Казак бийлигине каршылар кыймыл түздү

Казакстандык активист Аскат Жекшебаев Алматы администрациясынын алдында турат. 14-февраль, 2020-жыл

Казакстанда бийликке жана сотторго нааразылыгын ачык айтып чыккандардын катары калыңдай баштады. Нур-Султан шаарында 22-февралда ири митинг өтөрү да күтүлүп жатат.

Буга байланыштуу баш көтөргөн активисттерди камаган көрүнүштөр күч алууда.

17-февралда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге жана сенатты жетектеп отурган кызы Дарига Назарбаевага көзмө-көз жолугуу үчүн президенттик резиденцияга баргандардын үчөө беш суткага камалды.

Митингге чыккандар негизинен соттук чечимдерге, ипотекалык насыялардын шарттарына жана өлкөдө курулуп жаткан үйлөрдөн батир алуу үчүн алдын ала үлүш кошуп, акырында алданып калгандар болчу.

Нур-Султан шаарынын полициясынын башчысы Есиль Мадияр Айтуганов үч аял тең коомдук тартипти бузганы үчүн кармалып, “полицияга баш ийбей койгону” үчүн беш күнгө камалганын "Азаттыктын" казак кызматына ырастаган.

Өткөн аптада да ар түрдүү берене менен 20 активист кармалып, ар кандай жазага тартылган. Укук коргоочулар бул камоолорду бийликтин 22-февралда болору айтылган митингге даярдыгы катары сыпатташты.

Ал арада жарандык активисттер «Казакстан Демократиялык партиясын» каттоодон өткөрбөй жатышына нааразылык билдиришти.

Партияны түптөгөндөрдүн бири Жанболат Мамай 19-февралда өткөн маалымат жыйында элди нааразылык акциясына чыгууга үндөдү.

"Башка жол жок. Жөн гана съезд өткөрүп, кол чогултсак, бийлик аны карап да койбойт. Ошондуктан көчөгө чыкканга аргасызбыз. Көчөгө чыгып, «Демократиялык партияны» каттоого аргасыз кылышыбыз керек. Зарыл болсо, бир эмес, бир нече митингдерди өткөргөнгө даярбыз".

"Көчө партиясынын" мүчөлөрү, 18-февраль, 2020-жыл, Нур-Султан шаары.

Казакстандын мыйзамы боюнча жаңы партия түптөө үчүн шаарлардан жана облустардан миңден кем эмес өкүл чогулуп, курултай өтүшү шарт.

40 миңден кем эмес мүчөсү бар партия гана партия расмий каттала алат.

Ал арада 18-февралда Нур-Султан шаарында «көчө партиясы» деген кыймыл түптөлгөнү кабарланды. Анын мүчөсү Анна Шүкеева кыймылдын максаты тууралуу буларды айтты:

"Биз парламенттик өлкө болууну, президент деген кызматтын жоюлушун каалайбыз. Президент жана анын тегерегиндеги кишилерге ишеним жоголуп бүттү. Мамлекеттик чечим чыгарууда элдин пикири эске алынышын каалайбыз".

Бир апта мурдараак Казакстанда митинг өткөрүүгө байланыштуу жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Бирок укук коргоочулар жаңы мыйзам эски эрежелерден куралганын сындап чыгышты.

Укук коргоочу Евгений Жовтистин айтымында, жаңы мыйзам чектөөлөргө жана тыюуларга бай.

Евгений Жовтис.

"Биринчиден, митинг өткөрүү үчүн атайын орун бөлүнүп берилет дегени жаккан жок. Жарандар митингди карантинге алынган, атайын өзгөчө коргоого алынган жерлерден башка каалаган жайда өткөрүүгө уруксат берилиши керек. Митингди белгилүү бир гана жерде өткөрүү керек деген акылга сыйбайт. Митинг тууралуу бийликке алдын ала эскертип коюуга макулбуз. Бирок эскертип коюу - уруксат алуу дегенди билдирбейт".

Казак бийлиги соңку бир жылдан бери ар кандай митингдерди басуунун ар кандай айла-амалын көрүп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​