Баткен шаарындагы “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музейи мындан төрт жыл мурда иштей баштаган. Баткен мамлекеттик университетинин астында ачылган бул борбордо эки миңден ашык экспонат бар. Аны музейдин негиздөөчүлөрү айыл-кыштактарды кыдырып чогултушкан.
Музейди негиздегендердин бири, жетекчиси Абдинаби Кадыров чакан жайга топтолгон экспонат, буюм жана материалдардын ар биринин тарых-таржымалын түшүндүрүп берүүдө.
“Араб ариби менен жазылган эски китептер, документтер, ар кандай материалдарды жыйнадык. Бир канча жер, суу аталыштарына байланышкан, орто кылымдардын тарыхын чагылдырган атластарды таптык. Булар боюнча изилдөө жүргүзүп жатабыз”.
“Баткен археологиялык эстеликтерге абдан бай. Алардын сап башында “Барса келбес” (“Кан-и-Гут”) үңкүрү турат. Анын башаты II кылымга таандык деп билебиз. IV-IX кылымдарда 500 жыл бою үзгүлтүксүз иштеген. Андан кийин Кокон хандыгынын тушунда, кийинчерээк советтик доордо да иштегени тууралуу далилдер бар. Бул жерден чыккан күмүш, темир Азия жана Европа өлкөлөрүнө чейин сатылып турган”.
Тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров уникалдуу тарыхый таржымалдарга бай Баткенде мекеменин түптөлүшүнө токтолду.
“Баткен айылына шаар макамы берилгенде сырттан келген адамдардын, туристтердин катары калыңдап, алар аймакта музейдин жоктугун айта баштаган. Буга чейин Баткенде музейдин жоктугу бизди, тарыхчыларды да өкүндүрүп жүргөн эле. Мындан улам Баткен мамлекеттик унивеситетинин тарыхчы мугалимдери өзүбүзчө демилге көтөрүп, материалдарды топтоого кириштик. Бул имаратты БатМУ жетекчилиги оңдоп-түзөп, өткөрүп беришти. Ага чейин биз бир жыл бою Баткен районундагы бардык айыл-кыштактарды кыдырып, элден материалдарды, экспонаттарды топтоп келдик. Тургундар ата-бабасынан калган буюмдарын бизге белек катары эле тартуулап жатышты”.
Музей негизинен алты тематикага бөлүнгөн. “Мамлекеттүүлүк” бөлүмүндө Баткен жергесинен чыккан кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө салым кошкондор Алымкул аталык деген ат менен белгилүү болгон Алымкул Асан уулу (Полот хан деген ат менен белгилүү), Кокондун акыркы ханы Исхак Асан уулу, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев, Төрөбай Кулатов, Мурат Салихов тууралуу кеңири маалыматтар, документтер коюлган.
Музейдин “Археология” бөлүмүндө I-II кылымга таандык чоподон жасалган өндүрүштүк түтүктөрдүн түп нускаларынан баштап, Баткенде жаңыдан коргоого алына баштаган петроглифтердин, 1970-жылдары Баткендин Кара-Булак айылындагы “Мыктым-Гөр” көрүстөнүнөн табылган, кийин 2017-жылы кайра көмүп салышкан аялдын мумиясынын репродукцияларын көрүүгө болот.
"Мумиянын репродукциясын да коюп койдук",-деди Кадыров. Биз андан Баткенде табылып, кийин кайра көмүлгөн мумия тууралуу сурадык.
"Аны кайра казып алып, ушул музейге коёлу деп бир нече жолу кайрылдык. Эгер бул жерге шарты туура келбесе, Оштогу музейге берүү керектигин айтып кайрылдык. Бирок эч ким бизге жооп бере элек. Эгерде уруксат беришсе, археологдорду чакыртып туруп өзүбүз эле казып алалык деген сунуштарды да жолдогонбуз".
“Айгүл-Тоо” тарыхый музейинин алдында университеттин тарыхчылары студенттер менен бирге изилдөө жүргүзүшүп, кыркка жакын археологиялык-тарыхый эстеликтер камтылган картаны иштеп чыгышкан.
Алардын арасында жаңы табылга катары мамлекеттик ишмер, кол башчы, акын Захириддин Мухаммад Бабур өзүнүн эмгектеринде жазып калтырган “Күзгү таш” археологиялык аймагы да айтылат. Кыргыз-тажик чек арасына жакын орун алган айнектей жылма тоо-тектери жайгашкан жер “Бабурдун Баткендеги изи” жаңы туристтик багытына киргизилгени турат.
“Захириддин Мухаммад Бабур 1503-жылы Шейбани хандан жеңилип, куугунтукталып келатканда азыркы Баткен өрөөнүдөгү “күзгү таш” жөнүндө “Санги айна” деп жазган. Биз 4-5 жыл мурда Бабур жазып калтырган күзгү ташты таптык. Баткендин Тажикстан менен чек арасына жакын жерде адырлардын арасында экен. Биз азыркы учурда “Захириддин Мухаммад Бабурдун изи менен” деген туристтик багыттарды уюштуруп каалоочуларга көрсөтөлү деп турабыз”.
“Акыркы жылдары өлкөгө ачылыш болгон Баткен петроглифтерин илимий айлампага киргиздик. Баткен районунда эле алардын он миңден ашууну катталды”.
“Айгүл-Тоо” тарыхый музейин негиздегендердин дагы бири тарых изилдөөчү Жамалидин Абдуллаев. Ата Мекендик согуш жана Баткен окуясы боюнча бөлүмдү түптөгөн мугалим согушка барып келген райондогу ар бир ардагердин үйүнө, жакындарына жолугуп чыккан.
“Менимче, музейдеги материалдардын арасынан эң кызыктуусу бул - каттар. Ата-Мекендик согушта фронттон келген үч бурчтуу каттар”.
Абдуллаев Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы айрым окуяларды документалдык фактылар, буюмдар, сүрөттөр менен негиздеп жазып чыккан.
Макаланын аудио версиясын бул жактан угуңуз
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Эки аксакал согуш мезгилинде Москвадагы өкмөткө бир танкага жете турган акча жөнөткөн. Бул тууралуу “Известия” гезитинен ошол жөнөткөндөрдүн бири Сыдык Айтматовго “сиздер жөнөткөн акчага танка куралып фронтко кошулду” деген мазмундагы кат келген. Дагы бир окуя, Баткен районундагы Кара-Токой колхозунун раиси Бердикул Ахматов Баткенден Ленинградга эки вагон жардам алып барган экен. Булар барган мезгилде Ленинград курчоого алынып, блокадада бир ай калып кетет. Кийин Ленинграддын жетекчилери "полуторка" делген "ГАЗ-АА" үлгүсүндөгү жүк машинасын белекке жиберген. Машине келген күндөн баштап Кара-Токой колхозу “Ленинград” колхозу деп аталып калган.
- А бул керебетчи?
-Бул керебет да Москвадан “Сталинден белек” катары келген. Фронтовиктердин арасынан эң күчтүүлөрү мына бул төрт аксакал. Экиден “Даңк” ордени, “Кызыл жылдыз”, “Ата мекендик” согуш жана “Эрдик үчүн” ордендери да бар".
Баткендеги жалгыз музейден жүз жылдык килемдерди, азыр токулбай калган уникалдуу терме таарларды, буюм салчу жүн менен согулган чабадандарды көрүүгө болот.
“Бул чабадан. Ал жүктүн эң астына жыйылчу. Үйдө турганда ичине саман же дагы башка кийилбеген кийим кечектерди салып коюшчу. Жайлоого же бир жакка көчүп калганда, ичиндеги саманды алып салып кийим-кечекти ичине салып тигип коюп унаага өңөрүп алып кете беришкен. Ошо биздин чабаданды европалыктар чемодан деп алышкан. Мына мунусуна 100 жыл, наркысына 150 жыл болгон”.
Музейде Баткен районунун көп жерин суу менен камсыз кылып турган Төрт-Гүл суу сактагычына атайын бөлүм арналыптыр. Музейди түптөгөн үчүнчү тарыхчы Кубанычбек Таиров 1970-жылдары ошол кездеги дүйнөдөгү эң чоң жасалма көлдүн тарых-таржымалын топтогон.
“Төрт-Гүл суу сактагычынын стратегиялык объект катары маанилүүлүгүн, анын курулуш тарыхын, уникалдуу көлдүн Баткен районунун, Баткен шаарынын пайда болушуна негиз болгондугун айрыкча окуучуларга айтып бергенге аракет кылабыз. Бул жасалма көл болбогондо 1970-жылдары азыркы Баткен районунун чыгыш тарабындагы айылдарын Кадамжай районуна, Батыш тарабын Лейлек районуна кошуп салуу маселеси турган экен. Ал 450 гектарды ээлеп, 90 миллион куб суу батат”.
“Айгүл-Тоо” музейинин жетекчиси Абдинаби Кадыров жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Учурда музейдин 400 чарчы метрлик жаңы заманбап имаратынын курулушу башталыптыр.
“Биздин Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдар Гыязовдун демилгеси менен жаңы имараттын курулушу башталды. Архитектуралык-сметалык документтери даярдалды. Буюрса, ушул жылдын этегине чейин жылуулук, коопсуздук системалары камтылган заманбап музей имараты бүтүп калат деген ойдо турабыз. Ал музей имаратынын жалпы аянты 400 чарчы метрди ээлейт".
"Музейдин тардыгы айрыкча элеттеги мектеп окуучуларынын топтошуп келгенде байкалып жатат. Көргөнү келгендердин кубаттаган, жылуу пикирлерин укканыбызда, ансыз да энтузиазмда иштеп жаткан тарыхчылар ого бетер канат байлап калабыз", - дейт Абдинаби агай.
“Акыркы жылдары Баткен шаарындагы бардык мектептер көрүп кетишти. Акысыз эле келип көрүп же тарых сабактарын ушул жерде өтүп кеткиле деп чакырдык. Баткен районуна караштуу айылдардын окуучулары да келип жатат. Окуучулар экспонаттарды өз көзү менен көрүп, колу менен кармап кеткенден кийин тарых сабагына болгон кызыгуулары артканын мугалимдер бизге жазышты. Деги эле музей ачылгандан бери Баткен коомчулугу тарабынан жакшы кабыл алынды”.
Баткен мамлекеттик университетине караштуу “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музей комплекси 2018-жылдын июнь айында ачылган. Музейдин жанына айкелдер, инсталляциялар камтылган ачык асман алдындагы аллея да пландалган.