Онлайн окуу: даярдык жана коопсуздук

1-класска барган балдар. 2019-жылы тартылган сүрөт.

1-сентябрдан тартып Кыргызстанда балдар аралыктан окуй баштайт. Өткөн окуу жылынын акыркы чейрегин эске алып министрлик кандай өзгөчөлүк киргизгени жатат? Ата-энелер кооптончу кандай жагдайлар бар?

“Арай көз чарай” талкуусуна Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева, агартуу жаатында эксперт Маматкалил Разаев, жеке билим борборлордун уюштуруучусу Жакшылык Матанов катышты.

Өкмөт тараткан маалыматына ылайык 1-сентябрда 1-класска кирген 156 миң окуучу менчиктин түрүнө карабастан мектепке барып окуйт. Ал эми калган класстардын баары онлайн режимде билим ала турган болду.

Гүлшан Абдылдаева: - Абал оорлошуп же жакшырып кетишине карата министрлик беш мобилдүү алгоритм программасын иштеп чыккан. 2020-2021-окуу жылынын башталышы менен 1-класстар гана мектептен билим алат.

Окуулар бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жүрөт. Эгер бир класста окуучулардын саны көп болсо, башка класстардын бош турган бөлмөлөрүнө бөлүп окутулат. Бардык санитардык эржелер эске алынат. Башка класстын окуучулары үчүн видео сабактар июнь айынан бери эле тартылып, даярдалып жатат.

Дагы караңыз Музыканы онлайн окутууга ата-энелер каршы

Маматкалил Разаев: - 4-чейректи кандай өткөрдүк? Балдар онлайн сабактарга кандай катышты? Билим деңгээли кандай болду? Өлчөп алсак жакшы болот эле. Тааныштар, мугалимдер менен сүйлөшкөндөн кийин менде 4-чейректе сабак дээрлик көп мектептерде болбой калгандай сезим жаралды.

Азыр окуу башталганча канча балада техникалык жабдыгы бар? Мугалимдер канчалык деңгээлде онлайн сабак берүүгө даяр деп изилдесек болмок.

Бул жерде мугалимдин үйүндөгү шарттарын да эске алышыбыз зарыл. Мисалы, атайын бөлмөсү барбы? Телевизор эле керекпи, же мугалим ар бир балага чалып чыгабы? Ушул сыяктуу жагдайларды бир текшерип алып, анан алдыга кадам таштасак, баарыбызга түшүнүктүү болмок. Ошондой эле Билим берүү министрлигинин пландарын, маалыматын өз убагында ата-энелерге жеткирип турсак жакшы болмок.

Дагы бир жагдай, өткөн окуу жылдын 4-чейрегинде Талас жергесинде COVID-19га чалдыккан бир да адам катталбай турганда ал аймактагы мектептерди жабуунун кажети бар беле? Ушул суроо жоопсуз турат. Негизинен эле кандай абалда мектептер жабылып, кандай учурда кайра иштей баштайт? Окуу башталса мектептердеги шарттар кандай болот? Бул боюнча маалымат, түшүндүрүү элде аз болуп жатат.

Жакшылык Матанов: - Учурда элдин баары көчөдө жүрсө, базарлар иштеп, дүкөндөр ачылып турганда мектептерди эле жаап салган туура эмес деп ойлойм. Ооруканаларда кабыл алууну уюштура албаган өкмөт, балдарга онлайн билим берүүнү уюштурарына ишенбейм.

Өткөн окуу жылы жеке мектептерде, чоң шаарларда гана "Zoom", "Google" сыяктуу мугалим менен түз байланыштагы окуулар жүрбөсө, көпчүлүк мектептерде, айрыкча мамлекеттик мектептерде түз байланыш болгон жок. Сабактарды телевизордон берип, "YouTube" платформасына чыгарып коюу менен чектелип жатат. Өкмөт мындан артык жакшы нерсе кылышы деле мүмкүн эмес. Анткени колунан келбейт. Буга кадрлардын жетишсизидиги, Интернеттин жоктугу да себеп болууда. Ушул нерселерди эске алуу менен өкмөт план түзсө болмок.

Дагы караңыз Окуу жылынын башталышы баш ооруга айланды

Азыр ата-энелер үчүн эч кандай түшүндүрмө жок. Качан онлайн окуу болот? Кимдер окуйт? Кандай шарттарда, качан мектептер ачылары да белгисиз.

Гүлшан Абдылдаева: - Министрлик дайыма анализдерди чыгарып, ошонун негизинде иштеп келди. Интернет жаатында бир катар мобилдик операторлор менен иш жүрүп жатат. Мугалимдер үчүн кайра-кайра окуулар өткөрүлүп жатат. Албетте Интернеттин жетишсиздигин негизги маселеге киргизсек болот.

Маматкалил Разаев: - Биринчиден, ар бир мугалим ар бир окуучусу менен байланыша тургандай мобилдик байланышы, жабдыктары барбы деген суроолорго жооп издөө керек. Ошондо мугалим өзү үчүн канча окуучу менен онлайн иштеше алат, канчасы менен түз иш алып баруу зарыл экенин аныктап алат. Бул билим берүү тармагынын жетекчилерине, өкмөт үчүн да анык маалымат, анализ алганга жардам бермек. Муну менен Кыргызстандын балдарынын билим алууга даярдыгын билип алмакпыз.

Менимче мамлекет жеке мектептердин ачылышына уруксат бериши керек. Албетте эреже, шарттардын негизинде. Мектепте гана эмес, элдин баарында жок дегенде он эрежеден турган так инструкция болушу керек. Мисалы, ар бир балада беткап, ар бир класстык бөлмөдө санитайзер болушу шарт, ар эки саатта баланын дене табы текшерилиши керек, массалык оюндарды чектөө сыяктуу эрежелер керек.

Гүлшан Абдылдаева: Эреже-талаптар азыркы учурда иштелип чыкты. Эми жер-жерлерге таратуу иштери башталганы турат. Ошондой эле Интернети жок мугалимдер үчүн ар бир мектепте Интернет орнотулган. Алар мектепке келип алып балдарга аралыктан сабак өтсө болот.

Талкуунун аудиосун толугу менен бул жерден уга аласыз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Окуу жылы кандай башталат?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​