Он төрт өмүрдү алган өрткө алты жыл болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москвадагы “Печатный экспресс” басмаканасындагы каргашага алты жыл болду. 2016-жылдын 27-августтагы өрт кырсыгынан 17 адам, анын ичинде Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Буга байланыштуу басмакананын башкы директору 2,5 жылга, башкы инженери 3,5 жылга жатак абагына кесилген.

Аларга басмаканада коопсуздук эрежелерин толук камсыздаган эмес деген айып тагылган. Сот өкүмү бир жылдан кийин, 2017-жылы 18-августта чыккан.