"Ооганстандагы кырдаалдан башка өлкөлөр сабак алышы керек"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Быйыл августта Ооганстандагы бийлик “Талибан” кыймылына өткөнүнө эки жыл болду. Андан бери эл аралык коомчулук талиб өкмөтү ар кыл чектөөлөрү, адам укуктарын, аялдардын укуктарын одоно чектеп жатканы тууралуу коңгуроо кагып келет.

Ооганстандагы учурдагы абал, гуманитардык кризисти чечүү аракеттери жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири тууралуу БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Ооганстанга жардам берүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева "Азаттыкка" маек курду.