Октябрь окуясы: Оштогу саясий абал

6-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтына таңкы саат жетилерде эл чогулуп баштаган. Саат 07:21, 2020-жылдын 6-октябры.

Митингди "Биримдик" партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Бекмурза Эргешов алып барууда. Саат 07:22, 2020-жылдын 6-октябры.

Күбөлөрдүн айтымында, таңкы саат 3-4төр чамасында эле аянтка үн жаңырткычтар коюлуп, митинг өткөрүүгө кам ура башташкан. 07:33, 6-октябрь, 2020-жыл.

Чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетирүүгө каршы пикирлерин айтууда. 09:26, 6-октябрь, 2020-жыл.

Митингде алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков чыгып сөз сүйлөдү. 08:31, 6-октябрь, 2020-жыл.

Асылбек Жээнбеков мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керек экенин белгилеген. 08:47, 6-октябрь, 2020-жыл.

Ош шаардык мэриясынын жана облустук администрацияны күч түзүмдөрү көзөмөлдөп турду. Алар саясатчыларды, алардын тарапташтарын жана журналисттерди "эч нерсени талкалабагыла" деген талап менен имаратка киргизип жатты. 10:15, 6-октябрь, 2020-жыл.

Мэриянын ичиндеги жыйналган килем. 10:18, 6-октябрь, 2020-жыл.

Ошол учурдагы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да эл алдына чыгып сүйлөп, калаада шайлоо таза өткөнүн айтты. 08:22, 6-октябрь, 2020-жыл.

Ал арада "Реформа" партиясынын мүчөлөрү "Сооронбай кетсин!" деп кыйкырганы үчүн ур-томокко алынды. Сүрөттө Мирбек Маматкасым жана ага кол салгандар. 08:16 6-октябрь, 2020-жыл.

Жогорудагы тасманы тартып жатканда “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулуна белгисиз киши кол салган. Ал телефонун тартып алууга аракет кылып, бет талаштыра муштап жиберген. 08:16 6-октябрь, 2020-жыл.

​Митингди Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары баштаганы менен "Сороонбай кетсин!" деген кыйкырыктар байма-бай айтылып жатты. Сүрөттөгү кишиге микрофон берилбей, аны трибунадан кетирүү аракети болгонуна карабай "Таза шайлоо болгон жок!" деп кыйкырып жатты. 08:37 6-октябрь, 2020-жыл.

Мэриянын ичинде болсо шаардык кеңештин депутаттары мэр Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 11:15, 6-октябрь, 2020-жыл.

Чечимди "Мекеним Кыргызстан" партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов аянттагыларга окуп берди. 11:30, 6-октябрь, 2020-жыл.

Ормонов трибунага чыгып сүйлөгөндөн кийин бийликке нааразы топ ур-токмокко алып, белгисиз адамдар аны жеке үйлөрдүн бирине алып кирип кетишти. 11:36, 6-октябрь, 2020-жыл.

Митингге чыккан кыздар. 12:33, 6-октябрь, 2020-жыл.​

 

Күндүн экинчи жарымында мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун кайтып келүүсүн талап кылган ураандар айтыла баштады. Аянтта аны колдогон плакаттар да пайда болду. 14:54, 6-октябрь, 2020-жыл.

Маал-маалы менен куран окулуп турду. 15:14, 6-октябрь, 2020-жыл.

11:49, 6-октябрь, 2020-жыл.

Бул күнү облус башчысынын орду да талашка түштү. Төлөгөн Келдибаев, ага удаа эле Калмамат Анапияев өздөрүн губернатор деп жарыялашты. 17:33, 6-октябрь, 2020-жыл.

Таалайбек Сарыбашов 6-октябрь күнү шаардык кеңеш чыгарган токтом мыйзамсыз экенин айткан. Ал ошол эле күнү кызмат ордун таштап чыгып кетти. 00:09, 7-октябрь, 2020-жыл. 

Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Ош шаарынын аэропортуна конуп, башкы аянтта аны тосуп алган миңдеген тарапкерине кайрылды. 00:48, 7-октябрь, 2020-жыл.

Ал "Кыргызстан азыр өтө опурталдуу кырдаалда турат, өлкөнү бөлүп-жарып, жарандык урушту баштоого кызыккан күчтөргө каршы туруп, улуттук биримдикти сактап калышыбыз керек" деди. 00:48

Ошентип таң эрте башталган митинг 7-октябрга караган түнү саат бирден өтүп аяктады. Чогулгандар Мырзакматов сүйлөгөндөн кийин тарап кетти. 01:03, 7-октябрь, 2020-жыл.

7-октябрда мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары чогулуп, аны ордуна коюу аракетин башташты. 13:52, 7-октябрь, 2020-жыл.

"Мен шайланган, мыйзамдуу мэрмин. Жаңы шаардык кеңештин депутаттары келип, жаңы мэр шайланганга чейин укуктуу мэр болуп турам", — деди Сарыбашов. 14:27, 7-октябрь, 2020-жыл.

6-октябрь күнү спорт чөйрөсүндө "Душка" каймана аты менен таанымал Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган. Эртеси күнү уюштурулган митингге Төрөкулов да катышты. 15:10, 7-октябрь, 2020-жыл.

Сарыбашовдун тарапташтары аны мэрдин бөлмөсүнө чейин алып кирип, "мэрди ордуна койдук" деп жар салышты. 15:50, 7-октябрь, 2020-жыл.

Көп өтпөй Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары аны "губернатор кылабыз" деп мэрия тарапка сүрөп жөнөштү. Бирок андан майнап чыккан жок. 16:16, 7-октябрь, 2020-жыл.

Бул окуялардан соң аянтка топтолгондор бир топ суюлду. Шаардык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, абал туруктуу экенин билдирди. 16:27, 7-октябрь, 2020-жыл.

8-9-октябрь күндөрү Ош шаарынынын борбордук аянтында жүздөгөн кишинин катышуусунда президент Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өттү. 11:31, 9-октябрь, 2020-жыл.

Бир нече боз үй тигилип турду. 11:33, 9-октябрь, 2020-жыл.

Ош шаарында 2020-жылдын 6-октябрында эрте менен башталган митинг түнкү саат экиге чейин уланган. 8-9-октябрь күндөрү ошол учурда мэрликтен шаардык кеңештин чечими менен алынган Таалайбек Сарыбашовдун, мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтарынын митинги болуп турган.