Оштогу көчө балдарынын көйгөйү

Ошто көчө балдарынын көйгөйү курч маселеге айланууда. Бул багытта Ош облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү билим берүү тармагынын кызматкерлери менен биргеликте кароосуз калган балдардын өздүгүн тактоо, алардын турмушунун социалдык себептерин иликтөө боюнча атайын иш чаралардын жумалыгын өткөрө баштады. Иш чаранын алкагына мектеп жашындагы кароосуз калган балдарды жайгаштыруу жана окууга тартуу маселеси да камтылган.
Ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, алыскы айылдардан келишкен кароосуз калган балдардын көпчүлүгү Ош жана Карасуу шаарларындагы базарларда күн кечиришет.

Ырасмий эмес маалыматтарга таянсак, алардын саны болжол менен 500-600гө жетиши мүмкүн.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев Карасуу шаарындагы кароосуз калган балдарды иликтөө боюнча иш чаранын алгачкы күнүндө эле 34 көчө баласы кармалгандыгын жана учурда алардын өздүгү аныкталып жаткандыгын билдирди:

- Булар көбүнчө сурамчыланышып, бут кийимдерди тазалашып, коробкаларды, шишелерди топтошуп, ошону сатып тыйын кылышат. Арасында уурулук менен жүргөндөр бар. Дагы бир өкүнүчтүү нерсе, жашы жете элек 9-10 жаштагы бул балдар арасында спирттик ичимдикке берилип, алкоголдук ооруларга чалдыгып калгандар да, ичпесе туралбагандар да бар.

Өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында көчө балдарынын көпчүлүгүн ата-энеси бар болгону менен ар кандай социалдык себептерден улам, алардын камкордугунан ажырап калгандар түзөт.

Ош облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машырапова бул ирет кароосуз калган балдардын турмушунун социалдык себептери гана иликтенип калбастан, аларды жайгаштыруу жана мектепке тартуу боюнча да иш чаралар улантыла тургандыгын кабарларды:

- Базарда жүргөн балдарды таап, жеринде айыл өкмөт, коомчулук, ата-энелер менен биргеликте анын себебин билип, иш чара түзүү керек. Эгерде ата-энелеринин турмушу начар болсо, окуучу мектепке келе турган жагдайы, бут-кийими жок болсо, мектептин алдына түзүлгөн фонддун эсебинен жардам берип, мектепке таруу максатында иштейбиз.

Кийинки учурларда көчө балдарынын санынын өсүшүнө тынчсызданышкан жергиликтүү талдоочулар маселени мамлекеттик деңгээлге коюп тез арада чечүү зарылдыгын белгилешет.

Алардын пикиринде, көчө балдарынын көйгөйү социалдык чыңалуунун өсүшүнө гана таасир этпестен, кылмыш дүйнөсүнүн чордонунун кеңейишине да салым кошушу мүмкүн:

- Түрдүү тармактагы жетекчи адистер дагы информаторлорго айланып калды, ушунча бала көчөдө жүрөт, ушунча киши Орусияга, Алматыга, же башка жака чыгып кетти деп. Бирок ошол балдардын эмне үчүн көчөдө калып кетти, ата-эне эмне үчүн балдарын таштап кетти, ушунун себептерин дагы иликтеш керек, ошондой балдарды тарбиялоо боюнча мамлекеттик деңгээлдеги программа иштелип чыгышы керек, – деген пикирин билдирди жергиликтүү талдоочу Сабыр Бурканов.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев кароосуз калган балдарды иликтөө боюнча иш чара бир жумага созуларын жана ар бир алты айда кайталанып тураарын жарыялады.