Өзгөндөгү тарыхты даңазалаган феcтивал
Иш-чара кол өнөрчүлөр көргөзмөсү, чыгыш базар жармаңкеси менен башталды.
"Өзөгүмдө Өзгөнүм” театралдаштырылган оюн-зоок программасы тартууланды.
Айтуучулук өнөрдүн өкүлдөрү - манасчы, төкмө акын, дастанчылар, искусство чеберлери жана эстрада жылдыздары катышты.
Мындан тышкары илимий-практикалык конференция өтүп, төкмө акындардын айтышы менен коштолду.
Күрүчтөн палоо жасоо сынагы болуп, ага 10дон ашуун ашпозчу катышты.
Фестивал чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Тажикстанга болгон эки күндүк иш сапарынан кийин Өзгөнгө барды.
"Өзгөн-Мунара-2021" фестивалына катышкан мамлекет башчысы иш-чаранын уюштуруучуларына элдин руханий, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өзгөн мунарасы архитектуралык комплекси - бир мунара, үч мавзолейден турат.