Орусиядагы шайлоо: урнага чачылган зеленка, Молотов коктейли
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусияда 16-мартта президенттик шайлоонун экинчи күнкү добуш берүүсү уланууда. Шайлоо 15-мартта башталган жана 17-мартта аяктайт.
16-мартка караган түнү Казан шаарында президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Борис Надеждиндин жергиликтүү штабынын башчысы Дмитрий Румянцев кармалганы кабарланды. Ага чейин анын Владивостоктогу, Ханты-Мансийскидеги, Челябинскидеги, Петербургдагы жана Чебоксарыдагы тарапкерлери да кармалган. Согушка каршы чыгып жаткан Надеждиндин тарапкерлери шайлоо тилкелеринин алдында туруп, шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүп жатышкан. Санкт-Петербургда шайлоо участкасында Молотов коктейлин ыргытышкан. Воронежде бюллетень салган урнага зеленка чачылган. "Голос" кыймылы участоктордогу көптөгөн мыйзам бузууларды байкашкан. Кемеров облусунда шайлоочуларга арак, Челябинскиде анализ тапшырууну сунуш кылышкан.