Ош: ата өнөрүн уланткан темир усталар
Бахром Ашуров бычактын онго жакын түрүн жасайт. Негизги кардарлары - чет өлкөлүк туристтер. Ар бир жасаган бычагында «Ош» деген эн белги бар. Бахрам уста жасаган бычактарын түрүнө карап 800 сомдон 4000 сомго чейин сатат. Бир айда 15ке жакын бычак жасайт экен.
Темир уста базары 1961-жылы түзүлгөн.
Базардагы усталардын баары атадан калган өнөрдүн улантуучулары. Мисалы, 30 жаштагы Шавкат Тургунов иниси экөө атасынын устачылык өнөрүн улантып жатканына беш жылдан ашты.
"Буга чейин бул базарда атам иштечү. Атам 60 жашка чыкты. Азыр эс алып жатат. Анын ордуна иним экөөбүз иштеп жатабыз. Эгер өтө көп буюртма болсо атам да келип, бизге жардам берет. Биз жасаган буюмдарга суроо-талап көп эмес, ошондуктан атайын буюртма менен гана иштейбиз. Бир күндө 20-30дай чарба буюмдарын жасайбыз", - деди Шавкат Тургунов.
Базарда көбүнчө кетмен, күрөк, бычак, балка, балта, жүгөн, үзөңгү сыяктуу үй-чарба тиричилигине керектелүүчү буюмдардын бардык түрү жасалат.
Айрым усталар меш үчүн жука темирден морлорду жасашат. Мындай морлор Оштогу самсаканаларда, ашканаларда жана кафелерде кеңири колдонулат.
Базардан көп деле кардарларды көрбөйсүң. Көпчүлүгү атайын издеп келип, керектүү буюмдарын дароо алып кетишет. Сатуучулардын айтымында, базарды көрүү үчүн чет элдик туристтер көп келишет.
Абдулла Махкаммов (солдон биринчи) базардагы эң улгайган усталардын бири. Анын бул базарда иштегенине 50 жылдан ашкан.
"Темир устачылык менин ата-бабамдан калган өнөр. Менин чоң атамдын атасы да темир уста болгон экен. Мен да бул өнөргө эрте аралаштым. Беш жаштан баштап атам жанына алып алат эле. 15 жашымда өз алдынча иштеп баштагам. Темир устачылык менен үй-бүлөмдү багып, балдарымды чоңойттум. Уулум да ата өнөрүн улап уста болду. Азыр мен неберемди шакирт кылып алгам. Ата-баба өнөрү өлбөсө экен дейм", - дейт Абдулла Махкаммов.
50 жылдан ашык устачылык кылган Абдулла Махкаммов сарымсак отоо үчүн жасаган шайманды көрсөтүп жатат.
Махкаммовдун устаканасынын ички көрүнүшү.
Темирден жасалган электер.
Кардар күткөн усталар.
Атка така жасап жаткан уста.
Жаңы жаслаган буюмдарды ширетүү учуру.
Темирден буюм жасоо көп мээнетти талап кылат.
Шавкат Тургунов ысыган темирди музак сууга салып суутуп жатат.
Темирди, болотту жумшартуу учуру.
Бахрам Ашуров бул базардагы бычак жасаган жалгыз уста. Бул өнөрдү атасынан үйрөнгөн.
Бир бычак калыбына келгенче 20-30 жолу отко салынат. Бычактар латунь, болоттон жана унаалардын кыймылдаткычтарынын клапандарынан жасалат.
"Мен жасаган бычактар 30-40 жыл кызмат кылат. Мээнети өтө көп. Отко көп салынып жасалган бычак мыкты болот. Жука темирден жасап койсоң бат эле майтарылат", - дейт Бахром Ашуров.