Он чакырым жөө баскан фельдшер, аязда алтын чайкагандар...

Гулиза Урустамбек кызынын тарткан сүрөт.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде журналист Гулиза Урустамбек кызынын "Кыргызстандын элинин тынчсыздануусу жана үмүтү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Анын эмгектеринде ар кайсыл кесиптеги каармандардын бир күндүк турмушу чагылдырылат.

Күн сайын 10 чакырым алыстан жөө басып иштеген фельдшер. Нарындын Ак-Чий айылы.

Автор катаал шартка карабай, өз ишин сүйүп иштеген түрдүү кесип ээлеринин турмушун көргөзүп бергиси келген. Анын эмгектеринен күндүн ысык-суугуна карабай суу кечип алтын чайкаган адамдар, чек араны кайтарган аскерлер, тандыр жасаган карапачы ж.б. көрүүгө болот.

Таш-Башат, Нарын.

"Менин каармандарым ушундай шартта иштеп жатканына карабай Кыргызстандын келечегине позитивдүү караганы бир чети суктандырса, бир чети абдан таң калтырды. Мисалы, сөөк какшаткан суукта алтын чайкап жүрүп “Кыргызстан эртең Швейцария болот” деп ким айта алат? Бирок менин каарманым Эсенгул Исабеков өз жумушун жасап жатып ушундай пикирин билдирди. Ошондой эле, фельдшер Жамалкан Акматова “Буюрса, өлкөнү жаштар өнүктүрүп, сонун мамлекет болобуз” дейт. Булардын өлкө келечегинен үмүтү зор экени мени абдан таасирлентти. Мен эми жылуу офисте иштеп отуруп, жаркын келечекке ишенбей коюуга акым да жок. Өлкөнүн өнүгүүсү жөнөкөй адамдардын колунда экен дедим. Ар бири механизм сыяктуу иштеп, өз жумушун аткара беришет экен", - дейт Гулиза Урустамбек кызы.

Гулиза Урустамбек кызынын "Кыргызстандын элинин тынчсыздануусу жана үмүтү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү. 24-ноябрь, 2021-жыл.

Гулиза каармандарын тааныштарынан сураштырып, өлкөнү кыдырып жүрүп тарткан. Ал кыйынчылык менен жаралган эмгектер көрүүчүнү ойго саларына ишенет.

Өлүкканада көп жылдан бери эмгектенген соттук-медициналык эксперт. Бишкек шаары.

"Сүрөттөрдү жөн эле тартып койбостон, жан дүйнөмү бердим. Каармандарым менен чогуу иштеп, бир күнү шахтёр болдум, бир күнү алтын каздым, дагы бир күнү узак жол басып, фельдшер болдум. Өзүм мындай процесске аралашып жүрүп, сүрөткө сезимдеримди кошуп тарттым. Ошондуктан көргөзмөгө келген көрүүчүлөр “өзгөрүүгө убакыт келди” деген ойго жетеленсе дейм. Социалдык темаларды видео эле эмес, сүрөт менен да мыкты ачып берсе болот".

Суусамыр жайлоосу.

"Бул эки сүрөт (жайлоо жана таштанды талаасы) аркылуу Кыргызстандын табияты бейиштей, бирок аны баалабайбыз деген ойду бергим келди. Азыр Бишкектен тонналаган таштанды чыгат. Бирок аны кайра иштеткенге завод жок. Учурда мөңгүлөр эрип жатат. Аны баарыбыз эритип жатабыз. Мисалы, сиз бүгүн бир желим буюмду, мен момпосуйдун кабыгын ыргытып жиберсем, анда биз да экологиянын булганышына күнөөлүүбүз. Бүгүнкү күндө табиятты бирөөгө түртүп коё албайбыз. Ага баарыбыз жоопкербиз жана коргошубуз керек".

Бишкектин четиндеги таштанды полигону.

Көргөзмөгө Гулиза тарткан каармандар келди. Алардын бири Жамалкан Акматова 13 жылдан бери Нарындын Ак-Чий айылында фельдшер болуп иштейт.

"Биздин учурда кыялдагы кесипти тандап, кийин аны бүткөндөн кийин улантып иштеп кетүүгө дилгир элек. Азыркы жаштарга айтарым, башынан ойлонуп, өзүңөр тандаган кесипке окугула. Албетте, ар бир иште кыйынчылыктар болот. Андайда чыдап, акчасына карабай сүйүп эмгектенсе эле үзүрүн көрүшөт", - дейт Жамалкан Акматова.

Ал айыл кыдырып, күнүнө 10 чакырымдан ашуун жол басат.

Жамалкан Акматова иш үстүндө.

Шахтерлук - эң оор жана кооптуу кесип. Гулизанын каармандары 12 саат жер алдынан чыкпай иштейт.

12 сааттай жер алдынан чыкпай, көмүр казган шахтёрлор.

"Бизде фотожурналистикага азыр бийик баа бериле элек. Бирок союз учурунда жакшы өнүккөн эле. Эми азыр документалдуу фотографиядан окуу жайда балдарга каармандарды кантип таап, кантип ачуу керектигин үйрөткөн сабактар бар. Азыр акырындап бул жанрга кызыккан жаштар чыга баштады, уучубуз куру эмес. Гулиза өңдүү кыздар буга мисал. Дагы бир Марал аттуу студентим фотожурналистика боюнча дипломдук иш жазууну каалап, менин жетектөөмдү суранды. Санарип дегенде жалаң эле техника эмес, көркөм сүрөт ыкмалары, жарык берүү өңдүү ыкмаларды үйрөтөбүз. Мен да фотожурналистиканын өлкөбүздөгү жаркын келечегине ишенем”, - дейт Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде студенттерге фотографиядан сабак берген Бекболот Айдаралиев.

Гулиза Кыргызстандагы фотожурналистиканын келечегине ишенет.

Гулиза Урустамбек кызы 1998-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 2020-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетин бүтүргөн.

2018-жылы Москва гуманитардык университети тарабынан уюштурулган сынакка катышып, "16 жыл мүрзөлөрдүн арасында" аттуу фоторепортажы үчүн 1-орунга ээ болгон.

"Бизде фотожурналистикага кызыккан жаштар акырындап көбөйүп жатат. Тилекке каршы, жогорку деңгээлде баалана бербейт. Мисалы, сүрөт тартсам, каармандарым деле анчейин көңүлү толбой, “видеого эле тартпайсыңбы” деп калышат. Бул жанр азыр өнүгө электигинин белгиси. Бирок бул жанр өнүксө, Кыргызстан үчүн абдан перспективдүү тармак”, - дейт Гулиза.

Гапар Айтиев атындагы музейдеги өтүп жаткан көргөзмө 10-декабрга чейин уланат.