Министрлер кабинети чиновниктерди мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын директорлор кеңешине мүчө болушуна жол ачкан мыйзам долбоорун сунуштап жатат.
Өкмөт документ колдоо тапса, компанияларды башкаруу жакшырып, бюджети тыкыр көзөмөлдөнөт деп убада берүүдө. Долбоорду Жогорку Кеңештин тармактык комитети четке какты.
Министрлер кабинети сунуштаган долбоор
Өкмөт “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жѳнүндө” жана “Акционердик коомдор жѳнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.
Документ кабыл алынса, министрлер менен президенттин администрациясынын бөлүм башчылары мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун директорлор кеңешине мүчө боло алат.
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 30-январдагы жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев долбоордун максаты тууралуу маалымат берди.
“Бизге мамлекеттик компанияларды өнүктүргүлө деген тапшырма коюп атасыңар. Азыр мамлекеттик ишканаларды сырттан келген эле кишилер башкарууда. Алардын жоопкерчилиги жок. Эртең басып кетет. Эгерде министрди директорлор кеңешине киргизсек, ал саясатын жүргүзүп, мекемеге башы менен жооп берет. Мамлекеттик ишканалар натыйжалуу башкарылбай атат. Эки эле жыл болду күчкө салып атып дивиденддерин көтөртүп жатабыз”.
Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинетинде өкмөт башчынын төрт орун басары жана 16 министр бар. Долбоорго ылайык, чиновниктер мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын директорлор кеңешине Министрлер кабинетининин мүчөлөрүнүн чечими менен киргизилет.
Азыр иштеп жаткан мыйзамдар боюнча, директорлор кеңешинде үчтөн жетиге чейин адам болот. Анын ичинен үчтөн кем эмеси көз карандысыз кишилерден турушу керек. Алар премьер-министр же вице-премьер-министрлердин макулдугу менен дайындалат.
Акционердик коомдордо директорлор кеңеши компаниянын өнүгүү стратегиясын аныктоодо, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлдөөдө негизги ролду ойнойт. Мындан тышкары, аткаруучу органды көзөмөлдөйт. Ишкананын чарбалык иштерине кийлигишпейт.
“Мыйзам боюнча директорлор кеңеши акционердик коомдун өкүлү. Алар ишкананын башкаруучу органын бекитет. Тигил же бул акционердик коомдо мүчүлүштүк болсо акционер катары биз сунуш берип, башкаруучуну алмаштырган учурлар бар”, - деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров.
“Кызыкчылыктар кагылышы болот”
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 30-январдагы жыйынында өкмөттүн эки мыйзам долбоорун тең четке какты.
Жыйында депутат Эмил Токтошев документ кызыкчылыктар кагылышына алып келет деген пикири менен бөлүштү.
“Ар бир ишкананын программасы бар жана компаниянын ишине ал өзү жооп берет. Министрлер өзүнүн ишин кылсын. Бизде директорлор кеңешине кирем деген бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, интеллигенциядан толтура киши бар. Алар келсе көзөмөл болот. Силер баарын эле өзүңөр ала бересиңерби? Өзүңөр директорлор кеңешине кирип, өзүңөр башкарып отура бересиңерби? Бул дагы бир министрдин лоббиси. Бул кызыкчылыктар кагылышына алып келет”.
Документ 7-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери комитетинде каралмак. Бирок комитеттин жыйыны болбой калды.
Мурдагы айыл чарба министри, ишкер Тилек Токтогазиев Министрлер кабинетинин долбоору тууралуу мындай деди:
“Бийлик, өкмөт мамлекеттин ролун күчөтүп, жеке сектордун ролун азайтып жатат. Биз муну бийликтин көп демилгелеринен көрүп атабыз. “Улуу көчмөндөр мурасы” деген холдинг түзөбүз деп ал ишке ашпай калды. Андан тышкары түрлүү фонддор ачылып жатат. Бул СССРдин тушундагыдай иш алып барууга багыт. Мамлекеттин мындай монополиясы өнүгүүгө алып барбайт. Тескерисинче, бизнес секторун талкалайт. Монополия болгон жерде жаңы инновациялар пайда болбойт жана ал эртеби-кечпи кризиске туш болот. Андан тышкары мамлекеттик кызматкерлер аралашкан жерде коррупция көп болот”.
Дагы караңыз Жапаровдун өкмөтүнүн жүз күнүМинистрлер кабинети мамлекеттик ишканаларды капиталдаштырууну жүргүзүп, банктардын уставдык капиталын көбөйтүүгө, өнөр жай тармагындагы айрым ишканаларды колдоого бюджеттен көп акча бөлүп жатканын билдирүүдө.
Министрлер директорлор кеңешине кирсе, каражатты көзөмөлдөө жеңил болот деп эсептейт.
“Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, президенттин администрациясынын кызматкерлерин директорлор кеңешине киргизип койсо эле инвестиция келип калбайт да. Директорлор кеңешине мүчө болуп алып кайсы жерден бир нерсе ала койсом дегендер да толтура. Баарын күнөөлөбөйм. Бирок кармалып атышпайбы. Мамлекеттик ишканалардын иши Мамлекеттик мүлк фондуна берилген эле ыйгарым укук менен оңдоп койсо болот”, - деди экс-депутат Эсенгул Исаков.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сайтындагы маалыматка караганда, ушул тапта Кыргызстанда мамлекеттин үлүшү бар 28 ачык акционердик коом бар. Анын ичинен 23 ишканадагы директорлор кеңешинде 67 киши иштейт. Алардын көбү айлык алат. Данияр Амангелдиев өкмөт сунуштап жаткан долбоор боюнча директорлор кеңешинин мүчөсү болгон чиновниктерге айлык төлөнөрүн же төлөнбөй турганы чечиле электигин билдирди.