Ошто шахтада украиналык жаран каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөндө көмүр кенинде иштеп жаткан украиналык бир жаран каза таап, экинчиси ооруканага түштү. Кырсык Салам-Алик айыл аймагына караштуу Беш-Терек жайлоосунда болгон. Украиналык эки жаран ал жерде көмүр кенин чалгындап жаткан.

Көмүр кениндеги кырсык 10-март күнү түштөн кийин болгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин "Азаттык" радиосуна берген маалыматы боюнча, шахтанын ичинде темирден жасалган тирегичтер топурак, таш менен кошо кулап түшүп, ал жерде чалгындоо ишин жүргүзүп жаткан эки украиналык жаран урандынын астында калган. Шахтада жалпы 21 украиналык иштеп жаткан.

"Көмүр кенин чалгындап жаткан башка улуттагы эки жаран жабыркаганы боюнча бизге маалымат түшкөн. Бул боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтары электрондук журналга катталган. Ыкчам топ ошол замат окуя болгон жерге барган. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат".

Дагы караңыз Алты өмүрдү алган шахтадагы кырсыктар

Шахтада уранды басып каза болгон 41 жаштагы адамдын сөөгү Ош шаарындагы мейитканага (морг) жөнөтүлгөн. Ал эми жараат алган 44 жаштагы экинчи шахтачы азыр Өзгөн райондук ооруканасында дарыланып жатат.

Оорукананын башкы дарыгери Сатар Жусупов буларды айтты:

"Ооруканага 10-март күнү кечинде бир жаранды алып келишти. Бел омурткасы сынган экен. Дароо медициналык жардам көрсөттүк. Абалы оңолуп калды".

Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Терек жайлоосунда жайгашкан “Сай-Аска” ишканасы 2017-жылы аймакта көмүр каза баштаган. 2019-жылы август айында көмүр кени башка колго өтүп, ага ээлик кылган тарап украиналыктарды чакырып, кызматташа баштаган. Көмүр шахтасындагы окуя боюнча ишкана жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Эдилбек Имашев шахтадагы кырсык тууралуу 11-март күнү эртең менен билгенин, аймактагы көмүр шахталары тууралуу буларды айтты:

“Украиналыктар менен кызматташып жатабыз” деп шахтанын жетекчилиги мага келген. Булар көмүр казып сатыкка чыгара элек болчу. Башка көмүр шахталарынын жетекчилери келишимдин негизинде жергиликтүү элге көмүр түшүрүп берет. Буга чейин айыл өкмөттүн аймагындагы көмүр шахталарында кырсык катталган эмес".

Дагы караңыз Көмүр шахтасындагы кырсык иликтенет


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, өткөн жылы өлкө аймагындагы көмүр шахталарында 13 адам каза болгон. Алардын 12си Баткен облусунда, бирөө Ош облусунун аймагында.

ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипбаева кырсык учурунда куткаруучулар аман алып калган адамдар да бар.

"Бизге кырсык тууралуу маалымат түшсө атайын куткаруучулар бар, ошолор барышат. Мисалы, Баткен облусунда жайгашкан тоо-кен куткаруу кызматы бар. Алар жер астынан издеп, куткаруу иштери боюнча атайын даярдалган куткаруучулар. Буга чейин каза болгондору эле эмес, тирүү куткарып калган учурлар да болгон".

Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында төрт көмүр шахтасы бар. Кырсык болгон “Сай-Аска” көмүр кенине чейин район борборунан 60 чакырым. Көмүр шахталарынан айыл өкмөттүн казнасына жылына 1,5 млн. сом түшөт.osh

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​