Сүрөтчүлөрдү суктандырган Чоң-Алай

Көрүүчүлөрдүн, көркөм өнөр сүйүүчүлөрүнүн алкоосуна татыган 10 сүрөтчүнүн чыгармалары Оштогу облустук көркөм сүрөт музейине коюлду.

Сүрөттөр Чоң-Алайдын жаратылыш коюнунда тартылган.

Сүрөтчү Гүлнафис Мергенбаева Чоң-Алайдын тоолорунун бийиктигине, улуулугуна суктанып, ал жерде байыр алган калк нукуралыгын жоготпой, сактап калганын айтат.

"Ал жактын адамдарынан нукура кыргыздын кулк-мүнөзүн көрсө болот", - деди Гүлнафис Мергенбаева.

Сүрөтчүлөрдүн калеминен тоолуктардын портретинен тарта уламыштарга чейин чыгармалар тартылган.

Аларга үңүлгөн киши тоолордун бийиктигин, абанын тазалыгын, адамдардын аруулугун сезет.

"Он сүрөтчүнүн тарткан сүрөттөрү бирдей эмес. Ар кимдин почерки башка-башка болот. Жаратылыштын, тоолордун, жаныбарлардын көрүнүшүн тартып келдик", - деди сүрөтчүлөрдүн бири Ырыспай Төлөнов.

Уюштуруучулар Ош облусунун эң алыскы жана деңиз деңгээлинен эң бийик жайгашкан аймактын жашоосу, маданияты, жаратылышы чыгармаларга айланып, түркүн-түстүү боёктор менен кооздолуп, сакталып калса деп максат кылышкан.

Иш-чара чет элдик жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдары, музей кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган.

Көргөзмө Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде сентябрь айынын аягына чейин турат.

Андан соң Бишкек шаарынын тургундарына тартууланмакчы.

Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 16-сентябрь күнү Чоң-Алайдын био-маданий ар түрдүүлүгүн чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды.