Орус жарандыгын алуунун оош-кыйышы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина урушунда мерт болгон теги кыргызстандык Орусиянын эки жаранынын кичи мекенинде жерге берилиши кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга жем таштады. Кыргызстандыктардын жарандык макамга тиешелүү укук-милдеттери кандай? Башка өлкөнүн жарандыгын алууда эмгек мигранттары артыкчылыктар менен катар кандай тобокелчиликтерди эске алышы керек? Жарандыкты алмаштырууга кандай шарт-жагдайлар себеп болот? “Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз.