Рождествону ажырым коштоду

Орус президенти Владимир Путин Санкт-Петербург чиркөөсүндөгү диний жөрөлгө маалында, 7-январь 2019-жыл.

Бүгүн дүйнөдөгү миллиондогон православ христиандары Ыйса пайгамбардын туулган күнүн же Рождествону белгилеп жатышат. Бул жолку майрам православ дүйнөсүндө ажырым күчөгөн учурга туш келди.

Иерусалим менен Каирден Москва жана Киевге чейинки дүйнөнүн ондогон шаарларында дүйшөмбүгө караган түнү Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө арналган диний жөрөлгөлөр өттү.

Батыш өлкөлөрүнүн көбү Рождествону григориан жылнамаасы боюнча 25-декабрда белгилешет. Орусия, Украина, Грузия, Сербия жана Иерусалимдеги православ чиркөөлөрү бул күндү юлиан календарына ылайык майрамдашат.

Совет доорундагы динден алыс идеологияда тарбияланган орус президенти Владимир Путин да, соңку жылдары адатка айланып калгандай, Санкт-Петербургдун негизги чиркөөсүндөгү Рождествого арналган диний жөрөлгөгө катышты.

Ал эми орус православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл Москвадагы "Ыйса куткаруучунун" храмында таат окуду.

Орусияда "Рождество" жылдагыдай эле өтүп жатканы менен бул жолку диний майрам православ чиркөөсүндөгү ири ажырым менен коштолду. Себеби мунун алдында Украинанын православ чиркөөсүнүн Орусиядан 330 жылга созулган диний көз карандылыгына чекит коюлду.

Жекшемби күнү Украинанын православ чиркөөсү Орусиядан бөлүнгөнүн расмий түрдө ырастаган, Константинополь патриархы Варфоломей кол койгон өз алдынчалык жөнүндө күбөлүк (томос) алды.

Украинанын президенти Петро Порошенко Константинополь патриархы Варфоломей менен. 6-январь, 2019-жыл.

Патриарх Варфоломей - дүйнөдөгү 300 миллиондой православ жамаатынын лидери. Анын чечими менен Киевдин чиркөөсү өз алдынчалыкка жеткенин украин президенти Петро Порошенко да катуу кубаттады:

- Биздин чиркөө биздин өлкөнү бириктирип, күчтөндүрөт жана бекемдейт. Бүгүнтөн тарта биздин жашообуз жакшыра турганынан күмөнүм жок. Себеби, биздин өзүбүздүн чиркөөбүз бар. Бул кудайдын кудурети жок мүмкүн болмок эмес. Бардык украиналыктарды биздин жаңы чиркөөбүз менен куттуктайм. "Рождество" кут болсун!, - деп билдирди Порошенко бир күн мурда "Азаттыктын" украин кызматына.

Киев чиркөөсүнүн өз алдынчалыгы үчүн аракеттер Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасстагы жикчилерди колдой баштагандан тартып күчөгөн.

Резиденциясы Стамбулда жайгашкан патриарх Варфоломей Украинанын өтүнүчүн канааттандырып, чиркөөгө өз алдынчалык ыйгаруу тууралуу чечимин өткөн октябрда жарыялаган.

Жаңы украин чиркөөсүн тааныбаган орус православ чиркөөсү Константинополь патриархаты менен байланыштарын үзүп салган.

Москва чиркөөсүндөгү "Рождествого" арналган диний жөрөлгө, 6-январь 2019-жыл.

Москвадагы чиркөөлөрдүн биринин побу Андрей украин чиркөөсү Москвага баш ийген бойдон кала берерин айтты:

- Украинада Москванын патриархатына караштуу украин православ чиркөөсү болгон жана боло берет. Ооба, ал куугунтукка кабылып жатканы бышык. Бирок мындай шартта динди карманган адамдардын ишеними курчуйт. Кыйынчылыктар, суракка алуулар жана храмдарды тартып алуу сыяктуу көрүнүштөргө карабастан динзарлардын басымдуу бөлүгү Москва чиркөөсүнө ишенимин жоготушкан жок. Мунун баары байыркы Константинополь партриархатынын православ чиркөөсүнүн жолунан тайганынан улам пайда болду. Ал Украинада башынан бери эле боло келген жикчилдерге кошулуп кетти.

Кантсе да Москвадан расмий бөлүнгөн украин православ чиркөөсүнүн башчысы митрополит Епифаний 7-январга караган түнү Киевде ортодокстордун Рождествосуна арналган алгачкы таатты окуду.

Православдардын Рождество майрамы Иерусалимде нааразылык менен коштолду. Иерусалимдин чыгыш тарабында ондогон демонстранттар акцияга чыгышып, аймактагы грек православ чиркөөсүн палестин тарапта жайгашкан кыймылсыз мүлктөрүн жөөт конуштарынын кеңейишин жактаган топторго сатып жибергенин айыпташты.

Египеттин борбору Каирде бул күнү православ христиандарынын жаңы храмы жана аймактагы эң ири мечиттердин бири расмий ачылды. Бул өлкөдө исламчыл согушкерлердин христиан азчылыктарын бутага алган кандуу чабуулдар токтобой келет.

Армениянын православ чиркөөсү Рождествону 6-январда белгилесе, Румыния, Греция жана Болгариядагы православдар Ыйса пайгамбардын туулган күнүн григориан жылнамаасы боюнча 25-декабрда майрамдашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.