Профессор Абдылдаев: Кыргыз медицинасы коррупцияга, коммерцияга багынып берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эгемендик жылдарындагы реформалар Кыргызстандын медицина тармагын оңдобой эле талкалап койду. Мындай пикирин АКШда жашап, иштеп жаткан онколог – окумуштуу, медицина илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаев "Азаттыктын” сыябан-маегинде билдирди. Профессор кыргызстандыктардын саламаттыгындагы, кыргыз медицинасындагы бүгүнкү олуттуу көйгөйлөр, аны чечүүдөгү бийликтин, дарыгер-адистердин жоопкерчилиги менен сабаты тууралуу ойлору менен бөлүштү.