Жүрөгүн окко тоскон баатыр

Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге айылында коюлган эстелик.

Касымалы Жантөшев аңгемени аз жазган, эпикалык чакан жанрга негедир көңүл бурган эмес. Кыргыз окурмандарына ал «Каныбек» романынын автору катары көбүрөөк таанымал.

Жазуучу повесттерди, драмалык чыгармаларды да жараткан. «Чолпонбай» - согуш кезинде жазылган Касымалы Жантөшевдин белгилүү аңгемеси.

Маңдайда жаркыраган Чолпон жылдыз

Аңгемеде керилген кең Таластын керемет кооздугу, Ала-Белди улай кеткен тоолордон сызылып чыгып, батышты көздөй октос берген дарыя, кенен түздүк, Бакай тоосу менен Манас чокусуна ыктаган Кара-Буура талаасы өзгөчө бир ынтаа менен сүрөттөлгөн.

Чолпонбай баатырдын айылы Чымкент ары жагы казак талаасына, тескей жагы улуу тоого уланган кооз жер. Чолпонбай 1922-жылы жайлоодо төрөлгөн. Жайдын толукшуп турган кезинде Түлөберди атанын боз үйүндө бир наристе дүйнөгө келип аткан. Атасы, толгоо тарткан энеси, төрөттү кабыл алып аткан зайып. Башка киши деле жок эле. Кыйын кезең, элдин колунда жок, үзүмчүлүк маал экен.

Касымалы Жантөшев тоолуктардын турмушун этнографиялык тактыгы менен чебер тартып берген. Атанын чочуганы баланын кандай төрөлүшү эмес, байбичеси төрөттөн аман калабы, «кара басып» кайтыш болуп кетеби деген күдүк эле. Ал кезде төрөттөн каза тапкан аялдар көп, медициналык жардам дегенди элдин көбү биле элек, башын тобокелге байлап, боз үйдүн оң ыптасындагы баканды кармап, үнү кудайга жетип, аман-эсен көз жарып алсам дегенде эки көзү төрт эненин азабын жазуучу жакшы билчү.

Чолпонбай жайлоодо, таңга жуук жарык дүйнөгө келди. Атасы ал төрөлөрдөн аз илгери жаман түш көрүп, анысын жакын адамы Сууракеге да айтпай, анын аман-эсен көз жарып алганына ишенип-ишенбей турган.

«Түлөбердинин бүткөн бою чымырап, денесин тер басты. Үйгө кандай кирип, устараны кандай алып бергенин өзү да сезбей калды. «Жаңы төрөгөн аялды кара басат» деген сөздөн улам Сууракеге жалт карады. Бирок Суураке калыбынча койкоюп отурганын көрүп, Түлөберди ого бетер сүйүндү.

Тиги эскилөө ак чүпүрөккө ороп:

- Азан чакырып, уулуңарга ат койгула! – деп, жаңы гана жарык дүйнөгө келген, ыңаалап ыйлаган ымыркай баланы Түлөбердинин этегине салды. Тек этегине баланын түшкөнүн сезгенде Түлөберди өзүн коргошундай эрип кеткен сыяктуу сезип, сыртка чуркап чыкты. Оң колу менен оң этегине салган баланы кармап, сол колу менен сол кулагынын көнчөгүн кармап, азандын башы «Алло акбар» менен башталарын унутуп, мукактанып калды. Акырында «Аллоакбардан» баштап дапкирин айтып, баланы жанында турган аялга берди.

- Аты ким болду? – деди аял.

- Атыбы? Аты… - деп, Түлөберди абдан шашылды. Эки жагын карап эчтеме таппады. Балага арнап коюлуучу жакшыраак ат эмес, үйүндөгү буюмдун аттары куургуч, туткуч экенин да унутту. Тиги аялдан уялган бойдон артына бурула берип, башын жогору көтөргөндө, маңдайында жаркырап турган Чолпон жылдызды көрө коюп:

- Чолпонбай болсунчу! – деп, эмне үчүндүр акырын гана айтты.

- Энеси, баланын аты Чолпонбай болду! – деп аял баланы үйгө көтөрүп кирип, оролуу бойдон коё коюп, арыдан-бери төшөк салды да, Сууракени жаткырып, анын берки тарабына Чолпонбайды жаткырды.

Түлөберди али Чолпон жылдызынан көзүн айырбай карап турат…»

Төрөгөн балдарынын көбү токтобой, токтосо да капыс келчү илешкен дарт, оорулардан кырылып, биротоло жүрөгү өлүп калган эски кыргыздардай эле Түлөберди да алдастап калган. Оңойбу анан! Тоо арасында, жайлоодогу жалгыз үйдө Умай эненин жардамы менен көз жарып алган эненин кубанычында чек жок болчу.

Дагы караңыз Воронеж: Чолпонбай жалгызсырабайт

Касымалы Жантөшев көчмөн турмуштун драмасы менен трагедиясын кемелине келтирип жазган сүрөткер эле. Бул жагынан анын айтылуу «Каныбек» романындагы жашоо-турмуш, ар кыл адам тагдырлары, ага улай баяндалган укмуштуу окуялар окурманды өзүнө тартып, чыгарма окурмандар арасында укмуштай кызыгууну жараткан. Кат-сабаты ачыла элек карылар аны балдарына окуттуруп угуп, Каныбек менен Анаркандын уламдан улам татаалдашкан окуялары угарманды өзүнө тартып, көркөм сөздүн таасири өзгөчө болгон.

«Каныбек» романындай эл арасындагы кадыр-баркка кыргызча чыгармалардын чанда бири гана кез келди окшойт. Жазуучунун сөз менен иштөө чеберчилиги, сүрөттөп жаткан окуяны элестүү баяндап бергендиги «Чолпонбай» аңгемесинде да бар көркү менен ачылган. Чолпонбайдын төрөлүшү ушунчалык элестүү, психологиялык жагынан ынанымдуу берилген. Жайлоонун бейпил түнүндөгү Түлөбердинин кубанычына асмандагы Чолпон жылдыз гана күбө болуп, жарыгын чачып турат. Жадыраган жай түнүндө перзенттүү болгон эненин бактысын жазуучу мындай сүрөткө тарткан:

«Суураке ай нуру менен жаркыраган Чолпонбайдын жүзүнө карап турду да:

- Жандыр… каадалуу балача жатканын… Аман-эсен чоңоёр бекенсиң? Сенин күнүңдү көрөр бекенбиз? Эл катары окуп бизди багар бекенсиң? – деп дагы көпкө карап турду да, Чолпонбай оозун ачып кайсалаганда эмчегин анын оозуна салды. Чолпонбайга кандайчадыр мээрими күчтүү болгондуктан, бою ийип, эмчегинин сүтү агып кетти.

Күн аптага, апта айга, ай жылга айланып, кабак керип күлгөнчө желдей желип, бири кетип, бири келип, арадан бир нече жыл өттү».

Бул убакыттын ичинде анын үй-бүлөсүн кайгы тооруп, Чолпонбай он бирге чыкканда атасы Түлөберди өтүп кетти. Атасынын өлгөнү тестиер балага аябай катуу тиет. Улуу агасы Болотбек өзүнчө түтүн булатып, турмуш-тиричилиги башка болгонгобу, анын анчалык кайгыга батканы сезилбеди. Кийинки агасы Даңкө автор айткандай, «октум-соктум», үйүндө кем болот, дайынсыз бир жактарга кетип, бары-жогу билинбеген бир неме. Андан кийинки эжеси Жамийланын кулагы уккан менен сүйлөй албайт, дудук.

Иштемчил бала

Сууракенин үйдө ишенгени коймаарек Чолпонбай гана. Анын үстүнө бу көкүрөк күчүгү апасына боорукер, атасын жоктотпош үчүн үйдүн бар түйшүгүн өзүнө алышка умтулат. Башкалар менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз, бирок иш дегенде баарын унуткан, ушундай бир мээнеткеч бала болду.

Жаз келгени мектептеги сабагын таштап жер айдоочуларга кол кабыш кылып, мала тартканга чыккан. Ал кезде колхоз жумушун жасагандарга эмгек күн жазылып, анын жыйынтыгы кийин эгин жакшы болсо пландан ашкан данды иштегендерге бөлүштүрчү. Ачарчылык кандай экенин, кызыл дандын баркын жакшы билген эл жапырт колхоз жумушунда эле.

Тестиер Чолпонбай да алардын арасында, эки кишинин ишин иштеп, нормасын эки эсе аткарып, эмгек күнүн арбын алыштын камында жүргөн. Ошентип турмуш кыйынчылыгына моюн бербей, кара жумуш менен эрезеге жеткен Чолпонбай комсомолдук жыйындарга катышып, «бүгүнкү кыйынчылык эртеңки жыргалга жеткирет» деген учкул кыялга батат.

Дагы караңыз Согуштун тарыхка кирбей калган жагдайлары

Сталиндик заманда «конфликтсиз теория» өкүм сүргөн. Ошол чуулгандуу теория «советтик жазуучулардын чыгармаларында жакшы менен эң жакшынын, мыкты менен эң мыктынын ортосунда гана айрым түшүнбөстүктөр болушу, советтик турмуш чындыгы жалаң ийгилик, жетишкендиктерди гана ырастап турушу керек» деген түшүнүккө таянчу. Ошол «ийгиликтен баш адашкан» жылдарда аңгеменин каарманы келечек тууралу мындай ой жүгүртөт:

«Жыйырманчы кылымдын экинчи жарымын тиктегилечи. Кандай сонун. Шаары кайсы, селосу кайсы, айырма жок… Колхозчу, жумушчу, кызматчы кайсы, белгисиз… бардыгы окумуштуу, окубаганы жок. Талас суусуна салынган гидростанциядан келген жарыкты карагылачы… Түндү күндүзгө айлантты. Кандай сонун… жердин чөбү кайсы, гүлү кайсы, ажырата албайсың. Баарыдан да талаада иштеп жүргөн колхозчуларды карачы, эмгекти бүт механикалаштырган, бардыгы машина менен иштеп жүрөт. Жогорку Таластан Грозныйга карай бара жаткан электропоездди көргүлөчү… Эх, кандай сонун… Мына ушул жыргал үчүн ким күрөшпөйт!.. Ким күрөштөн жанын аяйт!.. – деп Чолпонбай болочок жыргалдуу турмушту көз алдына келтирип кубанганына чыдабай көздөрү балбылдап, кең маңдайы жаркырап, эки бети албырды».

А бирок андай таттуу кыялдардын ишке ашышына кара жолтой согуш тоскоол болот. 1941-жылы 22-июнда СССР өлкөсүнө фашисттик Германия кол салат. Чолпонбай да катарлаштарынан кем калбай кан майданга аттанат. Чымкенттик жаштарды 1941-жылдын 16-декабрында аскерга алышат. Кычыраган кыштын ызгаарында айылдык жигиттерди райондун борборуна алып жөнөшөт. Чолпонбайдын кабагы салыңкы болчу. Ал жактырган кызы негедир узатуучулардын арасынан көрүнбөдү. Ичине арман менен куса толгон жигит чакырылгандардын арасында баратканда айылдан чыга бериште чогулган узатуучулардын арасында сүйлөшкөн кызы да турган экен.

«Бир кыз эң акырында Чолпонбайга колун суна, алаканына эптеп кармаган катты Чолпонбайдын алаканына сала, анын колун кыса кармап:

- Саламат бол! – деди. Бирок кыздын көзүнөн жашы кылгыра түшкөнүн, башка кишилер эмес, Чолпонбайдын өзү да байкабай калды».

Дагы караңыз Чыныгы баатырлардын эрдиги айтылса...

Улуу Ата Мекендик согушта ойго келбес эрдик кылган кыргыз баатыры сүйгөн кызынан катты алып, кан майданга жайдары маанай менен жөнөйт. Аны сүйгөн, аны кадырлаган бийкеч бар тура! Элдин көбү «түнт, сөзгө жок» деген боз уландын сезимин козгоп, ашыктыгын арттырган бейтааныш кыздын ким экендиги чыгармада маалымдалбайт. Тек бирин экинчиси жактырып, ичтеги алоо сезимди сыртка чыгара албаган эки жаштын мамиле-катышы ортодогу каттарда улантылышы керек эле. Бирок кат жазганга Чолпонбайдын чолоосу тийбеди.

Кийинки жылдын жайында Чолпонбай Түлөбердиев Дон суусунун жээгинде Селявное кыштагынын жанында анын атын түбөлүккө калтырган эрдигин кылат.

«Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт» деген сүйгөн селкиси К.нын алтын сөзү эсине түшө калып, анын күлүмсүрөгөн ак жүзү, карагаттай кара көзү, сеңселген саамайы, тал чыбыктай буралган бою көзүнө элестегенде: - Кош, жаным! Сага бир да кат жаза албадым. Кечиргин! Бактылуу бол! Силер үчүн, силердин таалайыңар үчүн, силерге каршы окту колум менен эмес, жүрөгүм менен тосом!.. – деп, ыргып тура көз ачып жумганча ДЗОТко жетип, ажалдын оту чачылып, октору атылып жаткан ДЗОТтун тешигин басып, пулемёттун оозуна жүрөгүн тосо берди.

Бул укмушка карап турган жолдоштору эмес, кара жер да солк эткенсиди. Көрүп тургандар көздөрүнө ишенбеди».

Жайдын толуп турган кезинде Чолпон жылдыз чыгып турганда жарык дүйнөгө келген карапайым кыргыз жигитинин кыска өмүрү ошентип аяктап, көрсөткөн эрдиги анын экинчи өмүрүн улап келатат.

Таластын Чымкент айылында Чолпонбайдын музейи, анын кире беришинде окко төшүн тоскон жаш жигиттин эстелиги турат. Эл аягы үзүлбөгөн ошол эстелик жайга касиеттүү Талас жергесине барган меймандар сөзсүз зыярат кылып өтүшөт. Турмуш жолун жаңы баштап жаткан чагында кан майданда курман болгон баатырдын элесин Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Жантөшев кара сөздө калтырып, эрдигин даңазалаган аңгемесин жазган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.