Ош: үй чатагына үлкөндөрдүн аты илешти

Ош шаары

Ошто Мамдирекция курган үйлөрдү сыртынан соодалагандар боюнча чуу чыкты.

Июнь окуясынын курмандыктарына курулган үйлөрдү сыртынан сатты деп айыпталып жаткандар өкмөт башчы Жээнбеков, мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Сарпашов жана Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери менен акчаны бөлүшкөнүн айтып чыгышты.

- Жаңы батир алдым деп сүйүнүп, бүт ремонттон өткөргөндөн кийин мени мэрия кызматкерлери кууп чыгышты. Мен аларга 5 миң доллардан ашык акча бергем. Кимге айтып, кайда барам?, - дейт Рахима Кенжеева.

Көз жашын тыя албаган бул аял Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция курган үйлөрдөн батир алам деп Ош мэриясынын кызматкерлеринин бирине 6 миң долларга жакын акчасын алдатып койгонун айтууда.

Рахимадан башка дагы алты аял Алай районунун Нура айылынан Ошко келген. Алар Жыпар Казакбаева – 450 миң сом, Ажар Пирмаматова 10 миң АКШ долларын, Сыргагүл Пирмаматова 10 миң АКШ долларын, Саткын Шарипова 190 миң сомун, Бактыгүл Жороева 300 миң сомун, Чыныгүл Асыранкулова 580 миң сомун алдаткан.

Мамдирекция курган үйлөрдүн машакаты

Мамдирекция курган үйлөрдүн машакаты

Жогорку Кеңеш 19-февралда Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин токтом кабыл алган. Анда дирекциянын биринчи жетекчиси, азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жетекчилердин иши канааттандырарлык эмес деп табылган.

Алардын баары Оштон жаңы батир убада кылган Ыкыбал Топчубаевага акча бергенин ырасташты. Эми алданган аялдар Ош шаардык мэриясынан баштап, өкмөт башчыга чейинки ысымдарды атап, тапкан-ташыганыбыз үлкөн чиновниктердин чөнтөгүн жылытып турат дешүүдө.

Алардын бири 450 миң сомго күйгөн Жыпар Казыбаева буларды айтты:

- Маманова Нургүлдүн, Шербекова Камиланын, Топчубаева Камиланын депутаттар менен байланышы бар экен. Ош мэриясында иштеген Кадыр Жолдошов, Мирлан Исраилов, Кыял, Алишерлердин баарынын тили бир тура. Булардын баарынын Жээнбеков менен сөздөрү бир экен.

Арзан батир алам деп алданган аялдардын дагы бири Чыныгүл Асранкулова мындай деди:

- Мен Ыкыбал Топчубаевага алгач 230 миң сом бергем. Кийин дагы 350 миң сом бердим. Буга Нургүл Маманованы күбө кылгам. Анан ушул үйдүн ачкычын мен Кубат деген кароолдон алдым. Ал кароол алгач Ыкыбал менен телефондо сүйлөшүп, Ыкыбалдын уруксаты менен мага ачкычты карматкан. Ошол арада Шербекова Камила жана Ыкыбал Топчубаева үйүңөрдүн документтери бүткөнү калды дешкен. Ошон үчүн Сарпашевдерди "Дархан" чайканасында сыйлап атабыз, козу грил даярдаттык, чучук берип атабыз, үйүңөрдүн документтери жакында чечилет дешкен.

Дагы бир жабырлануучу ​Чыныгүл Асранкулова:

- Ыкыбал менен Камиланын ортосундагы эсеп-китептери да болгон. Биз муну жөн жерден айтып жаткан жокпуз. Мисалы, мында чыгымдар тууралуу отчеттерду жазышкан. Бул депутаттарды "Дарханда" сыйлаган акча, бул Сарпашевге козу грил алдырган акча деп жазылып турат.

Учурда Ыкыбал Топчубаева Нургүл Маманова жана Камила Шербекова алдамчылыкка айыпталып, соттолуп жатышат. Дээрлик сегиз адамды арзан батир алып берем деп алдаган Ыкыбал Топчубаева акчанын баарын Камила Шербековага бергенин, ал акчаны Камила Шербекованын үлкөн чиновниктерге карматканына өзү күбө болгонун да айтууда.

- "Дархан" чайханасына алып келип Зайырбек Жоошбеков деген депутат менен жолугуштурган. Сарпашев, Жээнбековдор деп айтылып жүргөн. Бирок жолугушууга бир эле Жоошбеков деген депутат келген. Үй берүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Азыр эми сотто Шербекова аны танып жатат. Тергөө учурунда баарын мойнуна алган көрсөтмөлөрү бар эле. Бирок аларды тергөө учурунда жок кылып салышты. Аны кимдер кылганын билбейм.

Бүгүн сотко келген Ыкыбал Топчубаева акчаны Ош мэриясынын Кыял Кимсанов жана Алишер аттуу кызматкерлери аркылуу мэриянын муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраиловго берип жүргөнүн да кошумчалады.

- Ош мэриясынын муниципалдык бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраиловго колум менен акча берген эмесмин. Бирок ошол эле бөлүмдүн кызматкерлери Алишер жана Кыял аркылуу Исраилов акча алып турган. Ал боюнча сүйлөшүүлөр, дисктер бар. Тергөөдө мунун баары далилденген. Эң көп алганда 5 миң долларга чейин алып жүрүшкөн.

Мэриянын муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраиловго алдамчылык боюнча соттолуп жаткандар да, алардан жабыркагандар да акча алган деген доомат артышууда. Бирок ал ойлоп чыгарылган сөздөр деп келет.

- Силерден акча алуу үчүн биздин атты сатат. Булар өздөрү эч кандай документ кылып бере албайт. Ошондуктан мэрияда иштеген кызматкерлердин же үй бөлүштүрүү комиссиясында иштегендердин аттарын айтышат. Ал турган кеп.

Ош шаардык мэриясы Мамдирекция курган үйлөрдү басып алуу боюнча да, сыртынан соодалаган фактылар боюнча да милицияга кайрылган эмес. Тек гана алдамчылардан жабыркагандарды аныктап, аларды милицияга арыз жазууга чакыруу менен чектелишкен.

Бирок юрист адистер Ош мэриясы жаңы үйлөрдүн айланасындагы шектүү соодалардан кабары болуп туруп, кылмыштардын алдын алууну милициядан талап кылбай отурганы алдамчылар менен келишимге барган деп шектенүүгө жол ачат дешет.

Мамлекеттик Каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов Сарпашевдин дарегине айтылган сөздөрдүн бири да суу кечпейт деп билдирди. Ушундай эле билдирүүнү өкмөт башчы Сооранбай Жээнбоковдун маалымат кызматы таратты. Андан сырткары өкмөт башчыга жалган жалаа жапкандар сот алдында жооп берерин эскертишти.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.