Токио-2020: сүрөттө калган ирмемдер

Америкалык Ли Кифер менен орусиялык Инна Дериглазованын фехтованиеден Олимп оюндарынын алтын медалы үчүн күрөшүп жаткан учуру. Бул беттеште Ли Кифер жеңип,  олимпиада чемпиону болду. 

19 жаштагы өзбекстандык Улугбек Рашитов спорттун таэквондо түрүнөн өз өлкөсүнүн капчыгына Токио Олимп оюндарынын алгачкы алтын медалын салды.

Өзбекстан 1994-жылдан бери Олимп оюндарына катышып келет. Бул өлкөнүн спортчулары жети жайкы, жети кышкы Олимпиада оюндарына катышып, жалпысынан 9 алтын, 7 күмүш, 17 коло байгенин ээси болушкан. 

Бул жылкы Олимп оюндарынын алгачкы алтын байгесин кытайлык ок атуучу Цянь Ян утту. Ал 24-июлда 10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште 251.8 упай топтоду.

Кыргызстандык спортчу Роман Петров фехтование боюнча мелдеште түштүк кореялык Сегеон Ма менен беттешип жатат. Бул таймашта Роман Петров 15:7 эсебинде жеңишке жетти

Америка Кошмо Штаттарынын спортчулары Боуэн Беккер, Блейк Пиерони жана Кэлеб Дрессел сууда сүзүүнүн эркектер арасындагы 4X100 метрге сүзүү боюнча мелдеште биринчи болгон Зак Эпплдин жеңишине кубанышууда. Сууда сүзүү боюнча дүйнөнүн рекордчусу 24 жаштагы Зак Эппл биринчи жолу Олимп оюндарынын алтын байгесин утту. 

Суу полосу боюнча Сербия жана Испания курама командаларынын беттеши.

Британиялык Адам Пити сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыкты. Пити экинчи ирет Олимпиадан чемпиону болду. Ал 2016-жылы да сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрлик аралыкта алтын байге уткан. 

Канадалык спортчулар Винсент Риендо менен Натан Зсомбор-Мюррей. Алар 10 метрлик бийиктиктен секирип жатышат.

Жапониянын суу полосу боюнча аялдар курамасы АКШ курама командасына каршы беттешке чыгар алдында. 

Бразилия жана Орусиянын командаларынын ортосундагы ганбол боюнча мелдеш. Бразилиялык оюнчу Бруна де Пауланын чабуулу.

Америкалык суучул Чейз Калиш чемпион болгонуна кубанып жатат. Ал 400 метр аралыкта күч сынашты. 

Аптапта эс алып отурган теннисчилер. Бул Олимпиада оюндарына көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон Новак Жокович да катышып жатат. 

Грузиялык дзюдочу Лухум Чхвимиани жана дзюдо боюнча Токио Олимп оюндарынын чемпиону болгон жапониялык балбан Наохиса Такато.

 

Дзюдо спортунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи. Олимпиада оюндарынын үчүнчү күнүндө жети алтын алып Америка Кошмо Штаттарынын спортчулары алдыга чыкты.

Регби. Аргентина жана Австралия курама командаларынын таймашы.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылган. Ага дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышып, спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Жалпы 339 медалдар топтому ойнотулат. Мелдештер 8-августа жыйынтыкталат. 

Жапониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимп оюндары кызуу жүрүүдө. 23-июлда башталган оюндарга дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Жалпысынан 339 медалдар топтому ойнотулат. Мелдештер 8-августта аяктайт.