Сох иши: Эки киши 5 жылга кесилип, 20 киши эркинен шарттуу ажыратылды

Өзбекстандын Фергана облустук сотунун жанында. 2021-жылдын 18-марты.

18-мартта Өзбекстандын Фергана облустук соту былтыр майдагы Сох окуясы боюнча айыпталган 22 кишиге өкүм чыгарды. Айыпталуучулардын экөө беш жылга абакка кесилди. Ал эми дагы 20 киши эки жылдан беш жылга чейин шарттуу түрдө соттолду. Ошондой эле айыпталуучуларга Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын пайдасына 10 миллиондой сум (950 доллар) айыппул салынганганы кабарланды.

2021-жылдын 18-мартында Өзбекстандын Фергана облустук соту былтыркы "Сох окуялары" боюнча айыпталып жаткан 22 кишиге карата өкүмүн жарыялады.

Соттолгондордун бардыгы Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренесиндеги "жапырт башаламандык" доосу боюнча күнөөлүү деп табылды. Бирок кодекстин 57-беренесине ылайык алардын жазалары жеңилдетилди.

Сот жүрүмүнө көз салган укук коргоочу Баходирхон Элибоевдин айтымында, сот эки айыпталуучуга – Назиржон Жураев менен Махсимжон Ахмедовду беш жылга абак жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Алар жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жазасын өтөйт. Жураев менен Ахмедов буга чейин абакта кармалып келген тогуз кишинин катарында болушкан.

Ал эми калган жыйырма айыпталуучу эки жылдан беш жылга чейинки ар кыл мөөнөткө эркинен шарттуу ажыратылды.

Өзбекстандын Фергана облустук соту. 2021-жылдын 18-марты.


Сот өкүмдү окугандан көп өтпөй Өзбекстандын Жогорку Сотунун интернет барагында бул жүрүмдүн жыйынтыгы тууралуу расмий билдирүү жарыяланды.

Күнөөлүү табылгандардын көпчүлүгү былтыр 22-августта кармалып, үй камагында отурушкан.

Саал мурдараак, 16-марттагы сот отурумунда прокурор камакка алынган тогуз кишини 10 жыл эки айга, үй камагына чыгарылган 13 кишини 6 жыл 6 айга эркинен ажыратууну сураган болчу.

Тасма. Мында 16-марттагы Фергана облустук сотунда прокурор талап кылган жаза сунушу тууралуу кабар камтылган. 2021.

Сот ошондой эле айыпталуучуларды Фергана облустук ички иштер башкармалыгына келтирилген чыгымдын ордун толтуруу максатында 10 миллион сумга (950 доллардын тегереги) жакын айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Ал эми Сохтогу окуялардан үч ай өткөндөн кийин оболу шектүү он киши кармалып, алтоосуна кылмыш иши козголгон болчу. Бирок былтыр 9-ноябрда соттук отурумга 22 айыпталуучу катышкан.

Тергөө башталгандан кийин гана коомчулукка 13 айыпталуучу сентябрь айынан бери үй камагында отургандыгы белгилүү болгон.

Дагы караңыз Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери чек арадагы кырдаалды талкуулашты


Жергиликтүү басылманын маалыматы боюнча, айыпталуучулардын арасында жашы жете элек эки өспүрүм да бар. Алар өзбек тилин билбегендиктен, соттон котормочу сурашкан, бирок сот бул өтүнүчтү четке каккан.

Сох районунда тажик тегиндеги өзбекстандык жарандар басымдуулук кылат. Айрым сохтуктар Өзбекстандан ичкерки аймагынан алыс болгондуктан, өзбек тилин жакшы билишпейт деп айтылууда.

Окуянын чоо-жайына келсек, 2020-жылы 31-майда Кыргызстанга караштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда булак суусун бөлүштүрүү маселеси боюнча талаштын айынан ири жаңжал чыккан.

Чечме айылындагы дүрбөлөңдүү кырдаал. 2020-жылдын 31-майы.


Бири-бирин таш бараңга алуу менен байланыштуу бул жаңжалдын айынан 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып, Өзбекстанда ооруканага түшкөн, алардын үчөөнө мылтыктын огу тийген жана бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр алардын көбү өзбекстандык жоокерлердин тополоң кылгандарды таркатуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алган, бери дегенде эки киши оор абалда ооруканага түшкөн.

Өзбекстандын Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев Сох анклав аймагына барып, калайык менен жолугушуп жатканда, Сохтун ичинде да кагылышуу болуп кеткен.

Фергана облустук сотундагы айыптоо корутундусунун көчүрмөсү. 2020-жылдын сентябры.

«Азаттыктын» өзбек кызматына жеткен айыптоо корутундусунун көчүрмөсүнө караганда, 22 айыпталуучунун төртөөсү күнөөсүн мойнуна алган эмес, үчөө жарым-жартылай мойнуна алды, калгандары күнөөсүн толугу менен моюндарына алышкан.

Бул тирешүүүгө нааразылык билдирип, көчөдө топтолгон калайыкка облус жетекчисинин кылган өктөм мамилеси себеп болгону кабарланган. Облус акими «беш мүнөттө үйүңөргө кирип кеткиле, болбосо мен кайтып барып Кадамжай тараптан жолду жабам» деген.

Тасма. Мында Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевдикине окшош үн да камтылган. Сох аймагы. 2020.

Андан тышкары ачыкка чыгып кеткен аудиодо үнү Ганиевдикине окшош адам «чыр-чатактуу айылдарды Сохтун картасынан чийип салабыз» деп айтканы Интернетке тарап кеткен. Фергана облусунун акиминин мына ушундай мамилесинен улам анклавдын тургундары аны жоокерлер калкалап турганына карабай, ташбараңга алууга аракет кылган.

Дагы караңыз Өзбек өкмөт өкүлдөрү чек ара чатагы чыккан Сохко келип кетти


2020-жылы 2-июнда анклавга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов барганда да жергиликтүү тургундар аким Ганиевдин жоруктарын тизмелеп айтып арызданышкан. Арипов жаңжалга аралашкан айылдыктар жазага тартылбастыгына убада берип, калайыкты тынчыткансыган. Бирок эки күн өтпөй Арипов Фергана облусунун акимин мактап, бир кыйла убакыттан кийин ташбараңга тийешеси бар деп шектелген сохтуктар четинен жазалана баштаган.

Дагы караңыз Мирзиёевдин тили тийсе да «тиши өтпөгөн» аким


Кыргызстан менен Өзбекстандын чырдуу чек ара боюнча сүйлөшүүлөрү коронавирус пандемиясына байланыштуу токтоп калган. Кийин бул сүйлөшүүлөр жанданып, былтыр 28-августта Ташкент шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эки протоколго кол коюлган.

Протоколдо эки тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы 94,5 чакырым боюнча чекти сүрөткө түшүрүү долбоорун макулдашып, бекиткен. Ошондой эле мурда макулдашылбаган 10 тилкенин бири боюнча орток пикир табылды.

Дагы караңыз Садыр Жапаров: «Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмес


Ал арада Кыргызстандын азыркы президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун 12-мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалыматында, эки тарап кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүшү керек деген жыйынтыкка келишкенин кабарлаган. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек арада туруктуулукту камсыз кылары айтылды.

Байтерек айым чек араны делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чече тургандыгын кошумчалаган.

Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстандын 1379 чакырымдай жери чектешет, анын ичинен 85% такталган. Ал эми Кыргызстандын аймагында өзбекстандык анклав болуп жайгашкан Сох районунда 80 миңдей киши жашайт.