Кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салды. Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Бажы төлөмү алынган азыктар экспорттолбойт
Министрлер кабинетинин токтому менен алты айга Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагынан тыш жакка буудай жана меслин, ун, өсүмдүк майы, кумшекер, күн карама уругу жана жумуртканы экспортоого чектөө салынды. Аталган азыктарды Кыргызстанга импорттоодо кошумча нарк салыгы алынбайт.
Мындан тышкары уй этин, чөп, саман, кебек, дан тоюту, аралаш тоют, арпа жана сулуну Кыргызстандын аймагынан чыгарууга болбойт.
Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков токтомдун максатын мындай түшүндүрдү.
“Токтомдун максаты - азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Биз көп азыкты импорттоп жатабыз. Бул азыктарды импорттоодо кошумча нарк салыгы алынып салынган. Орусия эт азыгын экспортоого дагы чектөө киргизип жатат. Ошондуктан кымбаттап кетпеш үчүн алты айга чектөө койдук. Тирүү малга тыюу салынган жок. Уйдун этин экспортоого гана тыюу салынды”.
Дагы караңыз Базардагы кымгуут. Баалар жасалма көтөрүлдүбү?Буга чейин Москва Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган. Орусиянын бул чечиминен кийин Кыргызстанда жана аймактагы башка өлкөлөрдө аталган азыктардын баасы көтөрүлгөн.
Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы согуштан улам дүйнөдөгү элүүдөй мамлекетте азык-түлүк кымбаттай турганын эскерткен. Орусияга салынган катаал санкциялардын илеби Кыргызстан жана чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө дароо таасирин тийгизди.
Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө чектөө 2020-жылы күзүндө дагы киргизилген. Анда малдын экспортуна киргизилген убактылуу чектөө талаш-тартыш жаратып, кийин алынган.
Ал мезгилдеги айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Кыргызстан өзүн-өзү камсыздай албаган гана азыктарды экспортоого чектөө салыш керектигин айтат.
“Өзүбүздү толук кандуу камсыздай албаган гана азыктарга чектөө кириш керек. Эгер экспортко чыгууга мүмкүнчүлүк болсо ал азык чектөөгө кирбеш керек. Мисалы биздин учурда туура эмес маалымат менен жүгөрүнү экспорттоого дагы чектөө коюлуп калып, кайра аны өзгөрткөнбүз. Анткени Кыргызстанда өндүрүлгөн жүгөрүнүн аз пайызы гана ички керектөөдө колдонулат. Андыктан чектөө коюлган товарлар ички керектөөдөн ашыкча болсо тыюу салынбаш керек”.
Дагы караңыз ЭВФ: Орусиядагы кризистен коңшулары да жабыркайтАйыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда эң керектүү делген азык-түлүктүн запасы жетиштүү. Мисалы март айына карата дан азыктары 50%, кумшекер 34%, өсүмдүк майы 60% бар.
Ал эми айыл чарба тармагы боюнча адис Манас Саматов өкмөттүн айрым айыл чарба товарларын экспортко тыюу салуу саясатын жалпы жонунан колдобойт.
“Агрардык саясаттын өзүнүн классикалык эрежелери болуш керек. Зарылдык болсо гана токтомдорду токуса болот. Жөн гана чектеген токтомдордун пайдасы жок. Эң негизги принцип – экспортко тыюу салбаш керек. Бизде өндүрүлгөн азык-түлүктү импорттоого тыюу салса түшүнүктүү. Убагында малды экспортоого дагы тыюу салынган. Бул аткезчиликти көбөйтүп, ошондон бери мал чарбасында башаламандык”.
Тоютка чектөө
Өкмөт ипортко бажы төлөмүн жойгон алты азыктан тышкары малдын тоютун Кыргызстандан чыгарууга тыюу салды.
Былтыр дагы Борбор Азияда суу таңкыстыгы жаралып, чөлкөмдөгү экономикалык проблемаларды күчөткөн. Мындан улам жайында малдын тоюту кескин кымбаттап кеткен. Буга байланыштуу өкмөт тоютту тышка чыгарууга убактылуу чектөө киргизген.
Анткен менен фермер Адилет Тентиев малдын тоютун тышка чыгарууга чектөө коюлушуна каршы.
“Негизи капитализмде жашаган өлкөдө тыюу салбаш керек. Булар кысым жасай берсе эч ким иштебейт. Мал баксаң дагы, чөп айдасаң дагы – бул бизнес. Жер менен иштегендер пайда табам деп чөп айдайт. Этти же чөптү мамлекет үчүн өндүрбөйбүз. Айылдыктар шаардыктарга арзан эт берели деп мал бакпайт да. Азыр айылда 100 топоз айдаган киши шаардан үй алалбай жатпайбы. Айылдыктарга ким шаардагы үйүн арзан сатып жатат? Пайда тапчу учурда атайылап арзандатып, эмне айылдыктар малайбы?”.
Дагы караңыз Кургакчылык кесепети: жем-чөп кымбат, мал арыкКыргыз бийлиги Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кырдаал олуттуу кооптонуу жаратарын билдирип келет. Президент Кыргызстан өзү өндүргөн базалык азыктар менен эң аз дегенде 80% камсыз кылыш керектигин айткан.
Кыргызстан өзүн-өзү болгону үч гана азык менен камсыздай алат. Алар картөшкө, сүт жана жашылча.