"Орус дүйнөсү" үчүн согушууда, үйүндө эне тили "кесилүүдө". Мордовиядан репортаж

“Азаттыктын” — “Idel.Реалии” (татар-башкыр редакциясы) кабарчысы Украинада туткунга түшкөн "орус" жоокердин туулган жерине – мордов айылдардын бирине барып келди.

Украина тарап маал-маалы менен орус туткундарынын тизмесин да, алардын кээ бирлери менен болгон маектешүүлөрдү да жарыялап келет. Алсак, “Азаттыктын” “Idel.Реалии” татар-башкыр редакциясы туткундар арасында алыскы Парапино айылында туулган Мордовиянын тургуну Вадим да (ысмы өзгөртүлдү) бар экендигин аныктады.

Редакция ошол айылдын калкы азыр кандай жашап жаткандыгын, эң башкысы, эмне үчүн анын тургундары Орусия менен Украина согушунун алдыңкы чегинде жүргөндүгүн билүү максатында кабарчы жиберди.

Вадимдин айылдаштары жаштар келишим негизинде кызмат өтөөгө көр тирликтин айынан кетип жатат дешет. Орус тараптын айтканына ишенсек, Украинада туткунга түшкөн мокша элинин өкүлү орус тилдүү украиналыктарды "улутчул Киев режиминен" коргоо үчүн барган. Бирок, кызыгы, дал ошол Парапинодо, жалпы эле Мордовияда, Вадимдин эне тилинин (мокшан тилинин) абалы начар – уруш башталганга чейинки Украинанын түштүк-чыгышындагы орус тилине салыштырмалуу аянычтуу экен.

Вадим – “Idel.Реалии” менен маектешүүгө макулдугун берген саналуу аскер туткундарынын бири. Ал аскер туткуну катары Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан кысымга кабылышы ыктымал болгондуктан, кабарчы согушка түздөн-түз тиешеси жок, Вадимдин учурдагы кырдаалга туш келишине өбөлгө түзгөн шарттарга көбүрөөк көңүл бурду.

Вадимдин туулган айылы Парапинодо дээрлик жүз пайыз мокшан калкы жашайт.
Мокшандыктар Волга боюндагы республиканын түпкү элдерине кирет, алардын тили орус жана эрзян тилдери менен бир катарда улуттук билим берүүдө колдонулуучу мамлекеттик тил болуп эсептелет.

Бирок сүйлөшө келгенде Вадим эне тилин анча жакшы билбей тургандыгы белгилүү болду. Бул маселе өтө орчундуу, анткени орус тарап Украинага бастырып киргендеги максаттарынын бири "денацификациялоо", украин көпчүлүгүнөн орус тилдүүлөрдү, башкача айтканда, кайсы бир этностук топторду "куткаруу" экендигин билдирип келет эмеспи.

"Мокшанча анча-мынча билем. Ата-энем менен гана сүйлөшчүмүн, эже-карындаштарым орусча сүйлөшөт, бирок эне тилин түшүнүшөт. Биринчи класстан тогузунчу класска чейин мордов тили менен адабиятын окудум", - деп айтып берди 20 жаштардагы улан.

Эмне үчүн өз тилиңде эркин сүйлөй албайсың деген суроого жигит алгач тайсалдап жооп берди.

"Көпчүлүк кишилер менен жалаң орусча сүйлөшкөнүмдөн болсо керек. Анүстүнө билгенимди да унутуп баратам".

Анан айылдаштарынын орусчага ооп калган себебин "көпчүлүк эки тилде сүйлөшү кыйын" деп түшүндүрдү. Анын пикиринде, орус мамлекетинин буга түздөн-түз катышы бар. Анткени ал элдин “өз өлкөсүндө таза орусча сүйлөшүнө” шарт түзөт, эне тилин билишине болсо анча кызыкдар эмес.

"Idel.Реалииге" бир нече ирет кабарлашкандай, Саранскта эрзян тилинде гимназия ачып берүүнү суранган жарандардын көптөгөн кайрылууларына Мордовия бийлиги көңүл бурбай келет. Бийликтегилер жарандарга эрзян жана мокшан тилдерин өнүктүрүү үчүн жетекчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө эле айтып, формалдуу жооп берип коюшат.

Вадим мокшан тили айылдарда анча-мынча сакталгандыгын, ал эми шаарларда абал кыйла жаман экендигин айтты.

Жоокер мунун себебин да көрсөттү: айылда жалаң мокшандар жашаса да, эне тил предмет катары гана өтүлөт. Калган баардык сабактарды балдар орус тилинде окушат.

Вадим Москванын Киевди өлкөнүн түштүгүндөгү жана чыгышындагы украиналыктардын эне тили делген орус тилин чектеп салды деп айыптагандыгы жөнүндө согушка чейин уккан эмес экен.

“Негизи, мени машыгууга жиберишкен эле”, - деп күтпөгөн жерден кошумчалады ал.

Вадимдин сөзүнө караганда, ал Украинага келип согуша тургандыгын билген эмес, келишимге болсо өткөн жылдын күзүндө кол койгон экен.

Жаш жигиттин үйдөгүлөрү менен сүйлөшкөнгө жетишиптир. Мүмкүнчүлүктү пайдаланып, туугандарына аскер бөлүгү берген маалыматка ишенбегиле деп эскерткенин айтты.

"Бизге айрымдарды аскер бөлүктөрүнүн тизмесинен такыр болбогондой өчүрүп салышты дешет", - деп ал орус тараптын маалыматтарды бурмалап жатканын кыйытты.

Вадим болжол менен 2014-жылдан бери айылдын абалына көңүл бурулбай, начарлап кеткендигине да нааразы. 2014-жылга чейин экономикалык жактан элеттиктер “түзүк эле” жашап келген болчу дейт ал.

"Кийин акчанын куну кете баштады. Мурда 1000 рублга бир себет толтура соода кылчубуз. Азыр буга эмне сатып алса болорун билбейм дагы. Нан, сүт жана жумуртка алсаң керек", - деп жыйынтыктады Вадим.

"Айылга жетиш кыйын"

Вадим туткунда, ага кысым болгону үчүн ушинтип айтышы да мүмкүн. Ошондуктан "Idel.Реалиинин" кабарчысы Парапино айылындагы жагдайды өз көзү менен көрүш үчүн жаш жигиттин кичи мекенине жөнөдү.

Мордовиянын борборуна келгенден кийин автобекетке бардык. Ал жерден автобуска түшүп Саранскиден 108 километр алыс жайгашкан райондун борбору Ковылкиного жөнөдүк.

Ковылкинонун мокшача аталышы – Лашма Ош.

Автобустун айдоочусу Ковылкинодон Парапиного чейин такси менен эле баргыла, анткени коомдук ыңгайлуу унаа жок деди. Жол кире 150 рубл, 15–20 мүнөттө жетсе болот экен.

Таксинин айдоочусу "эмчи Валентинага барасыңарбы" деп сурады. Көрсө, Парапиного Орусиянын булуң-бурчунан "мордовиялык бакшынын эми-домунан шыпаа табуу үчүн" келишет экен. Мындай сунушту четке какпай, ошого барабыз дедик.

Орусиянын шартында Парапино – кыйла чоң айыл. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча мында бир жарым миңге жакын киши жашайт. Айылга жеткенче таксист бүгүнкү орус провинциясындагы “турмуштун кунарсыз чындыктарын” айтып берди.

"Туш келген жерге чочкоканаларды салып жиберишти. Жыты быкшыйт… Жаштар акча табуу үчүн негизинен Москвага барышат. Ошол жактан гана аздыр-көптүр акча тапса болот. Ульяновскиден көптөгөн адамдар жумуш издеп кетишет. Эркектер күзөтчү болуп же курулушта иштесе, аялдар дүкөндөргө сатуучу болуп орношот", - дейт айдоочу.

Мордов айылы Парапинодогу чиркөө.

Мындагы адамдар согуш тууралуу анча сөз кылбайт. Орус аскеринин катарында урушуу үчүн Украинага барууну каалаган жаштар барбы деген суроого таксист түз жооп берүүдөн тайсалдады.

"Жакшысы, сурабай эле коюңуз. Бул согуш кимге керек?", - деп ичтеги санаасын билдирди ал.

Ушундан кийин сүйлөбөй да койду. Биз Парапинодогу кызыл дарбазасы бар үйдүн эшигине токтогончо унчукпай бардык.

Үйдүн жанындагы анча чоң эмес жасалма көлмө айлананы көркүнө чыгарып турду. Дарбаза ачык экен. Эмчинин короосунда гипстен жасалган айкелдер жайнайт – мында суу пери дагы, гномдор дагы, жапайы жаныбарлар да бар. Эшик алдында бир да жан жок; тазалыкты сактап, бут кап кийгиле деген эскертүү жазылыптыр. Бизди жоолук салынган, көз айнекчен орто жаштагы аял илбериңки тосуп алды.

"Кире бериңиздер, кириңиздер, коркпоңуздар", - деп, Валентина бизди ичкериге чакырды.

“Ушул согуш тез эле бүтсө экен. Андан эч жакшылыкты күтүүгө болбойт. Канчалаган балдар набыт болуп жатат. Бизден бирөө ошол жакта туткунга түшүптүр”, - деп, ал дароо сөздү баштады.

Согуш тууралуу шыбыр кеп

Аял сөзүн дээрлик шыбырап улады.

"Экөөнү билем, бошотушту… биринин жаагын сындырып, парапиндик биздин баланын бөйрөгүн жанчып салышыптыр", - оор күрсүнөт Валентина. Бөйрөктөрдүн жарабай калганы жөнүндө кайдан билесиз деген суроого, айылда баары ушинтип айтышууда деп жооп берди.

Ал эми парапиндиктер Украинада колго түшкөн орус жоокерлеринин кор болгону тууралуу чын эле көп айтышат. Андыктан Валентина ушундай болуп жаткандыгынан күмөн санабайт.

"Бир канча жыл мурда бизден 150 километр алыс жерден мага дабалоо үчүн бир баланы алып келишти. Ал кекеч экен. А жакында энеси анын сөөгү көмүлүп жаткандыгы жөнүндө видеону жөнөттү. Эх, согуш! Анын эмне кереги бар… Жоокердин апасы 9-майда медал беришкенин айтты. Баласы жок болду, эмне, ал эми медалды карап отурабы?!", – деп ачууланды аял.

Валентинанын сөзүнө караганда, Парапинодон туткунга түшкөн жигиттин энеси баардык инстанцияларга кайрылыптыр, бирок баардык жерден: “Тирүү калганына сүйүн. Келет, күт”, - деген жооп алыптыр.

Эмчи туткундалган жоокердин чоң энесин тааныйт экен, аны “жакында чиркөөдө" да көрүптүр. Бирок жоокерден азырынча эч кабар жок. “Мен биздин балабыз үчүн күн сайын дуба кылам. Ал дени сак келиши керек”, - деп үмүттөнөт Валентина.
Мордовиядан кайтып келгенден кийин туткундагы жоокердин чоң энеси менен телефон аркылуу байланышууга жетиштик.

"Мен бул темада сүйлөшкүм келбейт. Биз азыр жаңылык күтүп жатабыз, абал өзгөрүп, дүйнөдө баары ордуна келсе деп тилейбиз", - деген Татьянанын үнүнөн жакшылыктан үмүт кылганы угулду.

Жоокер Вадимдин көп балалуу үй-бүлөсүн Парапинодо элдин баары билет.

"Төрт баласы бар, акчага муктаж болушчу", - деп чындыкты айтышты жергиликтүү тургундар. Элдин сөзүнө караганда, Вадим Украинадагы согушка жокчулуктун айынан кеткен.

Кошуналары туткунга түшкөн жоокердин энеси: "Ушунун баарынын эмне кереги бар эле, мындан көрө кара нан жеп отурса жакшы эмес беле?" - деп кейип жүргөндүгүн кеп кылышты.

Денацификация

Парапино айылынын административдик имараттарынын биринде жергиликтүүлөр айтмакчы, "дүйнөдөгүнүн баары" бар: мектеп, бала бакча, айылдык клуб жана жергиликтүү айылдык акимчилик ушул жерде.

Парапино калкынын 98 пайыздан көбүн мокша элинин өкүлдөрү түзө тургандыгын жергиликтүү мектептин имаратындагы көрнөк гана айтып турат. Ал мокшан жана орус тилдеринде жазылган.

Акимчиликтин имаратынын жанында абдан тынчсызданып турган кишилерди байкадык. Эки аял мокшан тилинде бирдемени айтып жатты. Көрсө, бүгүн кимдир-бирөөнү көмүшөт экен. Аялдардын бири айылдык акимчиликтин көмөкчү кызматкери экен. Ал бүгүн көптөн бери залалдуу шишик менен ооруп жүргөн 72 жаштагы киши асынып алганын айтып жатыптыр. Ошол учурда "Медициналык кызмат. Аялдардын ден соолугу" деген жазуусу бар ак автобус өтүп калды. Жергиликтүү аялдар "шаардык дабагерлер эмнегедир айылга көп каттап калгандыгын" сөз кылышты.

Акимчиликтин кызматкеринен балдар айылда мокшан тилинде сүйлөшөбү деп сурадык. Ал мектеп деректири орус аял, ошондуктан “жалпы билим берүү тармагында улуттук маселе жакшы жолго коюлбаган” деди.

"Биз өз тилибизде сүйлөйбүз, ал биздин сөзүбүздү түшүнбөйт. Өз тилибизде сүйлөгөнүбүз ага жакпайт. Жамандап жатышат деп ойлойт го. Биздин балдар ушул мектепке каттайт, мындагы балдар бакчасы да эми орус тилдүү болуп калды. Мындай шартта алар эне тилин кантип үйрөнсүң? Мектепти мындай кой, үйдө да мокшанча дээрлик сүйлөшпөйт", - дейт маектешибиз.

Ушул жерде дагы бир жолу расмий Москва украин тилин Украинанын чыгышында билим берүү процессине акырындык менен жайылтуу аракетин орус тилдүүлөрдү кысымга алуу, атүгүл зордоп ассимиляциялоо катары карап жаткандыгын эске сала кетели. Бул Украинада, ал эми Орусияда "ассимиляция" дегендерге ар кандай жарлык тагылышы, жарандык маселелерди козгогондор катуу айыпталышы да мүмкүн.

Түшүнүксүз согуш жана анын кесепеттери

Аялдар менен кездешкенде Украинада келишим боюнча согушуп жаткандар жөнүндө кеп козгодук. Жаш жигиттер аскер кызматын өтөөгө келишим түзгөн учурларды билесиздерби деген сурообузга: “Ооба, укканбыз. Бизге почтодон келишим түзсөңөр болот деген каттар келди. Дал уулумдун туулган күнү келди. Мен ага көрсөттүм, бирок менин көңүлүм тынч, анткени балдарым ал жакка барбайт”, - деди маектештердин бири. Ошол замат туткундалган айылдашын эстеди.

"Биздин бир жоокер азыр туткунда. Алар эмне үчүн ал жакка кетип жатышат? Албетте, акча үчүн", - деп ишенимдүү айтты.

Украина коомунун бир бөлүгү үчүн “орус” келечеги үчүн согуш жергиликтүүлөргө көп жагынан түшүнүксүз окшойт. Алар Орусия эмне үчүн күрөшүп жатканын билбейбиз дешет. Алардын айтымында, мамлекеттик телеканалдагы маалымат аларга анчалык түшүнүктүү эместей. Мисалы, алар украин бийлигин телевизордон дайыма эмне үчүн "нацисттик режим" деп атап жатышканын билишпейт.

Биз көчөдө жолуктурган мокшан чоң эне неберелеринин эне тилин билбей жатканына кыжаалат болот экен.

"Менин балдарым эрезеге жетишкен, ал эми неберелерим орусча чулдурайт", - деп кейиди бул кемпир. – Мокшан тили такыр жоголуп кетеби? Менин келиним орус, уулум мордвин. Рузаевкада турушат, орусча сүйлөшөт. Мокшан тили жоголуп кетпеши керек. Өз тилибизди жеригенибиз жакшы эмес. Эми мектепте баргандар да, бала бакчага баргандар да орусча чулдурашат".

Парапинонун тургуну учурда жаштардын айылда орун-очок алышы кыйын экендигин да айтты. Эгер жумуш орундары болсо да аз төлөнөт. Ошондуктан кээ бирөөлөр келишим түзүп, Украинага урушканы кетип жатат деди ал.

“Үй-бүлөсүн таштап кетип жатышат. Баары акчанын айынан. Батирде турушат, балдары жаш”.

Жергиликтүү элди түйшөлткөн дагы бир көйгөй – жолдор. Кемпирдин укканына караганда, быйыл жолду эстеликке чейин салууга убада кылып, бирок кайсы эстелик экендигин так айтышпаптыр.

"А жер-бу жерин оңдоп-түзөшөт же жөн эле чуңкурларды жамашат", - деп кошумчалады акимчиликтин кызматкери.

Ошол эле учурда бийликке ачык нааразылык байкалбайт – айылдык клубда “депутаттар колдорунан келишинче аракет кылып жатышканын” айтышты.
Бирок кеп бир гана жолдордо эмес. Жергиликтүү тургундардын сөзүнө карасак, Украина менен согуш башталгандан бери айылдагы азык-түлүк дүкөндөрүндө баалар кыйла өскөн.

Бир дүкөндөн биз банан 135 рубл, мандарин 245 рубл, сүт 60 рубл, каймак майдын кутусу 150 рубл, жумуртка 80 рубл, бөлкө 30 рубл турарын көрдүк. 1000 рубл жөнүндө Вадимдин айтканы туура экен – азырынча айылда анча акчага нан, сүт жана жумуртка сатып алса болот. Вадим кайтып келгенге чейин кандай болуп каларын айтуу кыйын.

Парапино айылындагы жер-жемиштердин баалары.

Мурдараак "Idel.Реалии" Орусия менен Украинада мамлекеттик улуттук саясат кандай ишке ашып жаткандыгын жазган болучу. Украинада улуттук азчылыктардын тилинде университеттер иштейт, азчылыктар өз партияларын да түзө алат. Украинанын түштүгүндө жана чыгышында негизинен орус тили колдонулат.

Ал эми Орусияда болсо 2002- жана 2010-жылдардагы эки эл каттоонун аралыгында Волга жээгинде эле эмес, Түндүк Кавказда да түпкүлүктүү элдердин тилинде сүйлөгөндөр азайып кеткени байкалган.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.