Токон Мамытов акыйкатчы болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон (Токтокүчүк) Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Токон Мамытовду 79 депутат колдоду. Рита Карасартовага 9, Канатбек Азизге 19, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш берилди.