Өзбекстанда блогерлер жана журналисттер камакка алынган учурлар көбөйдү. Жергиликтүү активистер менен укук коргоочулар арасында блогерлерге ачылган кылмыш иштерине байланыштуу эки ача пикирлер жаралууда. Блогерлердин ишмердигин чектеген мындай аракеттер Борбор Азиянын башка аймактарында да байкалып жатат.
Шавкат Мирзиёв Өзбекстанды дээрлик 30 жыл башкарган авторитардык лидер, маркум Ислам Каримовдун ордун баскандан көп өтпөй өлкөдө басма сөз эркиндиги кайсы бир деңгээлде жакшыра баштаган. Мирзиёевдин бийликтеги алгачкы төрт жылында салыштырмалуу көз карандысыз интернет басылмалары ачылган.
Социалдык тармактарда блогерлер пайда болуп, алар миллиондогон аудиторияны топтой алышкан. Натыйжада соңку эки-үч жыл ичинде Өзбекстанда видеоблог мурда болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Айрыкча YouTube каналдарда жана Телеграмда өкмөттү сындаган блогерлердин катары калыңдаган.
Президент Шавкат Мирзиёевдин өзү да блогерлерге колдоо көрсөтөрүн убада кылып, "аткаминерлерди сындагыла" деп өлкө башына келген алгачкы жылдарында айтканы бар.
“Сындаңыз! Алардын аттарын, сүрөттөрүн чыгарып, "Эмнеге мындай кылбайсыз?" деп жазгыла. Баарына көрсөткүлө. Мунун үч-төрт чечимге караганда чоң таасири бар. Силерде чоң күч бар”, - деп айткан Мирзиёев.
Бирок өзбек жетекчилеринин блогерлерге жана социалдык маселелерди ачык айтып чыккан көз карандысыз журналисттерге карата мындай мамилеси узакка созулган жок.
Бийлик 2021-жылдын октябрь айында өткөн президенттик шайлоо алдында таасири артып бара жаткан блогерлердин айрымдарына кысым көрсөтүп, кээ бирин камай баштады.
Андан бери Өзбекстанда ондогон журналист жана блогерлер камакка алынды же ар кыл айыптоолорго туш болду. Алардын арасында мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын жетекчилери да бар.
Маселен быйыл январь айында Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы аткаминерлердин күмөндүү иштерин ашкерелеп келген Телеграмдагы Kompromat.uzb каналына байланыштуу Human.uz сайтынын негиздөөчүсү, журналист Хуршид Далиевди жана дагы алты журналистти камакка алган. Аларга “Опузалап акча талап кылуу”, “Жалган жалаа жабуу”, “Салыктан качуу”, “Кылмыштуу жол менен табылган каражатты адалдаштыруу” деген беренелер боюнча айып тагылган. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар Далиев баштаган журналисттердин кармалганына тынчсыздануусун билдиришкен.
Аны улай февраль айында Ташкент шаардык милициясы Өзбекстандагы белгилүү блогер, Ютубдагы Ko'zgu каналынын автору Абдукодир Муминовду камакка алган. Ага да "Опузалап акча талап кылуу" жана "Алдамчылык" беренелери менен айып тагылган. Муминовдун жакындары жана активисттер блогердин кармалышына анын кесиптик ишмердүүлүгү, тагыраак айтканда, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине айтылган сын-пикирлери себеп болгонун айтышкан. 4-августта Ташкенттин Мирабад райондук соту Муминовду 7 жыл 3 айга эркинен ажыратып, ага 3 жылга журналистика менен алектенүүгө тыюу салды.
Июль айынын соңунда ферганалык дагы бир белгилүү блогер Олимжон Хайдаров “ири суммада акча талап кылган” деген шек менен кармалган. Көп өтпөй Кокон шаарындагы абакка камалган Хайдаров ачкачылык жарыялаганы белгилүү болду.
Анын иниси Салимжон Хайдаров агасы ойдон чыгарылган айыптар камакка алынганын "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди.
"Кечээ агам чалды, бир мүнөттөй сүйлөштүк. Мени "подстава" кылып коюшту дешти. Бир таанышым менен турганымда алар келип, колумду кайрып, ошол акчаны карматышты деди. Ушуну эле сүйлөштүк. Анан жактоочусу аркылуу мага жеткирди. "Ушундай адилетсиздиктен улам ачкачылык жарыяладым" дептир”, - дейт ал.
Ички иштер министрлигинин Фергана облусу боюнча башкармалыгы билдиргендей, Хайдаров “Кокон Истиклол” соода борборунун жетекчисинен 10 миң доллар талап кылган жана ал үчүн сын көз караштагы макаласын жарыялайм деп убада берген. Милиция Хайдаров сөз болгон акчанын 7500 долларын алганын, 2500 долларын алып жаткан учурда кармалганын маалымдады. Блогер күнөөлүү деп табылса, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Олимжон Хайдаровдун камакка алынышы социалдык тармактарда резонанс жаратып, көпчүлүк бийликтин кысымына калган блогерлер көбөйө баштаганын айтып жатышат. Алар акыркы убактагы кармоолорду өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон кысымдын күчөшү катары сыпатташууда.
Ал арада Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Санжар Хожа деген лакап ат менен белгилүү Санжар Икрамовго жана Detective Uz YouTube каналынын автору Шерали Комиловго 11-августта издөө жарыялады. Экөө тең алдамчылыкка айыпталууда. Аларга тагылып жаткан беренелерге ылайык, блогерлер 8-10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
1988-жылкы Санжар Икрамовдун ютуб каналына 200 миңден көп адам катталган. Ал негизинен саясат, экономика жана психология темаларын чагылдырып келет. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда ал Түркияда жашайт.
Ал эми экинчи блогер 44 жаштагы Шерали Комиловдун YouTube каналында 17 800 катталуучусу бар.
"Америка добушу" радиосунун кабарчысы Навбaхор Имамова Кun.uz сайтынын сөз эркиндигине арналган талкуусунда Өзбекстандагы блогерлер менен эркин журналисттер кармалган жана акча талап кылууга айыпталган окуяларга байланыштуу пикирин билдирди.
"Менин оюмча бул бышып жетилген болчу. Акыркы үч-төрт жылда медиа өнүгүп, ошол эле учурда журналисттер бир учурда блогер, бир учурда басма сөздү колго алып, элге мен баарын жасап берем деп ишендирип калган болчу жана бул аймактардын коррупциялашып баратканы билинген. Өзбекстанда медианын коррупциялашканына бийлик башынан бери аралашып келет. Бул жаңылык эмес. Совет доорунан бери келе жаткан көрүнүш. Каримов маалында да болгон. Бирок акыркы 5-6-жыл ичинде талкууларды жараткан журналисттердин өсүп баратканы жана журналистердин, блогерлердин “мен ушул нерселерди көтөрүп, көйгөйүңөрдү чечип бере алам” деп жарандарды ишендиргенге аракет кылып, алардын колдорунан акчаны санап алып жатканы мени журналист катары катуу кабатырга салган. Ушул жол менен бийликке да чексиз шылтоолорду берип жатышты. Ал эми бийлик арканды узак жана бош таштап койгон. Качан гана блогерлер, журналисттер алардын жинине тийе баштаганда чара көрүүгө өттү. Бирок башка өлкөлөрдө да мындай аракеттер болуп жатат. Өзбекстан да бул жараяндан өтүшү керек деп ойлойм. Азыркы көрүнүштөр күчөйт жана татаалдашат”, - дейт Навбахор Имамова.
Өзбекстандык саясат тануучу Камолиддин Раббимов өлкөдө эркин коом жана демократия болушу үчүн сөз эркиндиги жана таза шайлоо зарыл экенин айтты. Ал кийинки айларда бир нече журналист жана блогер кармалганы эл аралык аренада терс кабыл алынарын КUN.uz сайтына билдирди.
"Айрымдары жети жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылган. Тышкы дүйнө муну "репрессия" катары кабыл алат. Чет өлкөдө да журналисттер катачылыктарга, кылмыштарга барышат. Алар да жазаланат. Бирок убактылуу кармоо, айып пул салуу жана өзгөчө учурларда шарттуу жаза берүү менен гана чектелет. Сын айткан журналисттер менен блогерлер жети жылга эркинен ажыратылса, укуктук мамлекеттер муну өтө терс кабыл алат",- деп жазды Камолиддин Раббимов.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун дүйнө жүзүндөгү сөз эркиндигин талдаган баяндамасында Өзбекстанда "жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди сындоо дагы деле мүмкүн эмес" деп айтылат. Бул уюмдун “Дүйнөдөгү медиа эркиндиги - 2023” индексинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 137-орунду ээледи.
Өзбекстанда "Маалымат жөнүндө" мыйзамга, Кылмыш жана Административдик кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилген. Жаңы мыйзамдар президент Шавкат Мирзиёев кол койгондон кийин 2021-жылдын 31-мартында күчүнө кирген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ал өзгөртүүлөргө ылайык, президентти каралаган, ушактаган маалыматтар жана интернет аркылуу "массалык башаламандыктарга" чакыргандар үчүн абак жазасы каралган. Ошондой эле башаламандыкка жана зордук-зомбулукка шыкактоо үчүн да кылмыш жоопкерчилиги киргизилген. Мындай айып коюлган адамдар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Соңку жылдары Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да эркин журналисттердин жана блогерлердин таасири күчөдү. Алардын ишмердигин көзөмөлгө алган, айыпка жыккан же камакка алган көрүнүштөр да катталууда. Мындай чаралар боюнча коомчулукта эки ача пикирлер жаралып келет.
Маселен 2022-жылы апрель айында Казакстанда Mudarabaн Capital аттуу финансы пирамидасынын иши боюнча блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов камалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, блогерлер тармактык сооданын жарнамасына катышып, анын теңата ээси катары киреше алып турган. Инстаграмда үч миллиондон ашык катталуучусу бар Туребаев камакка алынардан мурун видео тартып, анда ал "өзү дагы жабырлануучу" экенин жана "компаниянын ишмердүүлүгүнөн эч кандай пайда албаганын" айткан. Быйыл Алматынын соту аларды беш жылга абакка кескен.
Мындан тышкары Казакстанда блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирген жана алардын жоопкерчилигин күчөткөн мыйзамдар кабыл алынууда.
Кыргызстанда да эркин журналисттер же блогерлер кармалган же аларга кол салган учурлар көп катталып жатат.
Дагы караңыз Башталбай жатып белгилүү болгон чечим. Сот кимдин буйругун аткарды?