СССР ыдырап, Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери орусча жазылган фамилияларды кыргызчалатып, "- ов", "-ова" дегендин ордуна уулу, кызы же тегин деп катталгандар көбөйгөн.
Жакында Конституциялык сот матчество же энесинин атын алуунун жол-жобосун чечмелегенден кийин отчество же атасынын атын фамилиясына кошуу кыргыздарга канчалык керек деген маселе кайрадан козголуп, катуу талкууланууда. Кошуна өлкөлөрдө да орусча жазылган фамилиялардан баш тартуу жараяны уланууда.
"Атымды кыргызчалатсам деп көпкө эңсеп жүрдүм"
Эки айдай мурун журналист Азамат Тынаев расмий документтердеги ысымын кыргызчалаштырып, Азамат Жанузак уулу Тынай тегин болуп катталганын жазган. Анын айтымында, мындай ой бир топ жыл мурун эле пайда болгон, бирок ар кандай бюрократиялык тоскоолдуктардан чочулап, чыгынбай жүргөн экен.
"Тынаев Азамат Жанузакович деген советтик доордон бери келаткан орусча формула. Мисалы 1991-жылы төрөлгөн улуу кызымдын атын Малика Азамат кызы деп койгом. Ошондо жакшы, наристенин атын кыргызча койдум, өзүм болсо жүрө беремби деп катуу ойлонуп калгам. Өзгөртүш керек эле деп эңсеп жүргөм. Тааныш, досторумдун баары эле толгон-токой түйшүктү эмне кыласың, тонналаган кагаз чогултасың деп айтып калышты. Эсиңизде болсо ал жылдары жадагалса паспортуңду жаңылоо үчүн кезек күтүп, улам бир бланкты толтуруп отурчубуз. Иш жүзүндө бул иш оңойдон оңой болуп чыкты. Инфоком, калкты тейлөө борборлору ачылып, санарип форматка өтүп, жылыштар бар экен".
Кесиптешибиз жараянды баштоо алдында интернеттеги маалымат, макалалар менен жакшылап таанышып чыкканын, баш-аягы Инфокомго эки-үч жолу барганын, бир айга жетпеген убакытта атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк колуна тийгенин айтты.
Ушул жерден эске сала кетчү жагдай, ысымды каалагандай кылып каттоого да болбойт.
"Негизи мыйзамга ылайык кыргыздардын ысымдарынын үч эле формасы бар экен. Мен биринчи вариантты тандаганда Азамат Жанузак уулу болмокмун. Эгерде уулу деген кошумчасы жок болсо, анда мен атамдын же чоң атамдын атын фамилия катары алсам болмок. Ошондо мен Азамат Жанузак же Тынай тегин болуп калмакмын. Мен үчүн чоң атамдын да, өз атамдын да элеси өтө кымбат. Экөөнүн тең аттарын сактап калам деген чечим кабыл алгам".
Дагы караңыз Фамилиянын аягын "тегинге" алмаштыруу сунушталдыАзамат Тынай тегин өзүнүн тажрыйбасынан кийин макала жазып, талкуу өткөрүп, алдыда Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуш киргизүүнү көздөп жатат.
Себеби, кыргыздардын ысымдарын каттоодо мындан башка да маселелер чыгат экен. Ал мисалы "Джапаров" деген фамилия болсо кыргызча Д тамгасы жок жазып, алмаштыруу оңой эместигин белгилейт.
Дагы бир журналист Миржан Балыбаев кыргыздарга "отчествонун" кереги жок, анын ордуна "уулу", "кызы" же "тегин" деген альтернативаларды колдонсо болот деген ойду карманат.
"Мен билгенден 1945-50-жылдарга чейин кыргыздарга отчество ыйгарылчу эмес. Илгери Дооронбек Садырбаев менен баарлашып калганда, отчествосу жок экенин билгем. Өтө сейрек, балким чоң кызматтагы адамдарга болбосо эле, элдин бардыгына жапырт берилчү эмес.
1990-жылдары кыргыздар "уулу" дегенге массалык түрдө өтүп, кийин, 2000-жылдары андан кайта башташты. Анткени, Орусияда катталганда, документ алганда, иш кагаздарында маселе жаралат, терс мамиле кылат экен деп айтып жүрүштү. Бирок Азербайжанда баягы совет мезгилинде эле -оглы, -заде дегендер бар болчу, эч кандай маселе чыкчу эмес. Казактардын мисалын өзгөчө белгилеп кетким келет. Алар – уулу дегенди бөлбөй чогуу жазышат. Ошондо эч ким чаташпай, маселе жаралбайт экен. Себеби чет мамлекеттерде «уулу мырза» деп кайрылган учурлар болгон экен, аны өзүнчө ысым деп ойлошот.
Же атасынын аты Акмат болсо, жөн эле Асан Акмат деп каттаса болот дейли. Биринчи өзүнүн ысымы, анан атасыныкы, балким андан ары чоң атасыныкын "тегин" деп улап жазылат деген ыраатын бекитүү керек. Негизи отчество орустарда крепостнойлук, феодалдык доордон калган рудимент. Аттуу-баштуу ак сөөктөргө берилчү, өзүнчө бир даража, сыймык болчу экен, каратамандарга ыйгарылчу эмес. Ошону да эске алышыбыз керек".
Саясат талдоочу Марс Сариев дагы отчествонун кыргыздарга кереги жок, советтик доордун калдыгы көп нерсени татаалдаштырып жиберет деген ойго кошулат.
"Кыргыздарга отчествосу жок эле ыңгайлуу болмок. Мисалы Сариев Марс уулу десек, угумдуураак болмок, прагматикалык жактан жакшыраак. Менимче, биз бара-бара фамилиялардын аягына орусча мүчө улоодон арылабыз, бул табигый көрүнүш".
Ошол эле маалда фамилияны мурдагыдай эле калтырууну жактагандар аз эмес.
Активист Атай Самыйбектин көз карашында, ар бир адам биринчи кезекте өзү тандап чечим кабыл алууга тийиш:
"Тегин, кызы же уулу болобу, ар бир кишинин өз маселеси. Тигиндей же мындай болуш керек деп кесе айта албайм, так позициям жок. Менимче, "-ов", "-ова", "-ева" деген деле каалайбызбы же каалабайбызбы биздин тарых болуп калган".
Казакстанда балдарга казакча фамилия берилет
Орусча жазылган фамилияларды казак тилине ыңгайлаштырып өзгөртүү тенденциясы Казакстанда да 1990-жылдары башталган. Президенттин буйругуна ылайык, казак улутундагылар кааласа, фамилиясынын жана отчествосунун жазылышын өзгөртө алат. Отчествосу жазылганда атасынын атына, жынысына жараша "улы" же "кызы" деген кошумчаларды пайдаланышат.
Казакстандык саясат талдоочу Нуркен Айтымбеттин айтымында, азыркы кезде мектепке барып аткан жеткинчектердин, жаңыдан төрөлүп жаткан наристелердин фамилияларында "-ов", "-ова", "-ев", "-ева" дегендер өтө сейрек.
"Бирок бизде мындай маселе бар. Көп жагдайда өз аты менен атасынын атын чаташтырып калышат. Мисалы, Охан Самет деген бир жигитти тааныйм. Аты кайсы экенин билбей жүрдүк. Кээде Охан, кээде Самет деп айтчубуз. Себеби "– ов", "- овалар" аты менен фамилиясын айырмалап, аныктап турат. Ошондуктан соңку кездери теги, уулу же кызы дегенди көбүрөөк пайдаланып калышты. Бирок бизде фамилиясын казакчалатууга эч ким милдеттүү эмес. Ар бир үй-бүлө балдарын кандай кылып каттоону өзү чечет. Советтик мезгилде туулгандардын көбүндө орусча мүчө бар болчу да. Кийин чоң-чоң кишилер эле казакча кылып өзгөртүштү.
Ал эми отчествого же патронимге келгенде, өзгөчө расмий мекемелерде баягы эле советтик түшүнүк сакталууда. Жетекчилерге, аткаминерлерге Кемелович, Искакович деп эле кайрылышат, уулу деп эч ким айтпайт. Анткени, бизде башкаруу ыкмасы советтик бойдон калган, бул чөйрөдө казакташтыруу болгон жок. Мамлекеттик деңгээлдеги жыйындар, жолугушуулар орус тилинде өтөт. Ошон үчүн мамлекеттик деңгэлде орусча фамилия, отчестволордон арылуу керек деген демилге көтөрүлбөйт. Катардагы жарандар бул маселени козгоп келишет".
Айтмакчы, Кыргызстанда да жетекчилерге орусча отчествосун кошуп кайрылуу адаты кеңири жайылган.
Нуркен Айтымбет орусча фамилиялар менен отчествону колдонуу шаар-кыштактардын, жер-суулардын аталыштары сыңары эле орус тилинин коомдогу үстөмдүгүн чагылдырат деген пикирин кошумчалады.
Миржан Балыбаев ысымдардын орусча жазылышын колониалдык доордун калдыгы, элементи деп атап, алардан баш тартууну сөзсүз эле "русофобия" деп атоо туура эмес деген пикири менен бөлүштү:
"Бул жерде русофобия эмес, өзүбүздүн нукка кайтып келүү тууралуу кеп болууда. Башка бирөөнү туурабай, жарашса да, жарашпаса да башка калктын үрп-адаттарын ыйгарбай, "карганы туураймын деп каздын буту сыныптыр" дегендей болбой эле, өзүбүзгө таандык нерселерди алып жүрсөк. Ойлонуп көрсөк, кыргызча ысымга "-ович", "-евна" дегенди жабыштырып коюу чындап караганда абдан жарашпайт, өөн келет".
Тажикстанда ысымдарда орусча суффикстерге тыюу салынган
Тажикстанда орус тилине ыңгайлаштырып жазылган фамилияларды өзгөртүү мисалдарын алыстан издебей эле, президент Эмомали Рахмонду атасак болот. 2007-жылга чейин кошуна өлкөнүн жетекчиси Эмомали Шарипович Рахмонов деп аталчу. Президент ошондо мекендештерин өз тамырларына кайтууга, андан үлгү алууга чакырган.
2016-жылы кабыл алынган чечимде айтылгандай, жаңы документ алып жаткандардын фамилиясы жана отчествосу тажик тилинин грамматикасына ылайык жазылууга тийиш.
Мисалы, "--зод", "-зода", "-й", "-ён", "-пур" деп жазылат. Рахмон кол койгон бул жобо тажик улутундагыларга гана тиешелүү.
Дагы караңыз Тажикстан орусча фамилиядан баш тарттыҮч жыл мурда кошуна өлкөнүн парламенти жарандар катталганда улуттук ысымдар реестриндеги аттарды колдонууга тийиш деп, орусча суффикстерди пайдаланууга тыюу салган мыйзамды жактырган. "Озоди" радиосунун жазганына караганда, норманын мурда - ов, - ова деп жазылып калгандарга тиешеси жок.