Алардын басымдуу бөлүгү буга диний көз караштан улам каршы чыкса, айрымдары "эмдөөгө колдонулган вакцинанын курамында организмге зыяндуу заттар бар" деген ой менен балдарын эмдетпей жатат.
Дарыгерлер эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жергиликтүү бийлик жана молдолор менен бирге жүргүзүп келет. Бирок андан азырынча майнап чыга элек.
Ош шаарындагы Он-Адыр тилкесинин тургуну Рано Закирова төрт баласын эмдетүүдөн баш тарткан. Жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрүү иштерин бир нече жолу жүргүзсө да, жубайлар айтканынан кайтпай келет.
- Мен Интернеттен эмдөө тууралуу маалымат алганда, вакциналардын курамында аз өлчөмдө болсо да сымап бар экенин билгем. Бул зат жаңы өсүп келе жаткан организмге зыян деп ойлойм. Ошон үчүн балдарымды эмдетүүдөн баш тартып жүрөм, - деди Рано Закирова.
Оштогу эмдетүүдөн баш тарткан ар бир ата-эне баласы ооруп калса “өзүм жооп берем” деп тилкат жазып берген. Маалыматтарга ылайык, алардын 70% жакыны диний көз караштан улам ушундай чечимге барган.
- Менин төрт неберем бар, бирин да эмдеткен эмеспиз. Кудайга шүгүр, ооруган деле жок. Биз мындай чечимге бир жагынан диний көз караштан улам бардык. Экинчи жагынан уулумдун досу жаңы төрөлгөн ымыркайы эмдөөдөн кийин чарчап калганын айтып берген, бул окуя да биз үчүн эскертүү болду. Дарыгерлер "наристе эмдөөдөн чарчап калган жок" деп айтышты, бирок биз тобокелге барууну каалаган жокпуз. Биз баланы "багуусу жакшы болсо оорубайт" деген принцип менен чоңойтуп жатабыз, - деди Кара-Суу шаарынын тургуну Мухлие.
Мыйзам боюнча бала ата-эненин же тууганынын ыктыярына жараша эмделет. Ошол эле учурда дарыгерлер эмдөөнүн бала үчүн зарыл экенин тынымсыз түшүндүрүп турушат. Бул өз жемишин берип жатканын Ош шаарындагы №424 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун иммунолог-дарыгери Лутфиниссо Гуламова билдирди. Анын айтымында, былтыр 82 баланын ата-энеси кайра келип, балдарын эмдетип кеткен:
- Биз аймактык кеңеш мүчөлөрү, молдолор менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мечиттерге барып айтабыз. Аялдар кеңеши бизге жардам берип отуруп өзүбүздүн аймакта эмдөөгө каршы болгондордун 70% кайра эмдедик, - деди Гуламова.
Талас: баласын эмдетпегендер көбөйдү
Талас: баласын эмдетпегендер көбөйдү
Талас облусунда 250дөн ашык ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты. Бул кадамга алар диний көз караштан улам барышууда.
Ошентсе да дарыгерлердин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, молдолор менен чогуу жүргүзгөн түшүндүрүү иштери азырынча натыйжа бербей жатканын статистика көрсөтүп турат.
Ош облустук эмдөө борборунун маалыматы боюнча, быйыл жарым жылда эле облуста 250 жаран баласын эмдетүүдөн баш тарткан. 2017-жылы болсо бир жылдык көрсөткүч 400 кишини түзгөн.
Облустук эмдөө борборунун башчысы Булбул Үмөтованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ата-энелердин эмдөөдөн баш тартышы кооптуу илдеттердин жайылышына себеп болууда:
- 2011-жылы Кара-Сууда кызамык оорусу чыгып, чукул арада тарап кеткен. Биз оорунун чыгышын иликтеген учурда ал жердеги бир көчөдө жашагандардын дээрлик баары диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар болуп чыкты. Аларга түшүндүрүү иштерин кайра-кайра жүргүзгөндөн кийин гана анан эмдөөнүн зарылдыгына көзү жетип, балдарын эмдетишкен.
Буга чейин Республикалык Иммуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 2017-жылы Кыргызстанда жети миңдей киши эмдөөдөн баш тартканын айткан.
- Эмдөөдөн баш тарткандардын 68% өз чечимин диний көз караштар менен негиздеген. Ал эми 15% вакциналардын сапатынан күмөн санап баш тарткан. Айрымдар маалыматы жоктугунан вакцина албайт. Күмөн санагандар көбүнчө Бишкекте жана Чүй облусунда жашайт. Буга Интернеттеги ар кандай маалыматтар себеп болот. Алар "WhatsApp", "Инстаграм" аркылуу бурмаланган маалыматтарды таратат.
ДСУ: Вакцинага чочконун клеткасы кошулбайт