Министр Шойгунун айтканын чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүү деп бааласа болобу?
Коркунуч жараткан талибдер, террорчулар жана... бейөкмөт уюмдар
Шейшембиде өзү жетектеген мекеменин коллегиясында сүйлөгөндө Сергей Шойгу Борбор Азиядагы кырдаал кыйын экенин айтып, коркунучтарга Ооганстандагы талибдерди, "Ислам мамлекети" террордук тобу менен катар өкмөттүк эмес уюмдарды кошту:
"Региондо 100дөн ашуун ири батышчыл бейөкмөт уюмдар иш алып барат. Алардын 16 миңден көп өкүлчүлүктөрү менен филиалдары бар. Атайын аскердик операциянын (Орусия кошуна Украинага ачкан согушту ушинтип атайт) фонунда ошол уюмдар Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия Федерациясы менен аскердик-техникалык, экономикалык жана маданий кызматташтыгын алсыратуу максатында Орусияга каршы ишмердигин кескин күчөтүштү. Биз алдын алуучу чараларды көрүп жатабыз”, - деди Шойгу.
Муну менен катар министр кандай чаралар тууралуу кеп болгонун тактаган жок.
Баса, Москва Украинага басып киргенден кийин Еврошаркет, АКШ жана Батыштагы бир катар мамлекеттер Орусиянын жогорку жетекчилигине, анын ичинде Шойгуга да санкция салган.
Норвегиянын Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале укук коргоочуларды террористтер менен бир топко кошуу күлкү келтирерлик иш экенин жана кеп кылууга арзыбай турганын айтты. "Бишкекте муну бардыгы эле түшүнөт. Эмнеси болсо да мунун өзү орусиялык аткаминерлердин ой жүгүртүүсүн чагылдырат”деп белгелеген эксперт Орусиянын жолоюна түшүү жакшы жышаан эместигине токтолду:
“Биринчиден, Шойгу айтып жаткан уюмдар Орусияга каршы эмес, адам укуктарын камсыздоо үчүн иш алып барат. Орусия Федерациясы адам укуктарын көбүрөөк бузган сайын ал өлкө укук коргоочу уюмдардын чордонунда болууда. Бул табигый көрүнүш. Норвегиянын Хельсинки комитети жакында чыгарган докладында Батыштын санкцияларын кыйгап өтүп, тыюу салынган продукцияны Казакстан, Кыргызстан, Армения жана башка өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирип турганын анализдеген. Биз Брюссель, Киев бийлиги, КМШ мүчөлөрүнүн элчиликтери менен жолугушууларда баяндаманын корутундусу тууралуу маалымат бердик. Бул маселеге эл аралык деңгээлде ушундай көңүл бурулуп жатканы, Европада жана Кыргызстанда жарандык коом санкциялар режиминдеги ошондой “жылчыктарды” аныктоодо биргелешип иштегени бизди кубандырат. Кыргызстанда Орусияныкына окшош “чет өлкөлүк өкүлдөр” мыйзам долбоору иштелип чыкканы бизди тынчсыздандырат. Маселени БУУнун тиешелүү мекемелеринде козгогонбуз. Орусияда укук коргоочулар менен журналисттерге жасалган мамилени көрүп келатабыз. Бишкекте окуялардын ушундай сценарий менен өнүгүшүнө жол бербөө зарыл”.
Дагы караңыз "Чет элдик өкүл" мыйзамы экинчи окууда кабыл алынды"Кыргызстанда талкууланган талаштуу мыйзамдардын артында Москва турганы ачыкка чыгып калды"
22-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелер тармагында иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты.
Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган бул мыйзам долбоору былтыр 25-октябрда парламентте биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбой турганын” айтып келет.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынган.
Саясат таануучу Эмил Жороевдин пикиринде, Шойгунун “байкабай оозунан чыккан же атайын айтылган сөздөрү” бул жана жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамдардын артында Орусия турганын, ошол өлкө дем берип, түрткү болуп жатканын далилдеп койду:
“Шойгу ошол мыйзам долбоорлорун сөз кылган жок. Бирок "Орусияга каршы маанай күчөдү, ошого каршы аракет көрүүдөбүз" деп айткандарынын негизинде эле биздин ички иштерге, коомдук аракеттерге, маанайга, көз караштарга, эркин талкууга болгон сырткы мамлекеттин кийлигишүүсү байкалууда деп ишенимдүү айтсак болот”.
“Адилет” укуктук клиникасы чет элдик өкүлдөр тууралуу мыйзам долбоору Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.
Орусиянын чет элдик агенттер мыйзамы жана анын Борбор Азиядагы "клондору"
Орусиянын мыйзамы 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп тааный алат.
Жергиликтүү юристтер ошол ишмердик аныкталган критерийлер мыйзамда так көргөзүлбөгөнүн белгилешет. Андыктан орус бийлиги жобого таянып, агартуу, маданият, саламаттык сактоо, экология, адам укуктары чөйрөсүндө иштеген уюмдарды да куугунутуктай баштаган. Натыйжада көптөгөн бейөкмөт уюмдар жабылууга же ишмердигин чектөөгө мажбур болду.
Бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген бир катар репрессивдүү деп мүнөздөлгөн мыйзамдар кошуна өлкөлөрдө да кабыл алынган.
Алматыдагы Factcheck.kz сайтынын башкы редактору, журналист Думан Смаковдун айтымында, чөлкөмдөгү өлкөлөрдө өкмөттүк эмес уюмдарды, эркин медианы, анын ичинде Тик Ток, Фейсбук, Гугл өңдүү дөө-шааларды чектөө аракеттери байкалганын белгиледи:
“Казакстанда чет элдик агент деген мыйзам жок. Бирок квартал сайын фискалдык органдар чет жактардан каржыланган уюмдардын реестрин жарыялап турат. Иш жүзүндө - бул Орусиядагыдай чет өлкөлүк агенттердин тизмеси. Казакстандын жеңилдетилген варианты десек болчудай. Андан тышкары Казакстандагы жана Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоорлору Орусиядан көчүрүлгөн же ал жактагынын үлгүсүндө жазылган.
Казакстанда бир нече жыл мурда социалдык тармактарды чектөө аракети көрүлгөн. Кийин ошол эле бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун аракеттери менен ал долбоор өзгөртүлгөн. Кыргызстан, Өзбекстанда ТикТокту тескөө аракетине күбө болгонбуз. Түркмөнстанда Орусияныкынан тышкаркы социалдык түүйүндөргө уруксат берилбегенин билебиз”.
Дагы караңыз "Мониторинг борбору түзүлөт". Өкмөттүн соцтармакты көзөмөлдөө ниетиЖурналист ошондой эле Казакстандагы Январь окуялары, Тоолуу Бадахшандагы толкундоолор, Каракалпакстандагы тополоң учурунда бийликтегилер социалдык тармактарды өчүргөнүн эске салып, ошол учурда бейөкмөт уюмдар менен жарандык коом жабыркагандардын таламын талашып, мамлекеттик органдарга таасир этүү аракетин көрүшкөнүн айтат.
“Орусия –"мына көрдүңөрбү, бейөкмөт уюмдарыңар силердин ишиңерге жолтоо болууда, Батыштан акча алат" деп айткысы келет. Менимче, муну менен Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан ошол уюмдарды чектесин, сазайын берсин деген максат койгон. Түркмөнстанда эмне болуп жатканын айтуу да кыйын. Андан тышкары Кыргызстан, Казакстандагы кээ бир уюмдар - ошол эле "Демос", IWPR Украинадагы согушка байланыштуу элдин пикирин сурап изилдөө жүргүзгөн. Мен билгенден Казакстандагы сурамжылоого ылайык, респонденттердин көбү Орусияны эмес, Украинаны колдоорун айтышкан. Албетте, Москва - "бул неонацисттер, Батыш уюмдары, аларга чет жактардан чоң акча төлөшөт, Орусияга каршы иштешет "деп айтууга аракет көрөт. Бирок 21-кылымдын караөзгөйү путиндик режим экенин түшүнүшүбүз керек”.
Москванын таасирин күчөтүү аракети
Орусия Борбор Азияны өзүнүн салтуу таасир чөйрөсү деп карайт. Айрым эксперттер Москва Украинага басып киргенден бери ошол таасир алсыраганын, Европа, Кытай аларды имерүүгө аракеттенгенин айтышат.
Эмил Жороев Шойгунун жогорудагы билдирүүсүн Орусиянын аймак өлкөлөрүн өз орбитасынан чыгарбоо аракеттеринин бири деп сыпаттады:
“Согуш башталгандан бери Орусиянын таламын талашкан, анын тарабында турган ашып кетсе 5-6 өлкө гана калды. Алардын арасында бейтарап позицияны карманабыз, эч кимге болушпайбыз деген расмий билдирүүлөр менен катар иш жүзүндө Орусияга ылым санаган Борбор Азия Москва үчүн абдан маанилүү. Бул аракеттер регион өлкөлөрүн өз орбитасынан чыгарбоону гана максат кылбайт. Керек болсо бизди Орусиянын чөлкөмдөгү геосаясий максаттарында курал катары колдонуп калбаса экен деген коркунуч бар. Андыктан маалымат коопсуздугубузду бузуп, маалымат айдыңында өздөрү каалашынча бийлегендей, өздөрү каалагандай сценарийлерди иштеп чыгуусуна менимче көңүл буруу керек”.
Думан Смаков кошумчалагандай, Орусия Борбор Азияга болгон таасири азайып баратканын, дос мамлекеттер делгендердин рейтингисинде Казакстан 8-сапта экенин көрүүдө жана мындай абал аларды кубандырбай турганын белгиледи:
"Эми Москва чөлкөмдөгү орусиячыл бейөкөмт уюмдарды көбүрөк каржылайт деген ыктымалдык мени кооптондурат. Алар согушту же Орусияны, орус маданиятын, адабиятын колдогон ар кандай долдбоорлорду буга чейин эле ишке ашырып келген. Менимче, каражат тартыш болгондуктан, мына ушул багытта чара көрүү каралууда. Чөлкөмдө батышчыл 100 уюм бар, биз таасирибизди арттырып, өкмөттүк эмес уюмдарыбыз, маалымат каражаттарыбыз ошол жакта жигердүү иштеш керек деген максат турат".
Эсиңиздерге сала кетсек, мындан туура бир жыл мурда Грузияда ири демонстрациялардан кийин бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген Орусиянын үлгүсүндөгү мыйзам долбоору артка чакыртылган.
Дагы караңыз Деканоидзе: "Чет элдик агент" мыйзамы жарандык коомду жок кылат