"Ала жипти аттаган" саясатчыга жаза кандай?

(Cүрөт интернеттен алынды)

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы генерал Петреустун никеден тыш байланыш куруп, “ала жипти аттаганы” үчүн кызматын тапшырганы дүйнө коомчулугунда саясий ишмерлер, мамлекеттик жетекчилердин үй-бүлө баалуулуктары менен моралдык жүрүм-туруму жөнүндө талкууга жем таштады.
Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда жетекчилердин көп аял алуусу, “көңүлдөштөрү” тууралуу жазылып, айтылып келгени менен мындай жорукту коомчулук эмне үчүн кадыресе көрүнүш катары кабылдайт? "Азаттыктын" талкуусуна Ишенгүл Болжурова - профессор, коомдук саясий ишмер, Жасарал Куанышали - казакстандык коомдук саясий ишмер жана Кубан Абдымен - саясат таануучу катышты.

“Азаттык”: Биздин өлкөлөрдө АКШ менен Батышты адатта, моралсыз, ыймансыз коом деп сындап калышат. ЦРУнун башчысы “аялымдын көзүнө чөп салдым” деп күнөөсүн мойнуна алып, кызматын таштады. Ал эми Борбор Азияда мындай көрүнүштү эмне үчүн жосунсуз жорук катары кабылдашпайт?

Жасарал Куанышали: Жалпы Орто Азия аймагында чоң саясатта кеңеш өкмөтүнүн тартиби менен калдыктары сакталып калган, эми ошонун залдарын көрүп отурабыз. Чоң кызматта мойнунда зор жоопкерчилиги бар, бүткүл коомдун алдында көрүнүп, мамлекет жөнүндө ойлогон адамдар ошону аңдабайт. Мына XXI кылымдын башында жаңыча саясат жүргүзүүнү түшүнбөйт. Ошого таң каласың. Биз көрүп жаткандай, биздин элдердин жетекчилери "ойнош" күткөнү үчүн, жосунсуз жоругу үчүн гана эмес, өлкө үчүн уят иштерди жасаса дагы эч нерсе болбогондой ээлеген ордунда отура берет. Арийне аны ордунан козгоого күч жок. Ал үчүн жоопко тартып, ал үчүн сотко берип, башкача айтканда андайларды өз ордуна коюуга бизде сот жок. Алар элдерди кандай кааласа ошондой бийлеп отурат. Маселен, президент Назарбаевдин бир нече аялы бар. Журт муну билет. Андан башка “көңүлдөштөрү” бар. Ал өзү андан уялбайт, кысынбайт. Канча айтылса дагы кулак салбайт. Анын күйөө баласы, айланасы президенттен үлгү алат.

“Азаттык”: Ишенгүл айым, сиз мамлекеттик жогорку кызматтарда көп жыл турдуңуз. Мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин үй-бүлө - моралдык баалуулуктарды четке таштап, жосунсуз жоруктарды жасаганын коом дагы, мамлекеттик система дагы эмне үчүн айыптабайт?

Ишенгүл Болжурова: Үй-бүлө – мамлекеттин башаты, негизи. Үй-бүлөдө моралдык, нравалык тазалык болбосо, мамлекетте тазалык болбойт. Мына чоң кызматка жетип алышып, “ала жипти аттап”, ошончо жыл түйшүгүн көтөрүп, ушундай деңгээлге жеткирген аялын таштап, жаш аялга үйлөнүп алышканын мен чыккынчылык деп айтам. Өкүндүргөнү, бийликте тургандар ушундай моралсыздыгы менен жаштарды, элди кошо бузуп жатышат. Анкени алар башкаларга үлгү болчу адамдар. Биз өзүбүздү кээде курулай мактап калабыз, “Кыздын кырк чачы улуу”, бизде Курманжан датка, Жаңыл Мырза, Каныкей болгон деп, бирок чын-чынына келгенде аялдын өмүрү, келечеги, турмушу бир тыйынга түтпөй калууда.

“Азаттык”: Мамлекеттик кызмат менен инсандын жеке жашоосун, керектөөлөрүн кантип айкалыштырса болот?

Кубан Абдымен: Биз илгеркидей өз каада-салтыбыз менен жашаган мезгил болсо бул маселе азыркыдай чоң проблемага айланбайт эле. Ал кезде мамлекеттин ичинде атайын чараларды киргизип эле башкарып коюуга болмок. Ал эми глобализация жараяны күчөгөн сайын биз канчалык өзүбүздү көтөрмөлөсөк дагы, башкалардын таасири күчтүү болууда. Андыктан муну иретке келтире турган механизмдер ченелүү. Антсе дагы атактуу жердешибиз Исхак Раззаковдун “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген учкул сөзү бар. Ар бирибиз өзүбүздүн ичибиздеги ойлорубузду туура багыттап, адал иш жасап, айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз кылдат болсо, анда коомдун дагы, мамлекеттин дагы иши алдыга жылмак.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өңүт: Бийликтеги адамдын жашоосу ачык-ачкын болуусу керек

(Берүүнүн аудиосун толугу менен бул жерден угуңуз)


Адистин пикири

Мариям Эдилова - философия илимдеринин доктору, профессор

- Эл алдына чыгып, эл үчүн эмгектенген, бийликке аралашкан инсандардын турмушу ачык болуусу керек. Үй бүлөсүнөн баштап, тапкан айлыгы, кирешесинин декларациясы мыйзам жагынан алганда ачык болуусу керек. Андан тышкары "адеп кодексине" ылайык инсандык парз деген бар. Мына бул жагынан дагы бардыгы ачык-айкын болуусу шарт. Анткени бийликке келген адамдар толук кандуу, бардык жагынан төп келген, шайкеш – гармониялуу өнүккөн инсан болуусу керек. Үй бүлөдө кайрымдуу жар, балдарын жакшы тарбиялаган ата-эне, ден соолугу чың, мыкты коллега, үлгүлүү кошуна экендигин көрсөткөн адамдар болуусу абзел. Мына ушундай адамдарды өзүбүзгө жетекчи катары тандап, тагдырыбызды табыштап, ал эми жетекчи болсо стратегия-программаларды иштеп чыгып, эл үчүн күйүп жатканын көргөзүп, эркин бизге таңуулап иштегенде гана коом менен бийлик ортосунда ачык-айрым мамиле болот.

"Азаттыктын" кабарчылары Азиза Култаева менен Улан Асаналиев
Ак үйдөн жүргүзгөн сурамжылоо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Ала жипти аттасаңыз" кызматтан кетесизби?