Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын үстүнөн жашыруун сот башталганын анын швейцариялык адвокаты Грегуар Манже 16-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына жарыялады.
Ошол эле күнү Каримованын кызы, Лондондон атайын апасынын сотуна катышуу үчүн келген Иман Каримованын өзбек бийлигине эскерткен билдирүүсү чыкты.
Дагы караңыз Каримова каткан акчасын кайтаратАл өзүнүн "Инстаграмдагы" баракчасында апасынын сотун "цирк" деп атап, "өлкөдө сөздөн башка эч кандай өзгөрүү же өнүгүү жок" деп жазды.
"Жакынкы күндөрү эл аралык соттор жана коррупцияны иликтеген белгилүү уюмдарга өзбек бийлигиндеги коррупция тууралуу документтердин бир бөлүгү жиберилет. Андагы маалыматтардан элди алаксытуу мүмкүн болбой калат", - деп жазды Иман Каримова.
Бирок ал колундагы документтерде "өзбек бийлигиндегилердин" кимиси коррупцияга тиешеси бардыгын ачык айткан эмес.
Швейцариялык адвокат Гүлнара Каримовага жолуга алган жок.
Адвокат Грегуар Манже "Твиттердеги" баракчасына 16-сентябрь күнү Гүлнара Каримованы Яшнабад райондук сотундагы угуудан соң белгисиз тарапка алып кетишкенин жазды. Ал эми Лондондон апасынан сотуна катышуу үчүн учуп келген Иман Каримованы сотко киргизбей коюшкан.
Адвокат Манже өзү да эки жума мурда сотко расмий өтүнүч келтиргени менен, жараянга катышууга уруксат берилбегенин маалымдаган.
Өткөн айда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын үстүнөн жаңы кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ага ылайык, Каримова мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге барган, башкалардын мүлкүн тартып алган, ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражатты уурдаган деп айыпталган.
Дагы караңыз Каримованын мүлкүнө күйөө баланын көзү түштүБирок анын кызы Иман апасына карата козголгон кылмыш ишин "саясий цирк" деп атады.
47 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери менен 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылган. Тергөөчүлөр Каримова Өзбекстанда ишкердик жүргүзгүсү келген чет элдик телекоммуникациялык компаниялардан жалпысынан 1 миллиард доллар пара алган деп эсептешет.
Быйыл мартта Каримова үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы аялдар абагына которулган.