Жеңиш кубанычы жана жеңилүү ызасы

Ямайкалык спринтер Усейн Болт олимпиаданын рекордун койду. 5-август, 2012.

Акыркы үч күндө Лондондо өтүп жаткан Жайкы Олимпия оюндарында кандай маанилүү спорттук таймаштар болду?
Лондондо өтүп жаткан жайкы Олимпия оюндары - жеңил атлетика тегин жерден спорттун канышасы деп аталбаганын дагы бир ирет тастыктады. Жекшемби күнү Лондондогу Олимпия стадионуна билет сурагандар ашыкча көп болду. Күөйрмандар, журналисттер жана спорт адистери эркектердин 100 метрге финалдык жарышын чыдамсыздык менен күтүштү. Ямайкалык спринтер Усейн Болт олимпиаданын рекордун койду - 100 метрди 9, 63 секундда чуркады. “Эр Төштүк” эпосундагы “Куюн Мамыттай” жебеден улам учкан күлүктөр маарага жеткенден кийинки көрмандардын уу-дуун айтпа!

Бул “дүйнөнүн эң күлүк адамы” аталган Усейн Болт Олимпиада оюндарында уткан төртүнчү алтын медаль. Дүйнөлүк биринчиликтин беш жолку чемпиону эми 200 метрге жана 4X100 метрге эстафеталык жарышка катышат. Финалдан кийин ямайкалык “Куюн Мамыт” жеңиши жөнүндө мындай деди:

- Маанайым сонун. Мен үчүн бул жерге келип, наамымды коргоо аябай маанилүү болчу. Мен аны жасадым. Мага ишенбегендер өтө көп эле. Мен көп адамдардын жаагын жап кылдым. Мен чоң кубанычтамын жана өзүм үчүн абдан сыймыктанам.

26 жаштагы Усейн Болттун 2016-жылы Бразилияда Олимпия чемпиону наамын коргоо ниети бар.

5-август АКШлык эже-сиңди Винус жана Серена Уильямс үчүн да унутулгус күн болду. Алар теннисти жуп-жубу менен ойноодо чехиялык Андреа Главкова жана Луция Градецканы 6:4 жана 6:4 эсебинде утуп, бекерге Олимипия чемпиону болушпаганын кайра тастыкташты. Эже-сиңди 2000-жылы Сиднейде, 2008-жылы Бээжинде да шериги менен ойноодо Олимпия оюндарынын алтын медалын утушкан.

Андан бир күн мурда 31 жаштагы бийкеч Серена алтын медаль үчүн эрөөлдө орусиялык Мария Шарапованы жекеме-жеке беттешүүдө 6:0 жана 6: 1 эсебинде талкалаган. Белгилей кетели, бул аял теннисчилердин Олимпия оюндарынынын тарыхындагы эң кыска таймашы болду. 32 жаштагы бийкеч Винус Уильямс жалгыз теннис ойноодо Сиднейдеги Олимпиадада бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль алган.

Жекшемби күнү британиялык теннисчи Энди Маррей финалдык таймашта атактуу швецариялык Роджер Федерерди абдан ишенимдүү жеңди. Жалпы эсеп, 6:2, 6:1, 6:4.

Бул күн Беларус теннисчилери Максим Мирный жана Виктория Азаренконун да эсинен чыкпайт. Алар аял-эркек болуп жуп-жубу менен күч сынашууда британдар Энди Маррей менен Лаура Робсонду жеңип, Олимпия оюндарынын алтын медалын тагынышты. Мурда Азаренко жалгыз разрядда коло медаль тагынган.

Ишемби, 4-августта америкалык суучул 27 жаштагы спорстмен Майкл Фелпс Олимпидаларда 18 алтын медалдуу болду. Ал Олимпия оюндарында бардыгы 22 медаль уткан. Америкалык сууда сүзүүчү ошентип советтик гимнаст Лариса Лантынина дээрлик жарым кылым кармап турган рекордду бузду. Латынина Жайкы Олимпиада оюндарында 9 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медаль жеңген.

6-августта Жаңы Зелландиялык аялдардын хоккей командасы Германиянын тандалмасы менен беттешип, оюн 0: 0 эсебинде аяктады. Натыйжада, жаңы зелландиялыктар 2004-жылкы Олимпиаданын чемпиону - немис келин-кыздарды мелдештен сүрүп салды. Бул Жаңы Зеландиянын аялдар командасынын акыркы 32 жылда биринчи жолу жарым финалга чыгуусу. Буга чейин алар алтынчы орундан өйдө көтөрүлбөгөн. Немистерге мелдештен чыгып калбас үчүн жаңы зелландиялык курбуларын 3:0 эсебинде жеңиши зарыл эле.

Албетте мелдеште жеңүүчүгө катар, жеңилүүчү да бар. Кээ бир спортсмендер татыктуу жеңилсе, экинчи бирөөлөр таймаштын алгачкы мүнөттөрүндө эле атаандашына алдырып коёт. Алсак, сауд арабиялык дзюдочу Войдан Шахрекани Пуэрто-Рикодон келген балбан Мелисса Моикага 82 секундда утулуп калды. 16 жаштагы Войдан Шахреканиге килемге хижабчан чыгууга уруксат берилбегенден кийин ал башын жоолук менен бекем бууп алып күрөштү. Жеңилгенине карабай балбан кыз Олимпия оюндарынын тарыхына Сауд Арабиясынан катышкан биринчи аял катары калат. Ар төрт жылда болчу Олимпиада оюндары жеңилген спортсмендер үчүн жакшы сабак жана тажрыйба болору талашсыз.

Ооган спринтер Масуд Азизи 100 метрге чуркоодо өз тобунда алтынчы келди. Бирок кийинки айлампага өткөн жок. Анткен менен Азизи төрт жылдан кийин Рио-де-Женейродон байгелүү кайтам деген тилекте.

“Мен келерки Жайкы Олимпиадада Ооганстан үчүн медаль утканга жүз процент аракет кылам”, - дейт ооган жигит.

Кыргыздар бекеринен “Үмүтсүз шайтан” деп айтпаса керек...