"Мекендештер" форуму: кыймылдагы Кыргызстан

Роза Отунбаева.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын төртүнчү ирет өтө турган “Мекендештер” форумун утурлап жазган ой толгоосу.

8-августта жалпы улуттук төртүнчү «Мекендештер» форуму өтмөкчү. Бул иш-чара 2012-жылдан баштап эки жыл сайын үзгүлтүксүз өтүп келе жатат. Үчүнчү форумду 2016-жылы Ош шаарында өткөрдүк, ага 24 өлкөдөгү кыргыз диаспораларынан 27 уюмга бириккен 500дөн ашуун өкүлдөр катышкан. Биз ошондо Ош облусунун Кара-Суу районундагы ташты кайрадан иштетүүчү “Кыргыз травертин” заводунда болгон элек.

Завод 1,7 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестицияга мекендешибиз Каныбек Акаевдин аракети менен 2015-жылы курулуп, ишке киргизилген. Бул жерде 70 жергиликтүү тургун иштейт, аталган завод чыгарган бети жылмакай каптама таштар өлкө ичине гана сатылбастан, Орусияга жана Казакстанга да экспорттолот. Ушундай эле өндүрүштү Каныбек Акаев Чүй облусунда да негиздеген.

50 миндей биздин жарандарыбыз жашап, эмгектенген Новосибирск шаарындагы кыргыз диаспорасын жетектеген Каныбек Акаев 2016-жылдын башында византивдик торфту казып алып иштеткен “Сиблеспром” деген компанияны да ачкан. Биздин форумдун иши жөнүндөгү дагы бир жылуу пикирди жараткан иш - Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тоң районунун Шатылы деп аталган кооз ашуусуна Алматыда жашап, иштеп жаткан мекендешибиз Уланбек Чойтоңбаев тарабынан ушул жайда мигранттардын балдары үчүн этнолагердин ачылышы болду.

Мурдагы форумдардагыдай эле Ошто да бак-таалайын издеп, бүткүл дүйнөнү кыдырып жүрүшкөн биздин мигранттардын жашоо-турмушу, иштери жана башка ар кандай чечүүнү талап кылган жагдайлар туурасында баарыбызды кызыктырган чоң сөз болгон.

Чет элдеги кыргыз жаштары.

“Мекендештер” форуму - биздин фонд түзгөн, өкмөт менен бирге Эл аралык миграция уюмунун каржылык колдоосу менен швейцариялык жардам агенттигинин грантынын негизинде эки жылда бир жолу өткөрүлүүчү туруктуу аянтча. Бул жерде биздин мекендештерибиз чогулушат, таанышат, өлкөнүн өнүгүшүнүн бир топ маселелери боюнча Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өздөрүнүн суроо-талаптарына жооп ала алышат.

Тагдырдын буйругу менен чакырылбаган коноктой, чоочун өлкөгө барып, көп учурда эң эле оор жагдайларга кабылгандардын жазмышын кантип жеңилдетиш керек? Биздин мигранттардын басымдуу бөлүгү барып жаткан Орусиянын облустарындагы жана крайларындагы жердештик бирикмелердин тажрыйбасы кандай? Мигранттардын жамааттары, бирикмелери, ал тургай айрым жеке адамдар өз өлкөсүнө, кичи мекенине, өз мектебине эмне кылып бере алышат? Биздин фонд чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин турмуш тажрыйбасы жөнүндө эки китеп чыгарды. Аларда акыркы он жыл ичинде республикабыздын бардык булуң-бурчтарында мекендештерибиз аткарган конкреттүү иштери баяндалган. Мектептер, ФАПтар, спорттук аянтчалар жана залдар оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлгөн, көпүрөлөр жана бала бакчалар курулган, жардамга муктаждарга, өз айылындагы, шаарындагы таланттуу балдарга жардам чогултулуп берилген. Айтор, баарын санай албайсың!

Фонд биз үчүн миграцияны башкаруу боюнча үлгү болуп эсептелген Молдовага бардык кызыккан кызматтарда иштегендердин сапарын уюштурду; эксперттердин күчү менен диаспораларды дүйнө жүзү боюнча картографиялоо жүргүзүлдү; кыргыз диаспораларын өз ара байланыштырыш үчүн интерактивдик интернет–аянтча түзүлдү; илим, техника жана педагогика жаатындагы биздин мыкты кесипкөй мекендештерибиз келген учурларда университеттерде алардын конок лекциялары уюштурулууда.

Мен диаспоралар жана алардын иштери туурасында эчак эле уккан элем, бирок бир жолу 2007-жылдын январында Индияга барып калып, сыналгыдан жыл сайын дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан чогулуп келип Нью-Делиде өтүп жаткан диаспоранын конгрессин көрүп калдым. Ар кандай маалыматтар боюнча индиялык диаспоранын мүчөлөрдүн саны 25 миллионго жетет. 1 миллиард 300 миллиондон ашуун киши жашаган Индия үчүн бул анча деле чоң цифра эмес. Бирок индиялыктар диаспора өлкөнү өнүктүрүүнүн катализатору экенине бекем ишенишет (аларда диаспоралар боюнча иштеген салмактуу министрлик бар). Алар Кытайдагы хуацяо сыяктуу эле өлкөнүн кубаттуу өнүгүшүнө жана дүйнөлүк рынокко киришине жардам берет деп эсептешет.

Чикагодогу кыргыз диаспорасы

Анткени диаспоралар – бул дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына өлкөдөн салынган көпүрө. Индиялыктар дүйнөнүн бардык континенттеринде жашашат, алар жашаган өлкөлөрдө терең тамыр жайышкан, саясий, экономикалык, социалдык–маданий турмушта таң калтырган бийиктикке жетишкен, мамлекеттердин эчак эле толук укуктуу жарандарына айланышкан. Дүйнөдө Индиядан чыккан премьер-министрлер, мэрлер жана губернаторлор, саясий партиялардын башчылары бар. Британдык Вестминстердин лорддору жана башка парламенттердин депутаттары, конгрессмендери, эл аралык ири бизнестин президенттеринен жана топ-лидерлеринен, банктардан тартып, Калифорниядагы Силикон өрөөнүнүн жетектөөчү курамы жана кыймылдаткычы болгон орто жана кичи ишканалардын миллиондогон ээлерине чейин саны арбын. Демек, диаспоралар өлкөнү каржылык салым менен инвестициялар аркылуу, жаңы технологияларды алып келүү, социалдык инновацияларды, кесиптик тажрыйбаны берүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө, башка өлкөдө жашап, тарыхый мекенине келбей туруп, өнүгүү маселелерине эл аралык жардам көрсөтүүгө түртө алат экен да?

Диаспоралар кандай иштешет?

Алар адегенде өздөрү уюшат, ишенимге жана өз ара жардамдашууга негизделген коомчулуктарды түзүшөт, өздөрү отурукташып калган жердеги жарандык, коомдук, маданий, саясий жашоого интеграциялашат. Адегенде эле өз турмуш деңгээлин жакшыртууга, башкалардан артта калбаганга жана өзгөчөлөнбөөгө умтулушат. Келген өлкөсүнө толук интеграцияланыш үчүн айрыкча балдарына билим берүүгө тырышат. Өздөрүнүн ЖМКсын уюштурат, саясий партияларга, коомдук уюмдарга кире башташат. Диаспоранын ичинде диний бирикмелердин, улуттук кадыр-баркы бар адамдардын, ошондой эле мигранттардан чыккан улуттук лидерлердин ролу чоң. Узак жылдар бою Түштүк Африкада жашаган Махатма Гандини ушундай лидерлердин мисалы катары караса болот.

Диаспорага кимдер кирет?

Кыргызстанга карата айтсак, чыгып кетип жаткандар - бул мамлекеттин чектеринен тышкары убактылуу же туруктуу жашаган жарандар. Кайсы топко кирбесин, бул биздин тургундар жана алардын бирикмелери. Биздин диаспора али кыйла жаш, курамы чабал, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чачырап кеткен мигранттардын башын бириктирип, аларга жардам бериш үчүн жасай албай турган иштерди жасаган мекенчилдердин жигердүүлүгүнөн улам гана кармалып турат. Постсоветтик миграция республиканын дээрлик жарым калкына же жеке өзүнүн тажрыйбасы же үй-бүлөдөгү тажрыйба аркылуу таасирин тийгизди. Бирок буга чейин өлкөдөн кетип жаткан адамдардын агымы экономика жана өлкө келечеги үчүн бүгүнкүдөй сезилерлик чекке жеткен эмес.

Кыргыздар мурда деле дүйнөлүк миграциялык магистралдардан четте калган эмес. Акыркы кылымдар ичинде Евразиядагы миграциялык кыймылдар биздин жерлерди да кыйгап өткөн жок. Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында, 1916-жылы кыргыздар Үркүндө чабылган, столыпиндик жер реформасынан кийин эле бизге Орусиядан дыйкандардын көчүрүлгөн агымы каптап кирген. Андан кийин XIX кылымдын аягында Таласка немистер көчүрүлгөн. XX кылымдагы Орусиядагы жарандык согуштан кийин Украинадан жана кара топурактуу орус жерлеринен кулакка тартылгандар көчүрүлүп келген. Ошол эле маалда басмачылардын куугунтугуна кабылган жергиликтүү калктын арбын бөлүгү тоолор аркылуу Кытайга жана Пакистанга кетип калган. Айрыкча Экинчи дүйнөлүк согуш башталарда жана ал жүрүп жаткан учурда советтик Кыргызстандагы жаңы индустриалдык объектилерди жумушчулар менен толуктоо күчөгөн. Ошол эле убакта Кавказдагы депортациядан улам бизге массалык түрдө чечендер, ингуштар, кабардин жана балкарлар, түрк-месхеттер келишкен; XX кылымдын 60-жылдарында биздин көз алдыбызда Кытайдан көчүрүлгөндөрдүн агымы бүткүл өлкө боюнча агылып өттү. Өткөн кылымдын 80-жылдарында болсо биз немистердин массалык түрдө Германияга, еврейлердин, орустардын жана украиндердин тарыхый мекенине кетишине күбө болдук. 1995-жылы БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин ошондогу Жогорку комиссары Садако Огата менен катарлаш мен төрагалык кылган, БУУнун Женевада өткөн эл аралык конференциясы алиге эсимде. Ошондо мигранттардын, убактылуу көчкөндөрдүн жана качкындардын саны мурдагы СССРдын аймагында 27 миллион адамдан ашып кеткени айтылган эле!

Биз миграцияны кантип башкарып жатабыз?

Болжолдуу эсеп менен айтканда, акыркы эки он жылда Кыргызстандан чыгып кеткендердин саны дүйнө боюнча бир миллион адамдан ашып кетти. Расмий статистика аларды "туруктуу жашай турган жерине кеткендер", "узак жана кыска мөөнөттүү планы бар мигранттар", "флюиддик (сезондук) жогорку чегине жеткен миграция" деп ар кандайча тизмектейт. Эгемендик алган жылдар ичинде болжолдуу эсеп менен айтканда, 800 миңге жакын кыргызстандыктар башка өлкөлөрдүн жарандары болуп калышты. Дагы жакшы, табигый демографиялык азаюу менен оң миграция сальдосу жүрүп жаткан Орусиядан айырмаланып, биздин республикада калк табигый түрдө туруктуу өсүүдө жана миграциянын терс сальдосу сакталууда.

Өлкөдөн узак жылдар бою бир жактуу тышка чыгып кетип жаткан адам ресурстарын, бардык өлкөлөрдөгү биздин мигранттардын санын эске алсак, кайда караба, улам бир нерсе анык болууда: миграциялык кырдаал өлкөнүн экономикалык абалын күзгүдөй көрсөтүп турат. Көңүл жубатканы - мындай мезгилди өз тарыхында көптөгөн өлкөлөр, ал тургай, учурда дүйнөнүн эң өнүккөн он алдыңкы мамлекетинин катарына киргендер деле баштан өткөргөн. Брюсселде болуп калсаңыз, Падышалык искусство музейине барыңыз. Эң ылдыйкы кабаттагы Э.Лаэрманстын 1896-жылы тартылган “Эмигранттар” сүрөтүн кунт коюп карап көрүңүз. Топураган калкка жыкжыйма толгон кемени көздөй океандын ары жагына акча табыш үчүн кетип бараткан адамдар өз үйлөрүнүн караанынан көздөрүн ала албайт.

Андан бери дээрлик бир кылым өттү: Бишкектеги темир жол бекетин же Оштогу аэропортту так ушул сүрөткө окшоштургуң келет. Швециянын Социал-демократтык жумушчу партиясынын төрагасынын саясий кеңешчиси Ханс Енсендин миграция жана демография боюнча 1932-жылы Риксдаг комитетинде: “Өлкөдөн окумуштуулар, инженерлер, дарыгерлер жана башка акыл эмгегинин өкүлдөрү, элдин каймактары – интеллигенция кеткенде, ал өлкөдө “ишкерлер” жетекчи, тексиздер менен көчөдөн келген шылуундар саясатчы, базардагы кызыл кулактар, спортчулар жана артистер депутат болуп чыга келишет” деп айткандары мени абдан таң калтырды. Атаганат десеңчи, бул кандай гана бизге тааныш көрүнүш!

Биздин эгемен өлкө болгон чейрек кылымдык жашообузда биз өлкөнүн эң маанилүү ресурсу болгон миграцияны араңдан зорго башкарып келдик. Бул процесстерди уюштуруп-башкарууну бүгүн деле анчалык жакшы деп айтууга болбойт, ал жакшылап жөндөөнү, мамлекеттик мамилени, түп-тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат.

Якутиядагы кыргыздар ачкан кафе.

Биз бүгүн өзүбүз кыйналып-кысталып тапкан тажрыйбабыз аркылуу миграциянын өнүгүүдөгү маанисин жана ролун түшүнө баштадык. Өлкөдөн калктын эмгекке жарамдуу чоң бөлүгүнүн кетиши менен алардын кимдир бирөө өзүнүн билими, кесипкөйлүгү же жөн эле кара күч эмгеги менен чоочун өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө. Ошол эле учурда өзүбүз өлкөбүздөгү жакырчылыкты жоюуда кыйынчылыктарга кабылып жатабыз. Мигранттардан келип жаткан акчалай жардам, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн билим алуу, саламаттык сактоо сыяктуу социалдык муктаждыктарын колдоого алуу жылдан жылга байкаларлык өсүп, мындан улам керектөө да күч алды, бул экономикалык өсүшкө кол кабыш болуп жатат. Бирок өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн диаспоранын, миграциянын жана өнүгүүнүн өз ара байланыштарынын маанисин бийлик, окумуштуулар, коомчулук айкын түшүнө элек жана аны программаларга, жол карталарына жана стратегияларга киргизе элек.

Улуттук 2030 стратегиясында бул маанилүү түйүн болгону бир гана сап менен камтылып кеткен! Эми бул негизги тезис Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2040-стратегиясында кандай чагылдырыларын жакында көрөбүз. Эгерде мигранттардын акча которушу акыркы жылдары Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) үчтөн бирин түзсө, 2017-жылда болсо 37% түзгөн жана биз мигранттар туурасында сөз кылганыбызда кеп калктын эмгекке жарамдуу, тукум улай турган курактагы, билимдүү, аракетчил электораттын массасы туурасында болуп жатат. Алар экономикалык жактан жигердүү калктын дээрлик жарымын түзөт. Анда эмне үчүн бул участокту башкаруу өкмөттүн бир бучкагындагы кенедей болгон, жетекчилиги да жыл сайын алмашып турган агенттиктин колуна берилген? Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын оюнда ортозаар депутат же болбосо квалификациясы төмөн, бирок миграция агымы жогору райондун жетекчилеринин бири, партиянын тарапташы болгон адам бул кызматты барып эле башкарып кете алат имиш.

Стамбулдагы кыргыз консулдугунун кеңсеси. Түркия. 2014-жыл

Ошондуктан өкмөттө үч жылдан бери миграцияны жөнгө салган эң маанилүү документтер: Миграция боюнча улуттук стратегияны, Миграциялык кодексти илгерилетүү жана бекитүү ишке ашпай жатат. Миграция кызматында жакынкы эки жылга иш пландары жок; 2018-жыл ортолоп калды, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча 2017- 2018- жылдарга карата Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир тобунун талабы менен иштелип чыгылган программа жана иш-чаралардын планы эмгиче макулдашуу үчүн министрликтерди кыдырып “сейилдеп” жүрөт. Миграциялык кызмат менен Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жумушчу күчүн иш менен камсыздоонун жылдык пландарын биргелешип макулдашпайт да, бекитишпейт. Жумушчу кесиптери жөнүндө даярдалып жаткан мыйзам да жок. Чет өлкөлөргө айрыкча кесиби жок, тийиштүү даярдыгы жок жаш жана улуу курактагы жумушчулар кетип жатышат. Алар өз укуктарын коргой албагандыктан, кул сатуучулардын кайырмагына бат эле илинип калууда. Басма сөздө, ар бир таанымал интернет–басылмада миграция маселелери бат-баттан көтөрүлүп турганына карабай, өкмөттө миграциялык процесстерди натыйжалуу башкаруу туурасында эч кандай иштелмелер жана идеялар, коомдук талкуулар жок. Иштин баары кыжырды кайнаткан учурдагы фактыларга жана чукул кырдаалдарга гана карап жүрүп жатат. Бир жактуу кетип жаткан агымды кантип токтотуш керек? Адамдардын экинчи муунуна өткөн бул мүшкүлдү кантип болтурбай коюш керек? Ал боюнча алдын алуучу, узак мөөнөттүү мамиле деген жок.

Ал ортодо биз алиге дейре тышкы миграцияны гана кеп кылып, айыл тургундарынын ири шаарлардын тегерегине массалык көбөйүп жатканын эске алсак, "Биздин ички миграцияга карата стратегиябыз кандай?" деген мааниси андан кем эмес суроо жаралат. Калктын турак жайга карата өсүп жаткан муктаждыгын баалоо боюнча системалуу иш качан жөнгө салынат? Айылдардын жана кичи шаарлардын генпландарын кайрадан карап чыгуу, зарыл болгон трансформация жана жерлерди адилеттүү бөлүштүрүү качан жүргүзүлөт? Буга муктаждык абдан жогору, ар бир калк жашаган пунктта жер участогун күтүп жаткандардын кезеги бар. Жаштарга өз убагында турак жай салыш үчүн жер берип койсок, алар миграцияга кетсе да ал жакта көп жүрүп албай, "үйүмдү курат элем" деп кайтып келишмек.

Миграция маселелерине илимий күчтөр тартылбай жатат. Кандайдыр изилдөөлөр менен божомолдор жүргүзүлүп жатканы менен булар убактылуу, донорлордун каражаттарына ишке ашырылып жаткан утурумдук гана долбоорлор. Миграция бүгүн биздин кейиштүү тагдырыбызга айланып, анын эсебинен калктын басымдуу бөлүгүнүн жыргалчылыгы камсыздалып аткан заманбап экономиканын фактысы болуп калган болсо, анда эмне үчүн миграция биздеги жайнаган университеттердин экономика кафедраларынын, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, Илимдер академиясынын экономика институтунун, Экономика университети сыяктуу изилдөө мекемелеринин алдыңкы кафедраларынын изилдөөлөрүнүн фокусу болуп саналбайт? Бул жерде Илим жана билим министрлигинин координациялоочу жана багыттоочу милдети кайда? Биздин өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдү бюджеттик колдоо мындай эң эле керектүү багыттарга көрсөтүлбөгөндө, кайда көрсөтүлөт? Өлкөбүздөн кеткен миграция агымы качан аяктайт, эмгек ресурстарын кантип натыйжалуу башкарыш керек? Биздин өлкө түбөлүк жаш турабы, калктын картаюусунун чеги кайсы? Кыргыз Республикасынын демографиялык мүшкүлдөрү менен олуттуу алектенип, болжол салган деги бирөөлөр барбы? Бул чакырыктарга жооп бериш үчүн олуттуу, так иштелмелер керек жана мамлекеттин көзөмөлү астында орундуу сунуштарды жана бул артыкчылыктуу багыттар боюнча чараларды сөзсүз ишке ашыруу зарылчылыгы күмөн туудурбайт.

Өлкөнүн, анын экономикасынын өнүгүшү үчүн эмгек ресурстарынын маанилүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн эске алсак, азырынча миграциянын артыкчылыгы азая электе аны кесипкөй башкарууга жарай турган, миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу боюнча өз алдынча министрликти өткөөл мезгилге карата түзүүнү дагы бир жолу ойлонуп көрүш керектир? Элди, анын эң баалуу өзөгү болгон улуттун, адам потенциалын сактап калуу маселеси турганда өлкөнү жөн эле демейдеги шарттарда башкара берүүгө болбойт. Бюджети жарды, шарттары биздикине окшогон өлкөлөрдө негизги багытты бөлүп карашат. Ал тургай Билим берүү жана Маданият министрликтерин бириктирип, салмактуу миграциялык мекеме түзгөнгө чейин барышат. Бул маселелер менен олуттуу алектенген бардык постсоветтик өлкөлөрдө – Грузияда, Арменияда, Молдовада, Азербайжанда өз алдынча миграция жана эмгек министрликтери жана диаспора менен иштеген өз алдынча министрлик же бюро бар. Түштүк Кавказ өлкөлөрүндөгү миграция, диаспораны башкаруу боюнча мамлекеттик саясат өлкө президентинин жетекчилигиндеги мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат. Арменияда президент баш болгон Улуттук кеңеш иштейт. Мында элдин биримдиги, дүйнөгө чачылып кеткен жарандарды бириктирүү, жаңы мамлекет куруудагы алардын улуттук өздүгүн сактап калуу деген түшүнүк менен карашат.

Миграцияны мамлекеттик башкаруу

Бизде диаспораны башкаруу маселелери ушунчалык кычыкка тыгылып калгандыктан, көптөгөн аракеттерден кийин, аны күн тартибине алып чыгуу артыкчылыгын Жогорку Кеңештеги “тилдүүлөр” аркылуу жылдырып атып, биз 2015-жылы араңдан зорго өкмөткө караштуу, башында вице-премьер турган Мекендештер менен иштөө боюнча кеңешти түзгөн элек. Ал да өкмөт улам алмашып аткандыктан, абдан начар иштеп жатат. Өлкө жетекчилигинде эч ким бул адамдарга, алардын бирикмелерине олуттуу кызыкпаса, алардын ишин көрбөсө, кошуп аткан салымын колдобосо, баалабаса, анда Кыргызстанды өнүктүрүү максатында диаспораны кызматташтыкка тартууга деги болобу?! Өлкө жетекчилигинин мигранттар менен анда-санда жолугушканы, парламент депутаттарынын Миграция кызматынын ишти билген эксперттерин кошуп алып, мигранттар жыш жашаган жерлерди кыдырып чыкканы адамдар менен системалык түрдө иштөө механизмдерин алмаштыра албайт. Азырынча бул боштуктун ордун жер-жерлерде тез-тез жолугушууларды өткөрүп, коммуникациянын бардык жетишкендиктерин пайдаланган диний ишмерлер гана ийгиликтүү толтурушууда.

Сапар Исаков менен жолугушууга келген мигранттар. Орусия, Москва, 30-сентябрь, 2017-жыл.

Өкмөттүн миграцияны башкарышы министрликтер менен мекемелердин ишин так координациялоону талап кылат. Эң алды менен миграция маселелери боюнча окуулар, тренингдер керек. Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүп берүү боюнча чечимди эң туура деп эсептеймин. Бул кызмат туруктуу системалык түрдө бардык категориядагы мамкызматчыларды миграциялык процесстердин маселелери жана суроо-талаптары менен тааныштырып турууга тийиш.

Тышкы иштер министрлиги чет жактардагы элчиликтер, алардагы миграция кызматынын өкүлчүлүктөрү менен кошо миграция тармагындагы көп, түрдүү пландуу иштер, анын ичинде Орусия Федерациясына жана Казакстанга туш келди кетип жаткан мигранттардын маселелери менен алектенип жатат. Проблемага кабылган адамдардын көп экени, кырсыктуу окуялардын көптүгү бул иштин абдан убарагерчиликтүү экенин, кызматкерлерден чыдамкайлыкты талап кылаарын көрсөтүп турат. Мигранттар менен иштөө бул элчиликтердин жана консулдуктардын ишинин тең убактысын алат. Айрым маселелер терең изилдөөнү, стандарттуу эмес чечимдерди талап кылат. Анткени алар мамлекет аралык мамилелердин кошулган тилкесинде турат.

Биздин мигранттар иш жүзүндө биздин экономиканын эң ири, реалдуу инвесторлору болуп саналат. Муну жөнөкөй эле арифметика ырастап турат: акча которуунун көлөмү 2017-жыл боюнча Кыргызстандын ИДӨсүнүн 37% түзгөн. Бул болсо өлкө акыркы жылдарда алган чет элдик түз инвестициялардын таза наркынан үч эсе көп. Анда эмнеге ТИМ бир бөлүгү Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик болгон Экономика министрлиги менен кошо ар кайсы жылдары, ар кандай себептер менен чет өлкөлөргө чыгып кеткен биздин мигранттар, мекендештерибиз менен тийиштүү иш алып барбайт?

ТИМ Орусиянын жарандары болгон биздин мекендештердин арасынан Ардактуу консулдарды дайындоону эчактан бери практикалап келатат. Бул иш ошол жердеги биздин жарандардын укуктарын коргоо муктаждыгына көбүрөөк жооп берет.

Өзүнүн мандатына жараша инвестициялык агенттиктин бүт аппараты күрөшүп жаткан инвестициялардын агылып келиши, бул жылдагы цифралар көрсөтүп тургандай, былтыркыга салыштырмалуу кризистик чекке чейин ылдыйлап кеткен. Бирок биз Экономика министрлигинин кызматкерлери чет өлкөлөрдө узак убакыт бою жашаган биздин мекендештерибиз менен тыгыз иштеген учурларын билбейбиз. Алардын арасында салмактуу билими, жеке тармакта жакшы иши бар, кадыр-барктуу, ишкер чөйрөдө сый-урматка татыган адамдар арбын эмеспи. Булар иш жүзүндө биздин чет өлкөлөрдөгү соода өкүлдөрүбүз болгонго жарайт. Бирок мындай идеялар бизде колдонулбайт, аларга ишенич артышпайт, сактанып турушат... Биздин элчилер мына ушундай өкүлдөрдү таап, алардын тизмесин Экономика министрлигине сунуш кылышы керек.

Кыргыз спортчусу Медербек Канатбек уулу жана Түркиядагы кыргыз мигранттары.

Министрликтердин расмий кызматкерлери ири инвесторлорду издөө боюнча иш менен катар алар менен иш сапарларында иштеши керек, соода жана инвестиция маселелери боюнча жолугушууга тийиш. Диаспоралардын ичинен ишкерлерди биздин республиканын аймактык жана эл аралык атаандаштык жөндөмүн чыңдоо боюнча экономикалык программаларга тартыш керек. Биздин өлкөгө акыркы жылдарда келип жаткан туристтердин көбөйүшү – бул биздин мекемелердин ишинин натыйжасы гана эмес. Ал көп жагынан дүйнө жүзүндө жашап, мекенине өздөрүнүн жаңы туугандарын, кошуналарын, кесиптештерин конокко, өлкөнү өз көзү менен көрүүгө чакырган биздин мекендештердин таасиринин жана үгүтүнүн натыйжасы да болуп саналат.

Эмне үчүн Кыргызстандын Орусиядагы, Казакстандагы, Берлиндеги, Сеулдагы элчиликтеринин, Стамбулдагы консулдуктун алдында экономикалык иштер боюнча кеңешчи жооп бере турган Ишкерлер клубун ачууга болбосун? Маалыматка жетүү – ишкер үчүн ийгиликтин жарымы. Ошондуктан мекемелердин иш сапарларына келген жетекчилери мигранттардын кызыкчылыгы бар чөйрөсүн туруктуу кабардар кылып турмак. Диаспоралардын бизнес-форумдарын өткөрүү болсо нормага айланмак. Москвада экономикалык мандатка ээ болгон ЕАЭБдин органдары бар, алардын да маалыматтары бул иш үчүн өтө маанилүү. Колдон келсе элчиликтердин карамагындагы ишкерлердин клубдары мигранттарга өздөрүнүн чогулткан каражатын кыргыз жериндеги бизнесине салууну жеңилдете турган мектеп-тренинг болуп калууга тийиш. Балким, азырынча көлөмү азыраак болсо да, бирок биз ушундай реалдуу инвестициялар жөнүндө кеп кылышыбыз керек.

Гигантомания бизге жарашпайт, келгиле, реалист бололу!

Мигранттар тапкан акчасынан кантип пайда көрсө болот?

Мигранттардын салымдары аймактардагы туризмге, айыл чарба ишканаларына, жаңы энергия булактарын түзүүгө, ипотекага жумшалабы, айтор аларды кызыктыруу боюнча иш жүргүзүү айрыкча маанилүү. Кайтып келе турган мигранттарга иштеп тапкан жана которгон акчасын сарамжалдуу пайдалануу жагынан колдоо көрсөткөн программалар абдан керек. Бул иште мандаты баарын камтыган жана биринчи орунда турган Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигинин ролу көрүнбөйт. Айылдардын жана кичи шаарлардын миңдеген жашоочуларынын тагдыр-бешенесине айланган бул ишке эмнегедир түшүнүксүз себептерден улам четте калган Өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер агенттиги да шымалана кошулууга тийиш. Бул мекемелердин милдети – жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде кичи ишканаларга насыя алууга жардамдашуу, мигрант аялдарды ишкерликке үйрөтүү, кайтып келген мигранттарды жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча жеке сектордун ишин колдоо. Улуттук банк мигранттык чөйрөнү кошо эсептегенде, калктын финансылык сабаттуулугун арттыруу боюнча өз ишин эселеп күчөтүшү керек.

Өзүнүн натыйжалуулугун Мексикада, Латын Америкасынын башка өлкөлөрүндө 2000-жылдардын башында 3+1 Программасы катары көрсөткөн программалар Молдовада, Украинада 2010-жылдан тартып колго алына баштады. Анын маңызы мында: эгерде мигранттар өз айылында канализацияны, сууну киргизип, мектеп кургусу, жолду оңдогусу келсе, анда мигранттык жамаат салган ар бир долларга өкмөт мамлекеттик жана жергиликтүү органдар аркылуу 3 долларды инвестициялайт. Молдовада бир канча ишенимдүү мисалдар бар. Өкмөт Европа Биримдигинин колдоосу менен 1+1 деген формула боюнча, мигранттык салымдарга колдоо көрсөтүп комбикорм чыгарган өндүрүшкө, тегирменге, коен багып көбөйтө турган мини-фермаларга, канаттуулар фабрикасына, биомассадан гранул чыгаруучу фабрикага, эмерек чыгаруучу фабрикага, шыпыргы чыгарган фабриканы курууга, автомектепти жана автосервисти, медициналык борборду жана эс алуу аймагын ачууга инвестиция жумшаган. 2016-жылдагы каржылоонун жалпы көлөмү 2,5 миллион долларга жеткен. Аздай көрүнөт, бирок туруктуу жумуш орундарын түзүүнү, жаңы менчик өндүрүштөрдү ачууну эсепке алганда, аларга салым салуунун натыйжасы көп эсе болуп жатпайбы! Бизде да мигранттардын акчасын оптималдаштыруу боюнча ушундай натыйжалуу ыкманы киргизүү абдан маанилүү болмок. Өкмөт, мигранттар акчасын коротууга даяр ушуга окшогон долбоорлорду ишке ашырууга каражат булагын табышы керек. Бул өзүнчө эле кичи жана орто ишкерликти колдоо фонду болмок, мындай тажрыйба бизде мурда да болгон эле.

Москвадагы кыргыз элчилигиндеги кыргыз мигранттары.

Миграция кызматынын ТИМ менен кошо чет өлкөлөргө жумушчу күчүн уюшкан тартипте жөнөтүү боюнча пландуу келишимдерди түзүү иши туурасында эчактан бери угулбай калды. Келечектеги ири спорттук мелдештердин календарынан караганда биз 2022–жылы футбол боюнча кезектеги дүйнө биринчилиги өтө турган Катар өлкөсү менен, 2020-жылдагы Олимпиадалык оюндарды күтүп жаткан Жапония менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасын күтүшүбүз керек. Ал жакта, Окинавада мейманкана бизнесинде кыргыздын жаш жигиттери ийгиликтүү иштеп жатышат, биздин жумушчу күчүн издеп тапканга ошолордун жардамы да тиймек.

Инвестицияларды тартуу, ошондой эле биздин мигранттарды жумушка орноштуруу жагынан алганда, биздин өлкөнүн шаарлары жана облустары менен чет элдик өнөктөштөрдүн ортосундагы туугандашкан шаарлардын механизминде да кыйла мүмкүнчүлүк катылып жатканы сезилет. Жыйырма жыл ичиндеги бул бардык байланыштарды ар бир облуста, шаарда таап, иш сапарларынын учурунда кол коюлган же көп учурда адамкерчилик жылуу мамилелердин, тарыхый окуялардын алкагында, эки элдин, мамлекеттердин достугуна жана өз ара түшүнүшүүсүнө чындап салым кошкон келишимдердин түйүнүн кайра бир силкип көрсөк болбойбу? Биздин мэрияларды жана обладминистрацияларды кыймылга келтириш керек. Европа Биримдигинин алкагындагы бул механизмдер натыйжалуу иштей тургандыгын мен анык булактардан билем. Эмнеге биз муну ошол эле ЕАЭБдин алкагында жасай албайбыз?

Корутунду

Жумушсуздуктун, жакырчылыктын, баш-аягы көрүнбөгөн өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарынын күзгүсүндө адамдардын басымдуу бөлүгү дагы эле өлкөдөн чыгып кетүү туурасында ойлоп жатышат. Жогорку билими болуп туруп, мейли, кара жумуш аткарса да жашоо стандарттарын көтөрүш үчүн кетип жатышат. Кыйла жогору айлык акы алуу үчүн кетип жатышат. Балдарына билим бериш үчүн кетип жатышат. Демек биз өзүбүздөгү билим берүү системасын оңдошубуз керек. Доминонун принциби боюнча кетип жатышат: "достор, классташтар, кошуналар, туугандар кетип жатышат, эмнеге биз да бара албайбыз, дүйнө кезип, адамдар турмушун бизден акылдуураак, бизден жакшыраак кантип куруп атканын өз көзүбүз менен көрөлүчү" деген каалоо менен кетип атышат. Өлкөдөн кетип жаткан учактар менен поезддер жана автобустар менен жеңил машинелерде бак-таалайын эңсеп кетип аткан адамдарга дагы эле толтура. Булар биздин бир капшытыбызды аңырайтып кетип аткандар эмеспи!

Буга чейинки "Мекендештер" форумунун катышуучулары. 25-июль, 2014-жыл.

Өлкө коррупция менен күрөштүн бийик деминен тышкары экономикадагы чыныгы реформаларды, өкмөттүн так, биримдиктүү, кесипкөй ишин күтүп жатат. Миграцияны башкарууда ишти кайра куруш керек. Бара-бара эмгек рыногундагы толгон жумушчу күчүн жөнөтүү сыяктуу анын кыска мөөнөттүү пайдасынан арылуу зарыл. Квартал, жарым жыл сайын улам көбүрөөк келип аткан мигранттардын акчасын ойлоп коюп камырабай жата бербей, миграцияны артка кайтаруунун жолдорун ойлоп, түзө баштай турган мезгил жетти. Биздин мекендештерибиздин ыкчамдыгын стратегиялык жактан көрө башташ керек: 2040-жылга карата Улуттук стратегияда Кыргызстан өз жарандарынын атуулдук, экономикалык, саясий жигердүүлүгү үчүн жагымдуу шарт түзө турган, диаспоранын мүчөлөрүнүн кайтып келиши үчүн кызыктуу өлкө болууга тийиш экени так белгилениши зарыл. Диаспора үчүн биз чет өлкөдө уят болбогондой, үйдө болсо өз өлкөбүз менен сыймыктангыдай болушубуз керек.

Азырынча өлкөдөгү миграциялык модел толук башкарылбай, башаламан, тагыраак айтканда, мигранттарды кабыл ала турган өлкөлөр чийип койгон режимде гана жүрүп жатат. Биз өз мекенибизде элибизди тоюндуруу, окутуу, шарт түзүү жана багуу боюнча канчалаган көп иштерди аткарышыбыз керек экени көрүнүп турат.

Мигранттардын чет өлкөлөрдө чогулткан билим тажрыйбасын алар кайтып келгенден кийин өнүгүү максатында пайдаланышыбыз зарыл. Азырынча биз бул ишти ойдогудай аткара албай, өлкөбүздү колубуздан келишинче башкарып жатабыз. Биротоло туруктуулук жалпы экономикалык өсүш болгондо гана орнойт. Туруктуулуктун мезгили канчалык узакка созулат, тактап айтканда диаспора, миграция жана өнүгүү жаатындагы саясатты бириктире алабызбы? Ал биздин өзүбүздөн көз каранды. Ошондуктан бул багытты кесипкөй деңгээлде башкаруу, президент жана өкмөт ага артыкчылыктуу көңүл бурушу абдан зарыл болуп турат.

Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын экс-президенти

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.