Айзаданын өлүмү: Ошто да митинг өттү

Активисттер милициядан мындан ары аял укуктарын коргоого кылдат мамиле кылууну талап кылышты.

Чогулгандар үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун азайбай жатканына, аялдар кордолуп жатканына жана күч түзүмдөрүнүн кайдыгер мамилесине нааразылык билдирип турушту.

Алар менен Ош шаардык милициясынын жетекчисинин орун басары Ашимжан Раимбердиев чыгып сүйлөштү.

«Кечээги факт боюнча шектүүлөр кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Эгер бир нерсе туура эмес болсо, ички иликтөө кызматы өз жыйынтыгын айтат», - деди Раимбердиев.

Юрист Мухаё Абдураупова укук коргоо органдарында негизинен эркектер эмгектенип, көп учурда жабыр тарткан аялдар тиешелүү жардам ала албайт деген пикирде.

Милициянын маалыматына ылайык, 2021-жылы Ош шаары жана Ош облусунда ала качууга байланыштуу 11 факт катталса, аларды тогузу кыскарып, экөө тергөөдө.