«Кыргыз элине өмүр бою ыраазыбыз»

Сардар Мухаммад Сахи

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамындагы «Ооган диаспорасы» коомдук бирикменин төрагасы Сардар Мухаммад Сахи менен маек.

- Сардар Мухаммад Сахи мырза, тарыхый мекениңиз Ооганстанда отуз жылдан ашуун мезгилден бери кан төгүлүп, тынчтык болбой келатат. Бейкүнөө мекендештериңиздин шоргологон көз жашына, убалына кимдерди күнөөлөсө болот? Сиздин пикириңизде карапайым элиңизди кайгы-муңдун казыгынан бошотпой сыздатып келаткан бул кандай согуш?

- Биздин ал-абалыбызды сурап келгениңиз үчүн адегенде алкыш айтайын. Бул согушту мен ички жана тышкы күчтөр тарабынан таңууланган, карапайым элдин шоруна айланган кесепет согуш деп айтаар элем. Өзүңүздөр көрүп, угуп турасыздар, күн сайын эмнелер болуп жатканын.

Согуштун кесепетинен 10 миллионго жакын мекендештерибиз чет өлкөлөргө качып чыгууга аргасыз болушкан жана азыр деле качкын болушууда. Качкындардын 3 миллиону коңшулаш Пакистанда, 2,5 миллиону Иранда, калганы башка өлкөлөрдө, ошонун ичинде Кыргызстанда да баш калкалап, мусапыр болуп жүрүшөт.

Дагы караңыз Оогандык кыргыздын үмүтү

Мындай азаптуу тагдыр эч кимдин башына түшпөсүн ылайым. Ооганстан эл аралык терроризмдин торуна түшүп калган. "Ислам мамлекети" ж.б.бандиттик топтордун баары Ооганстанды ондогон жылдардан бери оюнчуктай ойноп, согуш майданына айландырып алышкан. Алардын артында мыкаачылыгын колдогон, ар кандай максаттарга каржылап шыкактаган чоң күчтөр бар, албетте.

- Согуштун токтобой жатканына андан башка дагы эмнелер себеп болууда?

- Андан башка себептери да бар. Маселен, Ооганстан экономикалык жактан артта калган, өнүгө албай келаткан алсыз өлкө. Чек аралары ачык, өзүн-өзү коргой албайт. Өкүнүчтүүсү – өлкөдө коррупциянын тамыры өтө тереңдеп кеткен. Ошо коррупция жоюлмайынча, Ооганстандын оңолушу кыйын. Коррупция деген балакет мамлекетти биротоло муунтуп алган. Айтор, өлкө эл аралык террорчулар менен гүлдөгөн коррупциянын чеңгелинен чыга албай, абдан татаал күндөрдү баштан өткөрүп келатат.

- Эми Кыргызстандагы оогандар тууралуу кеп салып берсеңиз.

Өлкө эл аралык террорчулар менен гүлдөгөн коррупциянын чеңгелинен чыга албай, абдан татаал күндөрдү баштан өткөрүп келатат.


- Кыргызстан 1992-жылы оогандык качкындарды алгачкылардан болуп кабыл алган өлкө. Биз бул үчүн өмүр бою рахмат айтып, өмүр бою таазим кылабыз. Ырайымдуулугуна баа жеткис кыргыз элине, бийлигине терең ыраазыбыз. Азыркы учурда Кыргызстанда 1500дөн ашуун оогандар бар, алардын 600 Кыргыз Республикасынын атуулу болуп саналат, калганы качкын статусун алгандар жана башкалар. Атуулдук алуу жагынан тоскоолдуктар болгон жок. Качкындар кезеги жеткенде мыйзам негизинде атуулдукка ээ болушууда.

- Алар эмне менен алектенишет?

- Көбүнесе соода-сатык, майда бизнес кылып жан багат.

- Уул-кыздарыңыздардын билим алуу жагы кандай болууда?

- Балдарыбыз шаардагы он кыргыз жана орус мектептеринде окуп жүрүшөт. Бул маселе оң жагына чечилген.

- Өзүңүздүн канча перзентиңиз бар? Алар менен кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?

- Алты балам бар, баарыбыз өз эне тилибиз фарсыча сүйлөйбүз. Балдарыбыз өз эне тилдерин унутуп калбасын үчүн кам көрүп келатабыз.

Мамлекеттик тилди билүү кайсыл гана улут болбосун ыйык парзы. Муну мамлекет өзү атуулдарынан катуу талап кылып турса жакшы болмок.


- Балдарыңыз кыргыз тилин үйрөнүп калышса керек?

- Балдар чоң кишилерге караганда тилди бат эле үйрөнүп алат экен. Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү Башкармалыгы кыргыз тили боюнча уюштурган сынакта кызым Зухал биринчи орунду ээлеп, бизди абдан кубандырган. Ал Кыргызстанга бир жарым жашында келип, ушул жерде билим алган. Алты тилде сүйлөй алат. «Ооган диаспорасы» коомдук бирикмесиндеги жаштар канатын жетектейт азыр. Бирикмебиздин жетекчилиги тил үйрөнүү маселесин чечүүгө өзгөчө маани берүүдө.

Американын Борбор Азия университетинде үйдө отурган ооган аялдар үчүн орус тили курсун уюштурганбыз. Буюрса, Нооруз майрамынан кийин ошол эле окуу жайда кыргыз жана фарсы тилдери боюнча экинчи курсту ачалы деп турабыз. Тагдыр буйругу менен кайсыл өлкөдө жашабагын эң оболу анын элинин тилин, маданиятын, каада-салтын, тарыхын, руханий дөөлөттөрүн ж.б. өзгөчөлүктөрүн билүүгө милдеттүү экениңди унутпашың керек.

Мамлекеттин Конституциясын, мыйзамдарын сыйлоого тийишсиң. Буларды ар бир ата-эне балдарына айтып, кулагына куюп турушу кажет. Ал эми мамлекеттик тилди билүү кайсыл гана улут болбосун ыйык парзы. Муну мамлекет өзү атуулдарынан катуу талап кылып турса жакшы болмок. Анткени, мамлекеттик тилди билүүнү катуу талап кылуу – бул басмырлоо эмес, мыйзам ченемдүү эле нерсе.

Адам деген тагдырында ар кандай абалга туш келиши мүмкүн. Мусапырчылыкта да, башына кайгы – муң түшкөндө да адам сынбашы керек экен. Эл бири-бирине күйсө, барчылыктын кадыр-баркына жетсе, тынчтыкта жанаша жашоонун инсандык мыйзамдарын туу тутса, эгемендүүлүккө шүгүр кыла турган болсо, анда дүйнөдө болуп жаткан азыркы согуштар эч качан болмок эмес. Тилекке каршы, биздин Ооганстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да тынчтык болбой, ушул баалуулуктар тебеленип жатат азыр.

- Уул-кыздарыңыздардын турмуш куруу жагы кандай болууда? Башка улуттар менен аралашып кеткен чыгарсыздар?

- Тагдыр – насипке эмне деп болот, кыз алып, кыз берип дегендей, аралашып кеттик.

- Коомдук бирикмеңиздер тууралуу да маалымат бере кетсеңиз.

- «Ооган диаспорасы» деп аталган коомдук бирикмебиз 2017-жылы ноябрь айында уюшулуп, 2018-жылы июль айында Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына кирди. Бирикмеде аксакалдар, аялдар, жаштар жана башка кеңештер түзүлүп, ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп жатышат.

- Чечилбей жаткан кандай маселеңиздер бар? Сиздерди басмырлаган же кыйнаган эч ким жокпу?

- Маселелерибиз четинен чечилип, жашоо турмушубуз күндөн-күнгө жакшырып жатат. Бизди басмырлаган же кыйнаган эч ким жок, кудайга шүгүр. Ар бир улут мамлекеттин байлыгы болуп саналат. Мамлекет алардан жакшылыкты, ынтымак жашоону күтөт. Биз, оогандар, мамлекет күткөн ошол жакшылыкты жасоого, башка улуттар менен ынтымактуу болууга милдеттүүбүз.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​