Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда айрым журналисттер, блогерлер жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жолукту.
Анда кээ бир иликтөөчү журналисттердин чакырылбай калганы, иш-чаранын форматы сынга кабылды жана берилген сый тамакты "ооз басырык" катары баалагандар болду.
Өкмөттүн басма сөз кызматы "журналисттерди тандап чакырган" деген дооматты четке кагып, мындай жолугушуулар дагы уланарын айтып жатат.
Өкмөт башчынын жолугушуусуна эркин журналист Эрнис Кыязов да чакырылган. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Акылбек Жапаровдун кечигип келгенине токтолду жана медиа өкүлдөрү тандалып-иргелип чакырылганын белгиледи.
"Мен азыр мамлекеттик медиада же органда иштебейм. Ютубда агартуучулук багытында өз алдымча мээнет кылып келем. Мага өзүн президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнөн болом деп тааныштырган жигит чалып, "сизди "Дасмияга" чакырып жатабыз, келиңиз, Акылбек Жапаров журналисттер менен ачык, эркин форматта сүйлөшкүсү келип жатат" деди. "Дасмия" эми тамактануучу, той-аш өткөрчү жер да. Өкмөт башчы журналисттер менен сүйлөшөт, анан тамак берет да деп ойлоп, барбай эле коеюн деп, кайра барууну чечтим. Өкмөт башчы эркин, Батыштын форматындагы саясатчылардай болуп бир жаңы саамалыктарды айтып калабы, байкап көрөйүнчү дедим. Бизди саат 5ке чакырышкан, бирок жолугушуу 1,5 саат кеч башталды. Журналисттер күтүштү, бирок албетте андан эч нерсе деле болуп кетишпейт. Бирок бул сыйлабастык. Акылбек Жапаров келгиче Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жекече, өзүнүн субъективдүү ойлорун, азыркы өкмөт кандай "сонун" иштерди жасап жатканын, мурда андай болбогонун айтты. Ага кыжыры келип үшкүрүнгөндөр да болду, "мейли эми, сүйлөй берсинчи" дегендер да, кулак салбагандар, кулак салып тыңдап отургандар да болду. Акылбек Жапаров келгенде өзүнүн слайдын көрсөтүп, өкмөт кандай иштерди жасап жатканын, алдыда кандай иштер жасалат деген пландарын айтты. Мен ушул жолугушуудагы эки эле нерсени айтып коеюн. Биринчиси - саат 5ке деп чакырып алып, 1,5 сааттан ашык күттүргөнү үчүн жок дегенде өзүн сыйлап, башканы сыйлап ооз учунан болсо деле Жапаров дагы, Байсалов дагы "урматтуу журналисттер бир аз күтүп калдыңар окшойт" деп кечирим сурап коюшу керек эле. Экинчиси - чакырганга жараша бөлбөй, баарын чакырышы керек эле".
Өкмөттүн дарегине сын доомат күчөп турган чакта журналисттерди топтоп, сый тамак берилгени талкууга түштү. Бирок бул жолугушууга барган журналист Гүлзада Шаршеналиева иш-чараны бир беткей жамандоого болбойт деп эсептейт.
"Мен бул жолугушууга баргандар тандалды же чайын ичкендер сатылып кетти деп кабыл алганым жок. Атам замандан бери эле келаткан кыргыз элинин "ийри отуруп, түз кеңешүүсү" дегендей кабыл алдым. Өкмөт башчынын бир аз кечигип келгени журналисттерге жаккан жок. Айрымдары кетип калды, Эдил мырза жакшы эле түшүндүргөнгө аракет кылды. Мен өкмөттүн мисалы, антикризистик планын аябай күтүп жүргөм. Ошол жерден көрсөтүштү. Бир кемчилиги ошол отчетту электрондук түрдө бизге эрте берип коюшса болмок экен. Биз ошондо алдын ала окуп, таанышып, тактай турган жерлерин тактап алсак, маңыздуу пикир алмашуу болмок экен".
Дагы бир журналист Нургазы Мусаев журналисттерди чакырууда иргеп-тандоо болбогонун айтып жатат.
"Биринчиден, актар, кызылдар, позиция, оппозиция деп эч кимди бөлгөн жок. Баарын эле тегиз чакырыптыр. Ал жерде "бул суроону бер, тигил суроону бербе" дегендей чектөө, кезекке тургузуу болгон жок. Адатта президенттин, өкмөт башчынын жыйынында ортодо бир тосмо тургандай аура болот. Бул жолугушууда ошондой тосмону байкаган жокмун. Пикир алышуу, диалог болду. Президенттик аппарат кадимки тойдогудай кылып дасторкон жасаптыр. Ошонусу мага жакты. Улуулата отуруп, дасторкон четинде кеп болгону жакшы эмеспи. Кыргыздын илхамы дасторкон четинде ачылат да. Кудайга шүгүр, эркин, ачык коомубуз бар. Бийлик элге жакын кандай болгон күндө да",- деди Мусаев.
Өкмөт башчы журналисттер менен бейрасмий форматта жолукканы белгилүү болгондон кийин эле ага чакырылбай калган медиа өкүлдөрү нааразылык билдире баштаган.
Алардын бири "ПолитКлиника" басылмасынын редактору жыйынга Дилбар Алимова иликтөөчү журналисттер кошулбай калганына токтолду.
"Бул жолугушууга биз жана "Кактус.медиа", "Клооп", "Темиров LIVE" өңдүү медианын өкүлдөрү, иликтөөчү журналисттер чакырылган жок. Биз акыркы учурда Акылбек Жапаров тууралуу иликтөөлөрдү жасап жүрөбүз. Эгер бизди чакырышканда ошол иликтөөлөрдөгү жооп ала албай жүргөн суроолорубузду бермек экенбиз деп ойлонуп калдык. Ошол суроо-жооп болгон жолугушуунун биринчи эле бөлүгүнө катышмакпыз. Бирок эмнегедир иликтөө жасаган журналисттер чакырылган жок. Жолугушуунун форматы ар кандай ойлорду жаратат экен. Эгер өкмөт башчы журналисттерге маалымат берем десе, башка деле аянтчаларды пайдаланса болмок. Биз иликтөө материалдарын даярдап жаткан учурда Акылбек Жапаровго маалымат кызматы, жардамчысы аркылуу байланышууга аракет кылганбыз. Өзүнө деле СМС жазып, аны окуганынан деле кабарыбыз бар. Бирок такыр жооп ала алган эмеспиз".
Блогер Атай Бейшенбек жолугушууда Акылбек Жапаровго эки суроо бергенге үлгүргөнүн айтты.
"Мен бул жолугушууда көп маалымат берилет дегенинен улам баргам. Көп талкуу кылып жатам, ошого маалыматтар керек болот деген таризде баргам. Акылбек Жапаров ал отчетторун буга чейин Жогорку Кеңеште дагы көрсөткөн. Мен "бул отчеттор каржы булагы, механизмдери көрсөтүлбөгөн абстрактуу пландар" деп ошол жерде деле айттым. Түшүнүксүз схемаларды, татаал сөздөрдү жазып алып эле "иштеп жатабыз" деген форматты тандап алышты. Ошондуктан "жерге түшкүлө, силер айтып жаткан миллион, миллиарддар менен жүрүп жаткан иштер эки бөлөк болуп жатат" деп айттым жана эки суроо бердим. Биринчи суроом бажы тармагы тууралуу болду. Жогорку Кеңеште Бажы кызматынын төрагасы аткезчиликтин аркасында өтө таасирдүү адамдар турарын айткан, бирок алардын аттарын сураганда атай албай койгон. Мен Акылбек Жапаровдон бийликтеги экинчи адам катары ошолордун аттарын атай алар-албасын сурадым. Ошолор менен силер күрөшө албасаңар биз, коомчулук аралашып, чогуу күрөшөлү дедим. Ал болсо мурда аткезчиликтин артында турган адамдын аты белгилүү болчу, азыр болсо аты жок деп койду. Бул кызматтын башчысы жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүн 98 миллиард сомго чыгара албаса, анда аткезчиликтин аркасында Самат (Бажы кызматынын төрагасы-ред.) жана анын орун басары, жетекчилери турган болот деген мааниде айтты. Экинчи суроом Кумтөр тууралуу болчу. Мен "эмнеге келишимге кол койгон адамдар эле чечип койдуңар, алдын ала чечим чыгарганга силерге укукту ким берди, демек бизде сот системасы талкаланган экен да, силер кандай чечсеңер ошондой болот экен да" дедим. 25-июлда "Центерранын" акыркы жолугушуусу болот экен, азыр жооп бере албасаңар ошол жолугушуудан кийин жооп бергиле десем, "ооба, азыр жооп бере албайм" деди. Мага бир гана нерсеси, "ачык-айкын сүйлөшүп алалы" дегени, кадам таштаганы жакты. Албетте, уюштуруу жагынан көп нерсе эске алынбай калыптыр", - деди блогер.
Дагы караңыз Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик: Next TV кызматкерлери сурак бердиПрезиденттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы бул жолугушуу тууралуу “Азаттыкка” учкай гана комментарий берди.
Анда “Журналисттерден, блогерлерден, коомдук активисттерден Акылбек Жапаровдон интервью алууга, кабылдамасында болууга сунуштар арбын келет. Мына ошондуктан 5-июлда Акылбек Жапаровдун катышуусунда медиа тармактын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду. Министрлер кабинетинин башчысы менен жолугушуу акыркысы эмес жана алдыда дагы уюштурулат” деп жазылган.
Деген менен медиа эксперт Гүлзада Медералиеванын пикиринде, мындай жолугушуулар башкача форматта өтүшү керек жана чакырылгандарга байланыштуу күдүк, бүдөмүк ойлор жаралбашы абзел.
"Албетте, бийлик ачык болушу керек. Бийлик журналисттерге жолугуп, болгон маалыматты берип тураны жакшы, керектүү нерсе. Бирок тойканага чакырып алып, жанагынча столдун баарын "титиретип", "негативдүү маалыматты бербей эле койсоңор" дегени кадимки эле "ооз басырык" болуп жатпайбы! Мен-мен деген чыгаан журалисттердин чакырылбаганы, тандалып чакырылганынын өзү башкача ойлорду жаратып жатат".
Кыргызстанда соңку кездери сөз эркиндигине байланыштуу сындар айтылууда. Буга айрым журналисттерге кылмыш иштери козголуп, камакка алынган фактылар негиз болду. Бийлик болсо журналисттерге кысым болуп жатканын четке кагып келет.