Трамп менен Путин саммитте жолугушту

Владимир Путин жана Дональд Трамп, 28-июнь, 2019-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен “өтө жакшы” мамилелерин кубаттады. Трамп Путинди Америкадагы шайлоого кийлигишпөөгө чакырды.

Эки лидер 28-июнда Осакада "Чоң жыйырманын" саммити маалында өзүнчө жолугушту. Акыркы ирет президенттер былтыр июлда сүйлөшүү өткөрүшкөн. Москва менен Вашингтондун мамилелери бир топ маселелерден улам соңку кездери начарлап кеткен.

Кошмо Штаттардын атайын прокурору Роберт Мюллер Орусия 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкенин далилдеген докладын чыгаргандан бери Путин менен биринчи кездешүүсүн Трамп оптимисттик маанайда баштады.

"Бардыгыңарга рахмат, президент Путин менен жолугушуу чоң сыймык. Ортодо талкуулай турган маселелер арбын. Соода, куралсыздануу, балким протекционизм. Түрдүү нерселерди позитивдүү маанайда сөз кылганы жатабыз. Мамилелербиз өтө жакшы. Бир топ оң жылыштар болот. Владимир, чоң рахмат".

Лидерлер сүрөткө түшүп жаткан маалда журналисттер "Америкалык шайлоого аралашуу кабыл алынгыс деп айтасызбы?" деген суроо узатышканда Трамп күлүп, Путинге: “Шайлоого кийлигишпегиле, өтүнүч” деп айтты.

Кремль Орусиянын шайлоого кийлигишкени тууралуу дооматтарды четке кагууда.

Владимир Путин бул жолугушуу диалогду улантуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк, талкуулай турган маселелер бар деди:

"Президент мырзага кошулам, биз талкуулай турган суроолор бар. Бардык маселелер белгиленген. Хельсинкиден бери жолугуша элекпиз. Биздин командалар чогуу иштеп келишти, албетте маалыматтары менен бөлүшүп турушту. Эки командага тең ыраазычылыгымды айтам. Көңүл бурганыңар үчүн рахмат".

Ак үйдүн басма сөз кызматы жасаган билдирүүдө лидерлер ортодогу мамилелерди оңдоо эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына туура келерин белгилешкени айтылат.

Дагы караңыз АКШ-Орусия: алаканы жакшыртууга аракет

Маалыматка ылайык, президенттер Иран, Сирия, Венесуэла жана Украинадагы кырдаалды кеп кылышты. Ошондой эле 21-кылымда куралды көзөмөлдөө модели боюнча талкууну улантууну макулдашты.

Акыркы ирет президенттер былтыр Хельсинкиде кездешкен. Андан бери эки тараптуу мамилелер солгундап кеткен.

Жакында телеинтервьюларынын биринде Путин Москва менен Вашингтондун мамилелери “барган сайын начарлоодо” деген.

Былтыр ноябрда лидерлер Биринчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти белгилөө үчүн француз президенти Эммануэл Макрон тарабынан Парижге чакырылган. Бирок дал ошол маалда АКШ орто жана чакан аралыкка учуучу ракеталар боюнча келишимден чыгып жаткандыктан сүйлөшүүлөр болбой калган. Кийин "Чоң жыйырманын" Буэнос-Айрестеги саммити учурунда кездешмек болуп, Орусия Керч кысыгында украин деңиз аскерлерин кармап кеткенине байланыштуу Трамп сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялаганына байланыштуу Вашингтон санкцияларды киргизген. Андан тышкары Москванын Сирия согушундагы ролу да АКШнын сынына кабылып келатат.

Быйыл 3-майда президенттер бир сааттай телефондон сүйлөшкөнү кабарланган.

Трамптын оппоненттери аны Путин менен өтө дос мамиледе болгонун, Хельсинкиде шайлоого кийлигишүү маселесин ачык козгой алган жок деп сындап келатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.