Өкмөт мыйзам долбоорун “эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык атаандаштыкка жөндөмдүү, экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба продукциясын, кайра иштетүү өнөр жай продукциясын өндүрүү жана экспорттоо, аларга болгон ишенимди жогорулатуу үчүн базалык шарттарды түзүү” максатында иштелип чыкканын айтууда. “Адал продукция” белгиси кантип коюлат? Адалды ким, кантип аныктайт?
Бишкек шаарынын тургуну Манас дүкөндөр менен ашканаларда “адал азык” деп жазылган белгилер жайнаганы менен, алардын адалдыгына ишенбей калганын айтууда:
"“Халал” деп эле сатып жатышпайбы. Самсанын ичин карасаң, эти башкача. Бир нерселерди кошуп таштайт. Шишкебек, шаурмалар да... Айтып турса жегиң келбейт. Көбүн айтып атышат “өлүп калган уйлардын этин алып келет” деп. Көзүң менен көрбөгөндөн кийин айтыш да кыйын. Бирок көбүнө ишеним жок. Мисалы, грилдерге бүт эле коньякты кошуп таштайт экен. Жасалган жерлерин карасаң, көңүлүң айныйт”.
Дагы караңыз Алайда териси сыйрылган эшек эти табылдыМындай пикирлер коомдо көп эле айтылып келет.
Жакында Министрлер кабинети “Адал индустрия жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап, ал биринчи окуудан өттү. Мыйзам долбоору керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адалдаштырган аракеттердин алдын алуу, адал индустрия чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо, Кыргызстанда өндүрүлгөн адал стандарттар боюнча өндүрүлгөн продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата принциптер менен талаптарды аныктоо, адал продукцияларды маркалап, сертификациялоону көздөйт.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова Кыргызстанда мамлекет тарабынан кандайдыр бир жөнгө салуунун жоктугунан улам адал продукцияны керектөөчүлөр нааразы болуп жатканын айтты:
“Бизде башкаруу системасында жөнгө салуучу мамлекеттик органдар жана жөнгө салуучу функция жок болчу. Бул базар. Эгерде ишкана адал керектөөгө багыт алса, ошого жараша алар ырастамадан ыктыярдуу өтүп, өз өндүрүмдөрүн базарга “Адал” деген белги менен чыгарып келет. Тилекке каршы, керектөөчүлөр даттанууда. Алар “Адал” стандартынын аккредитация жана тастыктама системасына шайкеш келтирүүнү суранып жатышат. Бирок тийиштүү мамлекеттик органдар берген тастыктамалар аркылуу жооп берүү үчүн бизде мыйзам жок. Мындай көрүнүштөр көп кездешип жатканда, керектөөчүнүн укуктарын коргоо кыйын болууда. Бул мыйзам долбоорунда биз негизги принциптерди жазып жатабыз. Мындан тышкары, “Адал” стандарттар боюнча ырастамаларды берүүгө укук алган компаниялардын реестри түзүлөт”.
Документтин түшүндүрмөсүндө баяндалгандай, Кыргызстанда продукциянын коопсуздугу тиешелүү бардык ченемдик-техникалык регламенттер менен жөнгө салынган. Ошол эле учурда азыркы мыйзамдарда адал азыктарды жана товарларды өндүрүү, сатуу жана керектөө маселелери жөнгө салынган эмес. Мындай укуктук боштуктан улам адал продукциялардын тийиштүү талаптарга шайкеш келүүсүн тастыктоо же четке кагуу мүмкүн эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова мыйзамда көп чийкиликтер бар деген пикирин айтты. Анын үстүнө “Адал” стандарттарын киргизүүдө араб өлкөлөрүн үлгү кылуу туура эмес деди:
“Сиздер индустрия дегенди киргизип жатасыздар. Бул абдан кеңири түшүнүк, бүтүндөй өндүрүш. Анын баары ушул мыйзамга шайкеш келиши керек болот. Силер кайсы индустрия экенин тактабай, анын ордуна бүткүл өндүрүш “адал” болушу керек деп жалпылап жатасыңар. Тамак-аш эмес, айыл чарба эмес – эч кандай тактык жок. Абдан жалпыланып кеткен. Бизди Сауд Арабиясы, Араб Эмирликтери жана Малайзия менен салыштырып жатканыңар мени уялтып жатат. Бирок ал мамлекеттердин экономикасы менен маданиятын биздики менен салыштырып болобу?”.
Дагы караңыз Муфтият "адал сертификаттары" тууралуу түшүндүрмө бердиСунушталган мыйзамга ылайык, “Адал” стандарттары боюнча сертификат алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Сертификатка ээ болгон компаниялардын азыктары менен кызматтарына адал стандартка шайкеш келтирүү талаптары коюлат.
Соңку 15-20 жылдан бери Кыргызстандын коомчулугунда адал түшүнүгү кеңири жайылууда. Дүкөндөрдө, тамактануу жайларында "адал" деп аталган азыктарга суроо-талап чоң. Той-топурлар, коомдук иш-чаралар "адал" тартиби менен өтүп келет.
Буга кошумча, бара-бара "адал айыл чарба", "адал туризм", "адал медицина", "адал дары", "адал косметика", "адал логистика" дегендей түркүн түшүнүктөр да пайда болууда.
Адал индустриясы боюнча саясатты Экономика жана коммерция министрлиги алып барат. Министрликтин алдындагы “Адал индустрияны өнүктүрүү борбору” мыйзамды аткаруучу орган катары иштейт. Борбордун директору Алмаз Кайырбеков адал индустрияны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү Кыргызстандын экономикасына олуттуу түрткү берет деп эсептейт:
“Жарандардан “ушунун баарын тастыктап бергиле, кандай берилип атканы айкын болсун” деген көп суроолор келип жатат. Экономика министрлигинин алдында Мамлекеттик аккредитация борбору бар. Биз мыйзамда “Адал” сертификаттарды берип жаткан борборлордун баары ошол аккредитациядан өтсүн деген талапты коюп жатабыз. Анткени бул дүйнөлүк аккредитациялардан өтүп жатканда, ошол жактагы бүт суроолорго жооп берет. Мисалы, кайсы орган берди, ал кайсы эсептен берди, кандай технологдору, эксперттери бар, кандай лабораториялар менен иштеп атат, сертификат кайсы стандарттардын негизинде берилип жатат – ушундай жалпы суроолорго жооп берүүчү аккредитациядан өтсүн деген талаптарды коюп жатабыз мыйзамда. Анткени мыйзам чегинде жарандарды алдоого жол коюлбашы керек. “Адал” деп бардык жакка чаптап жатканда, ошолордун талаптарын дагы эске алыш керек. Чындап берип атабы же андай эмеспи - баары шайкеш болушу керек”.
“Кыргызстандарт” менен “Кыргыз аккредитация борбору” өлкөдөгү “Адал” стандарттар боюнча товарлар менен кызматтарды сертификациялоочу уюмдарды аккредитациялоо менен алектенет.
Мыйзам алкагындагы негизги кызматтардын бирин аткара турган “Кыргыз аккредитация борборунун” өзүнүн да азырынча адал стандарттар боюнча иш тажрыйбасы жок.
Дагы караңыз Адал менен арамды ажыратуу азабыКыргыз аккредитация борбору Жаныбек Чапаев улуттук эксперттер адал индустриясынын стандарттары боюнча иш тажрыйбасы жок экенин, алгачкы учурларда эл аралык эксперттерди жардамга чакырышарын билдирди:
“Аккредитация эл аралык стандарттар боюнча гана өткөрүлөт. Биз Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология уюмунун мүчөсүбүз. Учурда биз алардын стандарттары менен иштеп жатабыз. Биздин эксперттер окуудан өткөн, дин башкармалыгынын өкүлдөрү да өткөн. GIZ аркылуу окутуучуларды Дубайдан чакырганбыз. Сертификат алганбыз, бирок иш тажрыйбабыз болгон эмес. Эгерде адал индустрия боюнча өтүнмөлөр болсо, Түркиядан тажрыйбалуу эксперттерди чакырабыз. Биз аккредитацияны бирге өткөрүү менен үйрөнүп алабыз. Андан кийин биздин улуттук аккредитациялык эксперттерибиз башка уюмдардын адистерине да үйрөтөт. Биздеги алгачкы аккредитация эл аралык эксперттердин катышуусунда өтөт”.
Учурда “Адал” сертификатты мамлекет тарабынан Стандартташтыруу жана метрология борбору Мусулмандардын дин башкармалыгы менен биргеликте берип келет. Мындан тышкары, бул жаатта иштеген алты жеке компания бар.
2015-жылы “Кыргызстандагы адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы” кабыл алынган. 2022-жылы дагы бир концепция жарыяланган. 2021-жылы маркалоо боюнча токтом чыккан. 2023-жылы ноябрь айында өкмөт “Адал туризмди өнүктүрүү концепциясын” кабыл алган.