Өзбекстан: дарыга ууланган балдар коррупция курмандыгыбы?

Саида Мирзиёева Чуст районундагы ооруканада жаткан балдардан кабар алды

Өзбекстанда өкмөт йод жетишсиздигине каршы күрөш жүргүзүп жаткан кезде ондогон балдар уулануу белгилери менен ооруканаларга жаткырылды. Бул саламаттык сактоо тармагындагы бир жыл ичинде өлкөнү дүрбөткөн экинчи учур.

Кышында Өзбекстанда 65 бала чет өлкөдөн ташылып келген сироптон каза тапкан. Бирок бул жолу өкмөттүн жоопкерчилиги кыйла айкын байкалууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы жана башкы жардамчысы Саида Мирзиёева борбордон алыс ооруканада жаткан балдардан кабар алуу үчүн барганы кандайдыр бир олуттуу окуя болгонун каңкуулайт.

Министр журналисттерди ачык эле “бөйрөктөн шыйрак чыгарбоого” чакырса, демек, бул кимдир бирөөнүн жашыра турган бир нерсеси бар экенинен кабар берет.

Бир жумадан ашуун убакыттан бери өзбек медиасында жана социалдык тармактарда йод жетишсиздигине каршы күрөшүү боюнча улуттук өнөктүктүн алкагында жактырылган дары-дармектерди ичип, жүздөгөн баланын ооруп калганы жана бир канча бала ооруканага жаткырылганы жөнүндө жазып жатат.

Дагы караңыз Дарыга ууланган балдар, Мирзиёеванын "мээрими"

Бийлик азырынча бул өнөктүк менен балдардын абалынын ортосундагы байланышты моюнга алгысы келбей жатат. Бул түшүнүктүү.

Өткөн кышта Өзбекстанга Индиядан алып келинген жөтөлгө каршы сиропту ичкен 65 бала чарчап калган. Балдардын өлүмү тез өнүгүп жаткан фармацевтика рыногунда көзөмөлдүн жоктугуна жана коррупциянын тамыр жайышына күмөнсүгөн коомчулуктун катуу нааразылыгын пайда кылды.

Жаңы уулануу окуясы өлүмгө алып келбегени менен, 6,5 миллион баланы камсыз кылуу максатында йод жетишсиздигине каршы дары-дармектерди кымбат баада сатып алган өкмөт үчүн бул сезимтал маселе бойдон калууда.

Өткөн апталарда Наманган жана Анжиян облустарында балдардын ооруканага жаткырылганы жөнүндө маалыматтар чыга баштагандан кийин аткаминерлердин жоопкерчилигине байланыштуу суроолор жаралган.

Британияда жайгашкан Central Asia Due Diligence изилдөө компаниясынын жетекчиси Алишер Илхамов учурда болуп жаткандардын баары “кандайдыр бир кызыкчылыктардын кагылышуусун көрсөтөт” дейт.

"Же аткаминерлерге жең ичинен сый акы берилген, же компаниянын жогорку деңгээлдеги таасирдүү адам менен байланышы болушу мүмкүн", - дейт Илхамов “Азаттыкка” берген комментарийинде.

"СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ УУ-ДУУ"

Мирзиёева 23-сентябрда Наманган облусуна болгон иш сапарында Башкы прокуратура облустагы 70тен ашуун баланын ооруканага жаткырылганы боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Ал оорукананын балдар жаткан палатасында түшкөн сүрөттөрүн расмий Телеграм-каналына илген.

Маалыматта ал облуска "мамлекет башчынын тапшырмасы менен" келгени, атасы Шавкат Мирзиёевдин кеңсесинде балдардын ооруканага жаткырылганына тынчсыздануусун билдирилгени айтылат.

"Абалды өз көзүбүз менен көрүү үчүн ооруканага барып, балдардан кабар алдык. Алардын маанайы жакшы, баары акырындык менен сакайууда, көбү үй-бүлөсүнө кайтты", - деп билдирди Мирзиёеванын каналы. Бирок уулануунун иликтениши тууралуу маалымат берилген жок.

"Антиструмин".

Саламаттык сактоо министринин орун басары Элмира Баситханова 27-сентябрда жергиликтүү фармацевтикалык Samo компаниясы чыгарган "Антиструмин" калий йодид таблеткалары менен балдардын оорусунун байланышы "азырынча далилдене элек" деп белгиледи.

Баситханова оорунун күтүүсүз күчөшү сасык тумоого байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Бирок 22-сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги "Антиструминди" колдонууну токтоткон.

Gazeta.uz маалымат сайты менен болгон маегинде Республикалык тез жардам илимий борборунун дарыгери Ориф Инамов "Антиструмин" ууландырбай турганын айтты.

"[Эгер дозасы чоң болсо], анда ал заара менен чыгат", - деди Инамов. Ал журналисттер менен балдардын ашказанын эмне үчүн жууп жатканы тууралуу сүйлөшүүдөн баш тартты. Ал жаш бейтаптардын кан анализи боюнча да эч кандай маалымат берген жок.

Тескерисинче, Инамов бейтаптардын санынын көбөйүшү үчүн жоопкерчиликти интернеттеги "уу-дууга" жүктөдү. Муну менен бирге, ал балдардын көбү олуттуу дарылоону талап кылбайт деп белгиледи.

Көз карандысыз өзбек дарыгери, YouTube каналында 3,6 миллион катталуучусу бар Узнеттеги эң таанымал догдур Нодирбек Исчанов башкача пикирде.

Ушул жума башында жарыяланып, миллиондон ашуун киши көргөн видеодо Исчанов Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган документте дарынын ашыкча өлчөмдөгү дозалары жазылганын жана мындай көлөмдө кабыл алуу терс реакция жаратышы мүмкүн экенин айтты.

ТЕНДЕР ЖӨНҮНДӨ «ЧАГЫМЧЫЛ» РЕПОРТАЖ

Исчанов министрлик чоң балдар үчүн 1000 миллиграмм, ал эми жаш балдар үчүн 500 миллиграмм йод дозасын сунуштаганын маалымдады.
"Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бекиткен дозадан бир нече эсе жогору. Бийликтегилер аталган уюмдун сунуштарын мурдараак йод жетишсиздигине каршы өнөктүккө арналган сайтка жарыялаган", - деп айтты ал.

Чын эле эмне болду? Кеп дарынын ашыкча дозасындабы же анын сапатына байланыштуу көйгөйлөрдөбү?

Бул өлкө боюнча балдардын жапа чегишине себеп болгон жөнөкөй эле жаңылыштыкпы же жазуудан (басмадан) кеткен катабы?

Ар кандай болушу мүмкүн. Бирок түзүлгөн кырдаал мыйзам ченемдүү түрдө дары-дармек өндүрүүчү Samo компаниясына жана анын ири көлөмдөгү дары-дармек менен камсыз кылуу келишимин кантип алганына элдин көңүлүн бурду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

Gazeta.uz иликтөөсү жаңы ыңгайсыз суроолорду пайда кылды.
26-сентябрда бул сайт мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтарды келтирди. Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин Узмедимпекс бөлүмү жалпы көлөмү 3,5 миллион таңгактан ашык "Антиструминди" - өткөн жылы ар бир таңгагын 5500 сумдан (0,45 доллар) жана бул жылы ар бир таңгагын 6600 сумдан (0.54 доллар) - сатып алган.

Ошол эле учурда Gazeta.uz "Антиструминди" аталган мезгилде Өзбекстандын бир нече интернет-дарыканалардан бир таңгагын 3 миң сумдун тегерегинде чекене баада сатып алса болмок деп, фактылар менен тастыктады.

Бул өкмөт дарыны дүң баада арзан сатып алуу ордуна, тескерисинче, чекене баасынан эки эсе кымбат төлөгөнүн көрсөтүп жатат.
Дарыканалар аталган дарыны жарнамалаганын токтотту, бирок алардын бири баасы ошол бойдон калганын сайтка ырастады.

Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Амрилло Иноятов 27-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып, "Антиструминдин" бир топ арзан баада бар экенин төгүндөп, мындай дооматтар “чындыкка жатпайт” жана “чагымчыл” деп билдирди.

Министрдин жардамчысы мекеме арзаныраак бааны сунуштоого аракет кылганын, бирок бул сунушту Samo четке какканын кошумчалады. Жардамчы мойнуна алгандай, аталган компания камдоо келишими түзүүгө жападан жалгыз талапкер болгон.

"ЫРААЗЫЛЫК ИРЕТИНДЕ "

Gazeta.uz маалымат жыйынына чакырылбай, ал тууралуу ага катышкан журналисттердин маалыматына таянып кабарлашы Өзбекстанда журналисттер үчүн кырдаал оор экендигин айгинелейт.

Кабарчылары маалымат жыйынына катышкан ири жеке менчик маалымат каражаты Daryo иш-чарадагы билдирүүлөр боюнча кабар жарыялап, бирок кийин аны өчүрүп салган.

Daryoнун материалынын акыркы версиясында Иноятовдун журналисттерди бул теманы чагылдырбоого чакырганы жөнүндө эч кандай сөз жок.
Бирок Gazeta.uz сайты иш-чарага катышкан журналисттерге шилтеме жасап, Иноятов маалымат каражаттарынан "бул теманы көп каза бербөөнү" суранганын билдирди.

"Муну менен алектенген уюмдар бар, - деди Иноятов. - Алар баарын ачык изилдешет".

25-сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги Samo боюнча өз иликтөөсүн баштаганын билдирди.

Бул фармацевтикалык компания менен келишим түзөрдөн мурда, жөн эле текшерип көрүшкөндө, өздөрү деле кабатыр болушмак.

Бир нече өзбек маалымат каражаттары жана блогерлер аталган бизнестин бир үй-бүлөгө таандык экенин көрсөткөн маалыматтарды ачыкка чыгарышты: төрт негиздөөчүнүн тең чоң атасынын жана атасынын аты бирдей болуп чыкты.

Негиздөөчүлөрдүн катарында йод жетишсиздиги менен күрөшүү өнөктүгүн илгерилетүү боюнча иш-чараларда сүрөткө түшкөн Өзбекстандын жараны Нодир Юнусов да бар.

Kun.uz жаңылыктар сайты белгилегендей, Юнусов АКШ өкмөтү "адам сатуу, укук бузуу жана каржылык опузалоо" беренелери боюнча айыптап, 10 жылдан бери издеп жүргөн кишиге абдан окшош.

АКШнын Иммиграция жана Бажы полициясынын (ICE) сайты Юнусовду укук коргоо органдары 10 жыл мурда Giant Labor деп аталган уюмду иликтей баштагандан кийин "АКШдан качып кеткен жана азыр да качып жүргөн" үч "кутумчунун" бири катары көрсөткөн.

Kun.uz сайты Юнусовдун ким экени жөнүндө суроолор менен кайрылганда, Samoнун өкүлү басылманын телефон номурун бөгөттөп салган.

Айрыкча өткөн кышта жөтөлгө каршы сироп менен дарылашкан балдардын өлүмү себеп болгон ызы-чуудан кийин бул жаңжалга байланыштуу расмийлердин тынчсызданып жатканы түшүнүктүү.

Дагы караңыз Өзбекстан: 19 баланын өмүрүн алган дары

Дарыканаларда рецептсиз сатылган "Док-1 Макс" сиробунун айынан болду делген кырсыкты учурда Ташкентте сот териштирип жатат.

Өзбекстандын бир нече аткаминерлери Quramax Medical компаниясынын өкүлү, Индиянын жаранынан 33 миң доллардан ашык пара алган деп айыпталууда. Пара дарыны милдеттүү түрдө сыноодон өткөрбөй эле кабыл алдыруу үчүн берилген деп болжолдонууда.

Reuters агенттиги 16-августта кабарлагандай, айыпталып жаткан Индиянын жараны Рагвендра Праттар сотто чиновниктерге параны "ыраазычылык билдирүү" үчүн бергенин айткан.