Орусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылганын билдирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ал эми украин армиясы аннексияланган Крымдын Феодосия портуна сокку урду. Анда бир киши мүрт кеткени кабарланды. Порттогу "Новочеркасск" десанттык кемеси бутага алынганы айтылууда. Орусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылып, 19 миң киши жашаган Марьинка шаарын “ээлегенин” билдирди. Бирок Киев муну четке какты.