Кыргыз милициясы качан арыктайт?

Кыргыз милициясында же укук коргоо кызматкерлеринин арасында азыр “курсактуулар” өтө эле көп.

Азыркы тапта Америка Кошмо Штаттарында белинин өлчөмү 102 сантиметрден ашкан адамдарды полиция кызматына кабыл албай калды. Ал эми Пентагон жылына ашыкча салмактагы аскерлерин багып, дарылаш үчүн 1 миллиард доллар каражат жумшоодо.

Америкада кызмат өтөө учурунда семирип кеткендер же курсагы чыккандарга жетекчилик жеке эле эскертүү бербей, жумуштан да айдап жатат. Ал эми Кытайда болсо полиция же аскер кызматкеринин салмагы 75 килограммдан ашпай, белинин өлчөмү 90 сантиметрден өтпөшү керек. Бул параметрге кирбегендер дароо кызматтан четтетилет. Жакында эле Кытай бийлиги ушул өлчөмдөр менен полициясын текшерип, 40 пайызы жараксыз деп табылды.

Курсагы салаңдаган милиция, офицер же жол инспекциясынын кызматкери кылмышкерди кууганда, атышууда, буктурмада ашыкча салмагы менен кантип ишин аткарат?

Кыргыз милициясы же укук коргоо кызматкерлеринин арасында азыр “курсактуулар” өтө эле көп. Бизде күч түзүмдөрүндөгү семирүүнү ким көзөмөлдөйт?

Пакистанда семиздикке каршы машыгып жаткан полиция кызматкерлери

Советтер Союзу учурунда милиция жана мамлекеттик жол көзөмөлдөө кызматында иштегендер милдеттүү түрдө жылына бир нече жолу атайын текшерүүдөн өтүп, медициналык кароого алынып, ашыкча салмактагылар атайын машыгууларды аткарууга жиберилчү дешет.

Ошондой эле жылына 4-5 ирет чуркоо, жөө жарыш, ок атышуу, күрөш сыяктуу спорттун түрлөрүнөн милиция жана МАИ кызматкерлери, аскерлер арасында мелдеш-турнирлер өтүп турган. 64 жаштагы милициянын полковниги, азыр ардактуу эс алууда жүргөн Бейшенбек Тыналиев бүгүнкү кыргыз милициясынын күжүрмөн даярдыгына ичи чыкпайт.

- Илгери Союз убагында саясий, ошондой эле дене тарбия машыгуулары болуп турчу эле. Азыр эми эч ким андайга көңүл бурбайт. Милиция, офицерлердин салмагын көзөмөлдөшпөйт. Жатып-туруу, тартынуу жана чуркоо деген нерселерден азыркылар аябай эле алыс. Ушулардын баарын ички иштер министри Мелис Турганбаев эмнеге уюштурбайт? Биздин учурда жыл сайын бир нече жолу медициналык кароодон өтүп, ашыкча салмактуу болсок, өз формабызга келиш үчүн спорттук ар кандай ийримдерге катышчубуз. Мен күрөш боюнча спорттун чеберимин. Азыр жашым алтымыш төрттө. Дагы деле таң атпай туруп, жөө басып, саламаттыгыма жакшы карайм. Ал эми азыркы милиция менен МАИ кызматкерлери акчаны гана ойлоп жатпайбы.

Дүйнө полициясы да семирүүдө

Семирип кеткен күч кызматкерлерин дарылоо же семирип кетүүнү алдын алуу өтө кымбатка турарын Батыш бийлиги моюнга алып, ар кандай чектөөлөрдү киргизүүдө. Маселен, Британияда ар бир 100 полиция кызматкеринин 53ү семиз деп табылган. Ушундан улам британ бийлиги эгерде полиция кызматкери тез арада арыктап, өз формасына келбесе, айлыктарын азайтуу жана кызматтан четтетүү чечимин кабыл алган. Ал эми Америкада семирип кеткен ар бир аскер кызматкери же полицияга кам көрүү үчүн жылына 50 миң доллардан сарпталат. Ушундан улам бийлик семирип кетүүгө каршы атайын улуттук кампания баштаган.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов болсо жакында аткаминерлер арасындагы жана күч түзүмдөрүндөгү курсагы салаңдаган, ашыкча салмактууларды тез арада арыктоого чакырды. Эгерде бул буйрук ишке ашпаса, алар автоматтык түрдө ишинен четтетилмей болду.

Кыргыз жоокерлери

Ал эми Кыргызстанда күч органдары ашыкча салмактан кандай зыян тартып жатканы белгисиз. Маселен, семирүүнү анын алдын алуу үчүн кыргыз армиясында жылына бир ирет жапырт текшерүү жүрөт. Аскерлердин арасында ашыкча салмактуулар дээрлик жок болгону менен офицерлер жана жетекчилердин ичинде андайлар бар. "Бирок аларды апта сайын бир жолу дене-тарбия көнүгүүлөрүн жасатып машыктырып турабыз", - дейт Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн дарылоо жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, аскер дарыгери, полковник Талантбек Нурсейитов:

- Акыркы изилдөөлөр боюнча, бизде армиядагы жоокерлердин ичинен ашыкча салмактуулар дээрлик аз. Бирок жетекчилер арасында андайлар бар. Аларга апта сайын ар кандай көнүгүүлөрдү жасатып, машыктырып, саламаттыгын улам текшерип турабыз. Жылына бир ирет - төртүнчү кварталда жалпы медициналык кароодон өтүшөт. Бардыгынын жүрөгү, кан басымы текшерилет. Стандарт боюнча кыргыз аскеринин бою 1 метр 70 сантиметрден кыска, 70 килограммдан жеңил болбошу керек. Салмагы ашыкча болгондор ар кандай согуштук иштерди аткарууда, кызмат өтөөдө, албетте кыйналышат да. Жалпы ишмердүүлүгү да төмөн болот.

Аскер жана тартип сакчыларынын арасындагы ашыкча салмакты азайтуу багытында дээрлик бардык өлкөлөр атайын иш-чараларды жүргүзүүдө. Коңшу Өзбекстандын Наманган облусунда 87 МАИ кызматкери ашыкча салмактан улам мамлекеттик аттестациядан өтпөй калган.

Кыргызстанда да бул көйгөй болгону менен азырынча тартип сакчылары менен МАИ кызматкерлери арасында курсактууларды азайтуу иши карала элек.