкан, башында иши аябай жүрүшкөн. 2000-жылы Борбор Азиядагы эң ири суусундук чыгаруучу компаниянын жылдык сатуусунун көлөмү 100 миллион доллардан ашкан.

1996-1997-жылдары Мансур Максуди иниси Фарид экөө «Жылдын мыкты суусунчулары» болушкан, 1998-жылы ага-инилерди АКШнын Coca-Cola компаниясынын башкы штаб-квартирасындагы салтанаттуу кечки сый тамакка чакырышкан.

Фарид (солдо) менен Мансур Максуди Coca-Cola компаниясынын башкы директору жана президенти Дуг Ивестор менен, 1996-ж.

2001-жылдан тарта Мансур Максуди менен Гүлнара Каримованын мамилеси сууп, түшүнбөстүктөр жаралган. Кезектеги уруш-талаштан тажаган Гүлнара Каримова эки баласын алып 29-июлда Кошмо Штаттардан Ташкентке учуп келе берген.

Андан аз өтпөй Максуди жашаган жери Нью-Жерсинин сотуна Каримова ортодогу эки баламды уурдап кетти деп арыз менен кайрылган.

Ага улай Өзбекстандын атайын кызматы Ташкенттеги Максудинин Coca-Cola заводунда иштеген жумушчулар менен үй-бүлөлүк бизнестин кызматындагы туугандарын куугунтукка ала баштаган. Мансурдун үч тууганы, арасында жакын абасы кармалып, абакка отургузулган. Кийин дагы бир кызматкер кармалат. Биргелешкен ишкананын үч топ-менежери өлкөдөн чыгып кетишет. CCBU төрт объектинде жүрүп жаткан иштер токтотулат.

Бул окуялар Кошмо Штаттардагы Coca-Cola компания жетекчилерин чочутат. 2001-жылдын 17-августунда компаниянын ошол кездеги вице-президенти Жанет Ховард менен бир топ жетекчилер Вашингтондо Өзбекстандын элчиси менен жолугушкан.

«Элчи коммерциялык талаш-тартыштарды “үй-бүлөлүк маселелерден” бөлүү керек деп айтты. Элчинин айтуусунда, Фарид [Максуди] өзбек өкмөтүнө уруш ачты», – деп жазат Ховард ошол күнкү күндөлүгүнө.

Төрт айга жетпей, 2001-жылдын 24-декабрына чейин өзбек атайын кызматы Ташкент менен анын жанында жашаган кичинекей баладан тарта карыган кемпирге чейинки Максудинин 20дан ашуун туугандарын кармаган. Алардын баарын 15 сааттан ашуун машинеге салып Ооганстан менен чек арага жеткирип, келе турган болсо катаал жазага туш келерин эскертип ара жолго таштап коюшкан.

Ошол эле күнү Coca-Cola компаниясынын Евразия жана Жакынкы Чыгыш боюнча президенти Ахмет Бозер “Өзбекстандагы акционерлердин көйгөйлөрү” тууралуу компаниянын жогорку жетекчилигине электрондук кат жөнөткөн.

«Акыркы чечим Максудиси жок өнөктөштүк болот», – дейт Бозер.

«Өкмөт менен мамилени «кайрадан баштайбыз» (негизи баштап деле койдук). Өзбекстан өкмөтү менен биздин корпорациянын [Coca-Cola корпорациясы] бекем байланышын орнотуу мүмкүнчүлүгү ушул», - деген ал.

Бозер компанияны чочулаткан дагы бир маселени камтый кеткен: «Биз үчүн өзгөчө маани берчү маселе – Pepsi кирбеши керек». Муну ал 2001-жылдын 24-декабрындагы электрондук катында белгилеген.

Ошол каттан бир жылдан кийин Бозер жамы дүйнөлүк Coca-Cola компаниясынын вице-президенти кызматынын ордун ээлеп, анда 2016-жылы пенсияга чыкканча иштеди. Бул киши комментарий алгысы келген “Озодлик” радиосунун журналистинин телефон чалууларына, электрондук каттарынын бирине да жооп бербеди.

Кыязы, Coca-Cola компаниясынын жетекчилери үчүн кимдин башкарганына караганда Өзбекстанда иштеп турушу маанилүү окшобойбу.

«Максудилердин ийгиликтүү бизнес түптөшкөнүн баары эле билишет», – дейт CCBU консультативдик кеңешиндеги суусундуктар индустриясынын мурдагы жетекчиси Тим Лейн «Озодликке» берген маегинде.

Ага улай Тим Лейн: «Coca-Cola жагдайды ким жайгарып жаткандын кебин укту. Алар үчүн албетте, брендди сактап калуу маанилүү болчу. Сюжеттик линия кайсы жакты көздөй оосо, ошону колдошту», - деп кошумчалады.

«Иштеп аткан мыйзамга ылайык»

Гүлнара Каримова эки баласын алып АКШдагы үйүнөн качкандан болжол менен алты аптадан кийинки 2001-жылдын 11-сентябрындагы канабайрам АКШнын Борбор Азияга, жалпы эле мурда башкы маани берип келген тышкы саясатын кескин өзгөртүүгө алып келди. Президент Жорж Буштун администрациясы Каримовду мурдагы аскер базасын АКШ аскерлеринин пайдаланып туруусуна, андагы күчтөр коңшу Ооганстандагы аскердик операцияларды аба мейкининен колдошуна жетишти.

Дагы караңыз Каримова каткан акчасын кайтарат

Кийинки тогуз айда өзбек бийлигинин Coca-Cola ишканасына кысымы күчөдү, компанияны көз боёмочулук жана уурдоолор боюнча айыптоого өттү.

Өзбекстанда соттор Roz Trading компаниясынын акцияларын жараксызга чыгарган бир нече чечимдерди кабыл алышты. Ал эми өзбек өкмөтү компаниянын өзбек сому аркылуу эсептелчү болгон ички кирешелерин АКШ долларына которууга тыюу салып койду.

Ага улай өзбек бийлиги Roz Trading компаниясын чарбасыздыгы жана бухгалтердик эсепти так жүргүзбөстүгү боюнча айыптап, кийинчерээк кызматкерлерине катаал мамиле кыларын айта баштады.

2002-жылдын июнунда Coca-Cola вашингтондук Stonebridge International лобби фирмасын жалдап, ортодогу талашты чечүү аракетине киришти. Башкы ортомчулук милдетин мурдагы СССР президенти Михаил Горбачевдун илимий кеңешчиси академик Роальд Сагдеев менен ошол кездеги анын зайыбы Сьюзен Эйзенхауэр алышкан. Жубайлардын Stonebridge фирмасына жолдогон милдеттенме катында көрсөткөн көмөгү үчүн төлөнчү комиссия акы өлчөмү АКШнын 200 миң доллары деп көрсөтүлгөн, буга кошумча Өзбекстандан которулчу ар бир доллардын 2% берилип турмак.

«Албетте, Stonebridge жана башка компаниялардын болгон аракети иштеп жаткан мыйзам негизинде жүзөгө ашырылышы керек», – деп белгиленген милдеттенме катта.

2002-жылы ортолук келишим түзүү үчүн Өзбекстанга 2002-жылдын 6-августунда келип кеткен Эйзенхауэр алты барактан турган кызматтык кат жөнөтүп, анда Каримова сүйлөшүүлөргө тикелей катышканын кабарлаган.

«Эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу менен Каримованын Нью-Жерсидеги үй-бүлөлүк мамилесин эске алганда, бул окуя жогорку деңгээлдеги маселеге айланып кетти, ал өзү ырастагандай, баарысы атасынын кыймыл-аракетине байланыштуу болуп калышы ыктымал», – деп белгиленген кызматтык катта.

«Эң маанилүүсү, үй-бүлө [Каримовдун] кабатырланткан маселе Coca-Cola же CCBU тарабынан көрсөтүлгөн ар кандай жардам “М” мырзанын жакындарынын чырагына май тамызгандан башкага жарабастыгы» кызматтык катта баса белгиленген. Аты-жөнүн айтпай «М» тамгасы менен белгиленип жаткан үй-бүлө Максудилер.

Stonebridge фирмасынын ишин уланткан Albright Stonebridge Group компаниясы «Озодлик» радиосунун электрондук каттарынын бирөөнө да жооп берген жок.

Stonebridge ортомчулары Вашингтон менен Ташкендин ортосунда чабагандап каттап атышканда АКШдагы Coca-Cola жетекчилери Өзбекстандын элчиси менен жолугушту. 31-июлда вице-президент Ховард компаниянын АКШ менен Түркиядагы бир нече жетекчисине кат жөнөтүп, «жеке каналдар аркылуу үй-бүлөгө жакындоого дурус кадамдар жасалганын» кабарлады. Үй-бүлө, албетте, ошол кездеги президент, маркум Каримовдуку болчу.

Ховард аны менен эле токтоп калбай Каримовдун үй-бүлөсүнө кат менен кайрылуу керектигин белгилеп, анда Coca-Cola «Өзбекстанга жан тарткан үчүнчү бир дос тараптын “М”ди алмаштыруусуна макул экендигин» билдирген.

Coca-Cola компаниясынын стратегиясын тереңден билиш үчүн Бозердин аз илгерээк компаниянын Европа менен АКШдагы айрым жетекчилерге жөнөткөн каттарын окуу жетиштүү.

Кат алмашуунун көчүрмөсү.

2002-жылдын 22-июлунда жөнөткөн мынабу кызматтык катында Бозер талаштуу жагдайдан чыгуунун ар кыл варианттарын сунуш кылган. Өкмөт Roz Trading компаниясынын акцияларын жараксызга чыгарып салганын белгилеген: «Өзбекстан мыйзамына каршы келгенине карабай Өзбекстандын министрлер кабинети 24% акцияны мамлекеттик «Пищепром» ишканасына берип койду, акциялардын 33% мамлекетке тийиштүү болчу», – деп жазган Бозер.

Ал жөнөткөн тиркемеде Максудинин мүлкүн артып алууга өзбек соттору киришкени апачык айтылган.

«Roz Group компаниясынын үлүшүн 2001-жылдын майындагы 55% 2002-жылдын июлунда 0% түшүрүп коюш үчүн өзбек сотторун пайдаланышты (алар такай өзбек мыйзамына кайчы келген иштерди жасашат), такай ушинтишет», – деп белгиленген документте.

«Каримовага жагыш үчүн»

2001-2002-жылдары, андан кийин сырттан байкоо салгандардын текши баары Гүлнара Каримова Coca-Cola ишканаларын басып алууга, кийин жаап салууга тиешеси бардыгын айтып келишти. Анткен менен анын бул иштерге катышуусунун кандайлыгы ортодон бир нече жылдар өткөн соң гана билинди, АКШнын федералдык соттору Максудинин үй-бүлөсүнө доо арызын караган учурда ачыкка чыгып кеткен соттук документтер буга чейин жашырын иштердин себеп-жөнүн ачып берди.

2003-жылдын апрелинде Өзбекстан өкмөтү Coca-Cola компаниясына CCBUга тийиштүү мамлекеттик үлүш менчиктештирилип, башка биргелешкен компанияга берилерин кабарлады. 1990-жылдардын аягында АКШнын Делавэр штатында негизделген Zeromax конгломерат курамына Muzimpex компаниясы кирген.

Кийин Zeromax компаниясы кайрадан түзүлүп, кайра каттоодон, бул ирет Швейцариядан өттү, Максудинин үй-бүлөсүнүн соттук териштирүүлөрүнөн оолагыраак болуш үчүн компания ушундай ишти жасады.

Соттук документтердин арасында кол коюлган түзүүчү документтер менен кол коюлган келишимдер бар. Алардын бири Каримова Бириккен Араб Эмираттарында Revi Holdings компаниясын түзгөнү ырасталган, ал CCBU компаниясын чийки зат менен камсыздап туруу милдетин алган, компания 2002-2003-жылдары 1,75 миллион долларлык макулдашууга жетишкен.

Revi Holdings компаниясын түзүүгө катышкан негизги адам Фарход Иногамбаев болгон. 2007-жылдын августунда Максудинин АКШ сотунда Zeromax компаниясына каршы берилген доо арызды кароо учурунда ант берип, кат түрүндө ырастаган көрсөтмөлөрүндө Иногамбаев аны Каримовага иштөөгө мажбур кылышканын билдирген. Айтуусунда, Каримова анын туугандарын коркуткан.

Мындан тышкары Иногамбаев Максудиге каршы салык көз боёмочулуктары жана коррупция тууралуу калп отчетторду айласыз түзгөнүн ырастаган.

«Каримова Мансур Максудинин мүлкүн тартып алуу аркылуу анын үй-бүлөсү менен бизнесин толук жок кыларын жакшы билген. Экинчиден, ал CCBU менен анын объекттеринин бизнестеги каржылык баалуулугун эсепке алган», – деп жазган Иногамбаев кат аркылуу жөнөтүлгөн көрсөтмөлөрүндө.

«Каримова айым өзбек өкмөтүндөгү жогорку расмий кызматтагылар менен Roz компаниясын жок кылууга жеке өзү катышкан», – дейт ал.

Кийинчерээк Иногомбаев Максудинин үй-бүлөсүнүн жардамы менен Өзбекстандан качып чыгып Кошмо Штаттардан саясий башпаанек алган. «Озодлик» радиосунун журналисти менен аңгемелешүү учурунда ал кошумча комментарий берүүдөн баш тартты.

Иногамбаевдин айтуусунда, 2002-жылдын сентябрында ал Каримованын атынан Бозер менен Ташкендеги Intercontinental мейманканасында жолуккан.

«Бозер мырза Каримова айымдын өзүнө тиешелүү компаниялардын бири аркылуу CCBUга ээлик кылуу аракетин колдогон. Кездешүү маалында Бозер мырза: “Бул талашта биз бир тараптабыз” дегендей сөз айткан», – деп жазат Иногамбаев кат аркылуу берилген көрсөтмөсүндө.

«Coca-Cola компаниясынын жогорку кызмат адамдары Каримова айымдын көңүлүн тапканга аябай аракет кылышты, аларды кабатыр кылган маселе Каримова Pepsi компаниясынын Өзбекстанда бизнес жүргүзүшүнө мүмкүндүк берип иеби деген коркунуч эле», – дейт Иногамбаев.

Coca-Cola компаниясынын бөлөк жетекчилерине жөнөткөн электрондук каттарында Бозер Каримова менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү тууралуу маалыматтарды жалганга чыгарган. А бирок анын өзбек телекоммуникациялык Uzdunrobita компаниясын жетектеген америкалык кесиптеши менен жазган ички каттары баарысы тескерисинче болгонун күбөлөйт.

2004-жылдын майында Coca-Cola компаниясынын Евразия жана Жакынкы Чыгыш боюнча каржылык директору Родни Стайлз ишкананын жергиликтүү жетекчилерине жолдогон электрондук катында компания CCBUну башкарууну Zeromax компаниясы менен анын алдындагы Muzimpex ишканасына берүү сунушун колдой турган болсо компания келечекте көйгөйгө кабыларын жазган.

«Өзбекстанда иштөөнүн баасы аягы көрүнбөгөн белгисиздик менен олуттуу тобокелдик экенине макул болуу», – деп жазган Стайлз Coca-Cola компаниясынын АКШдагы штаб-квартирасынын жетектөөчү укукчунун атына жолдогон катында.

Ошол жылдын соңунда Muzimpex буга чейин Roz Trading компаниясына таандык 14,1 миллион долларлык акцияларды мамлекеттен расмий сатып алган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын тапшыруусу менен 2005-жылы жүргүзүлгөн аудитордук текшерүү CCBU ичиндеги уурдоолор жана көз боёмочулуктар өзбек өкмөтүнө 6 миллион АКШ доллары эсебинде зыян алып келгенин аныктаган. Ошол аудитордук текшерүү менен иликтөөгө катышып калган булактын ырасташынча, бул “процесстин баары” өзбек өкмөтүнүн Roz Trading компаниясынын акцияларына салынган арестти актоо максатында жасалган.

«CCBUда кемчиликтер болгон, бирок да анын активдерин камакка коюуга эч кандай негиз жок болчу», – дейт «Озодликтин» атын атагысы келбеген маалымат булагы.

Телекоммуникациялык жаңжал

2007-жылы Максуди менен Каримованын, Максуди менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы тиреш кадим согушка айланып кетти. Нью-Жерси соту Мансур Максудинин доо арызын канааттандырып, Каримова экөөнүн никесин жокко чыгарды, ортодогу кичинекей эки баланы төрт жылга чейин өз колуна алып багуусуна уруксат берди. Каримованын ажырашуусу соттук чечим менен ырасталып, анын Өзбекстанга эки баласын алып качканы боюнча камакка алуу тууралуу эл аралык ордер берилди. Мындай чечим Каримованын чет өлкөлөргө ээн-эркин саякаттоо мүмкүнчүлүгүн чектеди.

Ал арада Өзбекстан өкмөтү Интерполго ага-ини Максудини камакка алуу тууралуу «кызыл билдирме» жөнөттү.

Бир жылдан кийин 2008-жылдын майында Каримова менен Максуди ортодогу талашты жөнгө салуу тууралуу келишимге келишип, анын натыйжасында Максудинин бир топ туугандары Өзбекстандагы түрмөдөн бошотулуп, ага улай АКШдагы соттук териштирүүлөр токтотулган.

Кийинчерээк ошол эле жылы Венанын арбитраждык комиссиясы Roz Trading компаниясынын Zeromax компаниясына соттук доо арыздарын кароодон баш тартты.

2010-жылы Өзбекстан өкмөтү Zeromax компаниясын жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Компанияны банкрот болгонун жарыя кылууга мажбурлашты.

Ал арада 2012-жылы шведдердин документалдуу фильминде жашыруун материалдар жарыя кылынды. Анда Каримова Өзбекстан рыногуна кирүүгө куштар ири телекоммуникациялык компаниядан болжол менен 320 миллион АКШ долларын пара алганы айтылган. CCBUнун эки жогорку кызмат адамы Каримовага тийиштүү банк эсебинен Женевада акча алганы жаткан жеринен кармалды.

Кийинчерээк АКШ бийлиги башка бир компанияны – орусиялык МТСти Каримовага пара бергендиги үчүн айыптап чыкты. Жыйынтыгында мындай айыптоолорду жөнгө салуу үчүн компания америкалык бийликтегилерге 850 миллион доллар айып төлөдү.

2013-жылы Каримованын швециялык телекоммуникациялык компаниядан пара алды деген болжолдуу документтер жалпыга жарыя кылынгандан бир жылдан кийин өзбек бийликтери кылмышты иликтөөнү баштап, Coca-Cola компаниясындагы Muzimpex ишканасынын активдерин камакка алды.

Телекоммуникация ишканасы менен Coca-Cola компаниясынын активдерине каршы иш-аракеттер 2014-жылы жетер чегине жетти, Өзбекстан прокуратурасы Гүлнара Каримованы камакка алды, ага уурдоо, пара алуу жана “уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү” деген айыптар коюлду.

2017-жылы Өзбекстан бийлиги Каримовага кошумча айыптарды такты, анын эң оору мамлекеттик мүлктү уурдоо айыбы. Уурдалды делген мүлктөрдүн арасында 2004-жылы менчиктештирилген CCBUнун 57,1% акциясы да бар.

Бир нече убакыт үй камагында отурган Каримованы капыстан эле Ташкенттин жанындагы аялдар колониясына которушту, ал жерде ал ушул убакка чейин отурат.

Анын абалы кандай экени белгисиз, бул болсо Өзбекстандагы соттук, прокурордук иштердин ачык эместигин, бардыгы жашыруун экендигин көрсөтөт. Каримованын кызы апасынын ооруп жатканын айтып, жагдайдын кыйла эле оор экенин коомчулукка жеткирүү аракетин жасады.

Гүлнара Каримованын кызыкчылыгын коргоону Швейцария соту адвокатына тапшырган, анын миллиондогон долларлары банк эсебинде турат, аларды швейцариялык сот камакка алган, 2019-жылдын июнунан бери ошол адвокат Каримова жаткан түрмөгө кире албайт.

2016-жылы Швейцариянын федералдык полициясы Гүлнара Каримованын мыйзамсыз табылган акчаларын текшерүү маалында Zeromax компаниясынын ээси ким экени аныкталды: «Швейцариялык соттук документтерге караганда, Zeromax Каримова ээлик кылган компаниялар конгломератынын бир бөлүгү экени аныкталды», – деп айтылат полиция отчётунда.

Каримованын атасы Ислам Каримов 1991-жылы Өзбекстан эгемендик алгандан бери өлкөнү жалгыз башкарып келди, 2016-жылдын августунун аягында оор абалда ооруканага түшкөн. 2-сентябрда Каримовдун дүйнөдөн кайтканы жарыя кылынды.

Coca-Cola компаниясынын Атлантадагы штаб-квартирасынын жетекчилери «Озодликтин» электрондук почта менен жөнөтүлгөн суроолоруна жооп беришпеди. Алардын ордуна редакциянын суроосуна Ташкенттеги CCBU офиси жооп берди.

«Coca-Cola отуз жылдан бери өзбек кардарларынын чаңкоосун кандырып келатат», – дейт бизге жөнөткөн электрондук катында CCBUнун маалымат катчысы Нози Арипжанова.

«Бардык кызыкдар тараптардын этиканын бийик стандарттарын, кагазда да, иште да ачыктыкты жана мыйзам сактоону талап кылабыз. Өзбекстан өкмөтүнүн суусундук чыгаруучу атамекендик ишкананы менчиктештирүү чечимин колдойбуз, тажрыйбалуу өнөктөш өлкөдөгү жамааттар менен кардарларга, керектөөчүлөргө пайда гана алып келерине ишенебиз», – деп жазат Арипжанова.

«Биз ошондой эле өкмөт тарабынан жасалып жаткан менчиктештирүү жараянынын ачык, калыс, объективдүү өтүшүн камсыз кылууга багытталган кадамдарын жактырабыз. Өзбекстандагы мыйзамдар менен нормативдик актылардын сакталышын ырастаган кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын түзүлүшүн каалайбыз», – дейт ал.

Дагы караңыз Гүлнара Каримованын Швециядагы кесепети

Суусундук өндүрүш ишканаларын башкаруучу Лейн CCBUнун сатылышын, анын өткөн учурун Coca-Cola компаниясынын штаб-квартирасындагы расмий өкүлдөр дурус эле билет болуш керек дейт.

«Тарых таптаза тазаланып, кимдир-бирөөлөр өлкөнү тартипке салгысы келсе, анан тийиштүү келишимдерге кол коюлса, мыйзамдуу инвесторлор турса, Coke деле андайды угат болуш керек», – деп айтты Лейн «Озодлик» менен болгон маегинде.

«Реформалар тууралуу көп убадалар аткарылбай калууда»

2016-жылы декабрда Ислам Каримовдун ордун баскан Шавкат Мирзиёев Каримовдун тушунда пайда болгон жосундардан кутулуунун аракетине киришти, бир катар реформаларды баштады. Мамлекеттин кыйла түшүп кеткен кадыр-баркын көтөрүп, экономиканы жаңылоо үчүн чет элдик инвестицияларды тартуунун камына киришти.

«Өкмөт өлкөдө адам укугун сактоо жагдайын жакшыртуу боюнча бир катар конкреттүү кадамдарды жасады. Анткен менен Өзбекстандын саясий системасы бир кыйла авторитардык башкарууда калууда. Реформалар тууралуу көп убадалар аткарылбай калууда», – деп айтылат "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун 2021-жылга жасалган отчетунда.

2018-жылы өкмөт CCBUдагы өзүнүн үлүшүн сата турганын жарыя кылып, сатууну уюштурууга жардам берүүгө Европа өнүктүрүү жана жаңыртуу банкын тарткан. А бирок, аталган банктын өкүлүнүн айтуусунда, Өзбекстан өкмөтүнүн чечими менен банктын бул ишке катышуусу токтотулган. Европа өнүктүрүү жана жаңыртуу банкы рынок экономикасын Чыгыш Европа менен мурдагы СССР өлкөлөрүнө курууга көмөктөшчү уюм.

«Европа өнүктүрүү жана жаңыртуу банкы жарамдуу долбоорлорду кароого жана жардам берүүгө даяр, андай долбоорлор чет элдик инвестицияга жол ачат жана да биздин чен-өлчөмдөрүбүзгө туура келет», – дейт «Озодликтин» суроосуна жооп берген банктын маалымат катчысы Антон Усов.

2019-жылы Мирзиёев ондогон кыймылсыз мүлк объектилерин, мамлекеттик ишканалардын акцияларын аукциондон сатуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Өткөн жылдын июнунда CCBU биргелешкен ишканасындагы Өзбекстандын 57,1% үлүшү сатылары ачыкка чыгып калды.

Өкмөттүн билдирүүсүнө ынансак, ишкана өтө кирешелүү, 2020-жылы 160 миллион доллар киреше тапты, бул мурдагы жылга караганда 46% арбын.

2020-жылдын 16-декабрында Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги сатыкка катышчу потенциалдуу талапкерлердин каты 31-декабрга чейин кабыл алынарын ырастаган, кийинки жылдын 14-январына чейин биринчи этаптын катышуучуларын тандап аларын билдирген. Агенттик сатыктын эксклюзив кеңешчиси катары европалык ири Rothschild & Co. банкы катышарын кабарлаган.

Эки аптадан кийин Coca Cola İçecek (Coca-Cola компаниясынын түрк бөлүмү), сунуштама берерин ырастады, аталган компания Борбор жана Түштүк Азиянын көп өлкөлөрүндө операция жүргүзөт. Непадам бул компания утушка ээ болуп калса Coca-Cola компаниясынын негизги корпоративдик түзүмү толугу менен өзбек бөлүмүн колуна алат.

Алдагыдай келечек Өзбекстан ичиндеги айрым сатыкка кызыкдар катышуучуларды камтама кылып, жакында эле түзүлгөн Коррупцияга каршы туруу агенттигинин буга чейин болбогон адаттан тыш аракетине жол ачты, ишкана тендерди токтотууну талап кылды.

Анткен менен агенттик сестүү билдирүүсүн жарыя кылгандын эртеси каршы чыгуусун жайкап, аукцион “болушунча ачык өтөрүн” ырастады.

10-февралда жергиликтүү юрист Зафар Солижонов Өзбекстандын мамлекеттик активдерин башкаруу агенттиги карап чыккандан кийин финалга чыккандардын тизмесин жарыя кылды. Тизмеде Coca-Cola компаниясынын түрк түзүмүндөгү компания, ошондой эле даниялык ири Carlsberg сыра кайнатуучу компаниясы жүрөт.

Аларга кошулуп тендерге катышчулар тизмесинде «Өзбек-Оман Инвестициляк Компаниясы» (Uzbek-Oman Investment Company) да жүрөт. Буга чейин аты чыкпай келген фирманын негизги акционерлеринин ичинде президент Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров жүрөт.

30-мартта Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги тендердин биринчи этабы аягына чыкканын жарыялады, а бирок катышуучулардын аты-жөнү, саны канча экени эмдигиче айтыла элек.

Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигинин маалымаи катчысы Мумин Ибодов «Озодликтин» аукцион тууралуу айтып берүү жөнүндөгү суроосуна жооп кылып Өзбекстан өкмөтүнө кеңеш берчү чет элдик компанияларга, тактап айтканда, Rothschild банкына кайрылууга кеңеш берди. Банк редакциянын электрондук катын жоопсуз калтырды.

«Канча ирет Өзбекстан өкмөтү Coca Cola Bottlers Uzbekistan Ltd. компаниясынын акциясын менчиктештирди?”, - деп суроо коёт Максудинин үй-бүлөсүнүн “Озодликке” жиберилген катында.

Мындан тышкары анда "20 жылдан бери уланып келаткан коррупциялык жараян биздин CCBUдагы 55% акциябызды мыйзамсыз тартып алуудан башталган, андан бери Өзбекстан өкмөтү CCBU акцияларын “менчиктештирип” эле келатат».

«CCBUнун 55% акциясынын чыныгы ээлери бизбиз», – деп жазышат Максудинин үй-бүлөсү.

Автор: Майк Эккель

"Озодлик" сайтына жарыяланган макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Кристиан Ласслет макаланы даярдоодо издөө жагынан жардамдашты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гүлнара Каримова 350 млн. долларын коргоп калды