Омор Султановдун адабиятка калтырган асыл кенчи

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз Эл акыны, Омор Султанов интеллектуалдык деңгээли бийик, чабыты кенен, поэзиянын туу чокусуна чыккан классик акын катары таанымал. Лириканын паашасы атыккан акын Омор Султанов эки ай мурда, быйыл 4-апрелде 87 жаш курагында акыркы сапарга узаган.

Акынды эскерген калемдештери, шакирттери анын өзүнүн чоң талант экенин далилдеген “Отузунчу станция” китебинен баштап “Сен жөнүндө поэмасы”, “Чарчоонун жүзунчү ыры”, “Адамдын турмушу” ыр-романына чейинки чыгармалары кыргыз адабиятына калтырган баа жеткис кенчи экенин белгилеп жатышат.