Ракеталык сокку урулган Харьковдогу элдин абалы

Артем Погорелец 21-июлда орус аскерлери Барабашоводогу базарга урган соккунун айынан набыт болду. Топтолгондор жубайы Сабинаны анын сөөгүнө жолотпой, сооротууга аракет кылышууда.

Сокку урулган базарда Погорелец менен кошо дагы эки адам каза тапты. 

 Артем Похорелецтин сөөгүн тааныгандан кийинки досторунун абалы.

Орус аскерлери Харьковдун аялдамаларын экинчи күн катары менен аткылап, карапайым тургундарды өлтүрүп, жарадар кылып, коомдук инфраструктурага олуттуу зыян келтиришти.

Украинанын шаарлары кыйраганын далилдеген видео жана фотолордун бар экенине карабай, Орусия карапайым калкты бутага алганын четке кагып келүүдө.

Тынымсыз аткылоо карапайым калктын үрөйүн учурду.

Базарга урулган соккуда 23 киши жараат алды.

20-июлда аялдамага ракеталык сокку урулуп, үч жай тургун, анын ичинде 13 жаштагы бала набыт болгон. Ошондой эле жардыруудан 15 жаштагы кыз жана улгайган аял жараат алган.

Харьковдо жайкын тургундарга кол салуулар 24-февралда, согуштун биринчи күнү эле башталган. Орус аскерлери шаарды алууга аракет кылып, бирок ишке ашпаганына карабай, аткылоолор токтой элек. 

Куткаруучулар Орусиянын баш аламан аткылоосунан каза болгон дагы бир жарандын сөөгүн алып чыгышты.