Он балалуу эненин түйшүгү, ниети, арманы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Асел Сатарова 10 баланын энеси. 39 жаштагы баатыр эненин үйдө түйшүгү түмөн. Күйөөсү утурумдук жумуштар менен үй-бүлөсүнүн кем-карчын жабуунун аракетинде. Быйылкы кымбатчылык алардын турмуш-тиричилигин бир топ оорлотуп жибергенин айтышты.