COVID-19: Ош шаарындагы эмдөө

Ош, вакцина сакталган муздаткыч.

12-июлда коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы менен Ош облусуна 85 миң, Ош шаарына 50 миң доза жеткирилди.

Жалпысынан облуска 175 миң, шаарга 110 миң доза бөлүнгөн.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кытайдан июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза вакцина келерин кабарлады.

Ош шаардык мэриясы калкты тез арада эмдөө үчүн базарларда, ири дүкөндөрдө кошумча атайын эмдөөчү жайлар ачыларын кабарлаган.

Оштогу чоң базарлардын бири "Келечекте" дарыгерлер каалагандарды эмдеп жатат.

Соодагерлер базардага радио кулактандыруудан уккандарын айтышканы менен түшкө чейин болгону алты киши эмдөөдөн өткөн.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңден ашык киши өттү.