Ошто журналист Темировду колдогондор акцияга чыгышты

Ош шаары. 22-январь, 2022-жыл.

Ош шаарында журналисттер жана активисттер Темировду колдогон акция өткөрдү. Алар Темировдун кармалышын “саясий буйрук” деп аташты.

Акцияга 30га жакын жергиликтүү журналисттер жана активисттер катышты. Баары бир ооздон журналисттерге карата куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

Журналист Ыдырыс Исаков Темировдун кармалышын анын акыркы иликтөөсү менен байланыштырды.

Ыдырыс Исаков.

“Нормалдуу өлкөдө иликтөө чыккандан кийин иликтөөнүн башкы каарманы болгон адам дароо иштен алынышы керек. Ал президент болсо дагы кызматынан четтеши керек. Бирок бизде тескерисинче болуп жатат. Кайсы бир жетекчи жөнүндө иликтөө жарыяланса, ага унчукпай коюшат. Бул журналисттер үчүн эң жакшысы болуп калды. Болбосо өзүңө каршы күч колдонулат”, - деди Исаков.

Ал эми жергиликтүү укук коргоочу Асылбек Кунгуров соңку окуяларды “сөз эркиндигине басым” деп атады. Ошондой эле анын кармалышында күмөн жараткан жагдайлар бар экенин айтты.

“Коомдо күмөн пайда болуп калды, эмне үчүн иликтөө чыккан соң ошого тиешелүү адамдар реакция берген жок? Эмне үчүн Темировду кармап, ызы-чуу болгондон кийин басма сөз жыйын берип актанып жатышат? Бийлик журналисттер болобу, жарандар болобу шектенүүнү коюп жатканда эл ишене тургандай далилдер жана жагдайлар менен бекемдеш керек”, - деди Кунгуров.

Дагы караңыз Журналист Болот Темиров бошотулду


Жарандык активист Кубанычбек Жусанов журналисттин кармалышы “саясий буйрук” деген пикирде.

“Бул өтө жаман көрүнүш. Себеп дегенде, ИИМ өзүнүн бетине көө жапты да. Азыр бизде ушундай тенденция пайда болуп калды, фейктердин жана троллдордун жардамы менен адамды каралап коюш оңой. Ошол себептен мен муну атайын саясий буйрук деп эсептейм”.

Дагы бир журналист Шахрух Саипов кесиптешинин кармалышы боюнча төмөндүгүдөй пикирин айтты.

“Түнү менен террористти кармаган сыяктуу спецназ менен барып журналистти кармап алып кетүү, маңзат менен кармоо бул - Кыргызстан үчүн шерменделик. Андан соң УКМКнын башчысы "Фейсбук" аркылуу маалымат таратты. Бул кимдин буйругу экени ачык-айкын болуп калды. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт”, - деди ал.

Темиров жана анын командасы бир нече күн мурда "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган болчу.

Дагы караңыз Болот Темиров өзүнө каршы чагым болгонун билдирди


22-январдын кечинде анын кеңсесинде тинтүү жүрүп, журналистти 23-январга караган түнү кармап кетишкен. Ошондой эле команданын техникалык жабдууларын алышкан. Күч органдары аны жана төкмө акын Болот Назаровду маңзатка байланыштуу түшкөн арыздын негизинде кармашканын билдиришти. Ал эми кармалгандардын тарапкерлери аларга маңзатты тинтүү учурунда атайылап салып коюшканын айтып жатышат.

Учурда Темиров эч жакка кетпөө тил каты менен кое берилди. Ал эми Назаров 48 саатка камакка алынганы белгилүү болду. Бишкекте да журналист менен акынды колдогон акция уюштурулду.

Дагы караңыз Ташиев: Болот Темировду сотко берип, куугунтуктайын деген оюм жок