«Азаттык»: Садык мырза, «Мителер» тасмасы «Жылдын эң мыкты фильми» номинациясында «Оскар» сыйлыгын алды. Бул тасма сиз түптөгөн Эл аралык Азия кинофестивалына да катышкан. Дал ушул тасма эң жогорку байгени алат деп күттүңүз беле?
Садык Шер-Нияз: Ооба, бул тасма былтыр Эл аралык Азия кинофестивалынын конкурстук программасынын алкагында көрсөтүлгөн. Абдан күчтүү фильм болгондуктан «Оскар» алары күтүлүп жаткан. «Чет элдик тасма» номинациясында утат деп ойлогом. Бирок «Жылдын эң мыкты тасмасы» болот деп күткөн эмесмин.
Тарыхта биринчи жолу чет элдик тасма бул номинацияда утту. Мага Америкадан чалышып, биздин кинофестивалдын командасында да майрам болуп жатканын айтышты. Анткени буга чейин Голливудда Азия тасмаларына мындай көңүл бурулчу эмес. Эми «Мителердин» жеңиши качан кайталанары белгисиз. Ушундай болуп жатканына аз да болсо биздин фестивалдын салымы бар го деп сүйүнүп жатам.
Дагы караңыз «Мителер» Голливудду багындырды
«Азаттык»: Эмне себептен Америка киноакадемиясы ушундай жогорку сыйлыкты тапшыруу менен назарын Азия тарапка бурду деп ойлойсуз?
Садык Шер-Нияз: Жапон кинорежиссеру Акира Курасаванын учурунда азиялык фильмдер көп ийгиликтерге жетип келишсе, кийин чындап эле көңүл бурулбай калган. Мына эми алар кайрадан эл назарына чыгышты. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, Азия мамлекеттери экономикалык жактан чоң державаларга айланышты. Ошондой эле Азия кинематографисттерин Голливудда жайылтуу, жарнамалоо жагы күчтүү жүрүп жатат. Ошол эле Лос-Анжелесте корейлердин чоң диаспорасы бар. Алар да абдан колдоо көрсөтүшөт, биздин фестивалга да чоң салым кошуп келишет.
«Азаттык»: Сиздин пикириңизде Азия фильмдеринин уникалдуулугу эмнеде?
Садык Шер-Нияз: Биринчиден, Азия мамлекеттеринин калкы дүйнө жүзүндөгү элдин 70% түзөт деп айтсам жаңылбайм. Бул чөлкөмдөгү ар бир мамлекеттин кичине болобу же чоң болобу өзүнүн кайталангыс тарыхы, маданияты бар. Өзүбүздүн эле «Манасты» алсак, залкар тоодой болгон эпос болуп саналат. Мисалы, Батыш мамлекеттеринин тарыхында окшоштуктар бар. Ал эми Азия чөлкөмү өзүнчө бир аалам, ар бир мамлекеттин өзүнүн колорити бар. Мына ошолорду чагылдыруу менен Азия фильмдери уникалдуу деп ойлойм.
Дагы караңыз Кыргыз киночулардын кыялындагы «Оскар»
«Азаттык»: «Мителердин» жылдын мыкты тасмасы болушу кыргызстандык кинорежиссерлор деле качандыр бир кезде ушундай ийгиликке жетиши мүмкүн деген үмүттү жараттыбы? Ал үчүн эмне жетишпейт деп ойлойсуз?
Садык Шер-Нияз: Кыргызстандык кинорежиссерлор жаман тартат деп айта албайм. Себеби аты чыгып калган Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Марат Сарулу, алардан кийинки жаштар кандай шедеврлерди жаратып жатышат.
Бизде бир фильмге 50-100 миң доллардын тегерегинде акча бөлүнөт. Бул күлкүнү келтирерлик каражат. Биздин калкыбыз жок дегенде 10-20 млн. болсо, анда элдин эсебинен деле тарта берсе болот эле. Үч миллион кыргыз тилдүү адамдын арасында кыргыз тилинде тасма жаратуу бул абдан кыйын.
Экинчи чоң кемчилик - кино тартылгандан кийин аны эл аралык базарда таанытуу аракети дээрлик жок. Ага да абдан чоң каражат керек. Мисалы, ошол эле «Мителер» фильмин таанытууда миллиондогон каражат сарпталды деген ойдомун. Эгерде бизде да ошондой түртүү болсо бул режиссерлорду шыктандырмак, жаңы эрдиктерге түртмөк, жаңы идеяларга үндөмөк. Мунун баары экономикалык абалдан көз каранды жана өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келет.