“Адашкандын айыбы жок...”

Жазуучу Асылбек Исмаилов.

Асылбек Исмаилов жумшак юморго ширелген мыкты аңгемелердин, ойчул поэзиянын чебери эле. Театр күйөрмандарына анын пьесалары жакчу.

Чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчилик менен караган автор бапыратып жаза бергенди жактырбаган, сөз баркын өзгөчө урматтаган сүрөткер болчу. Бүгүн биз жазуучунун “Асыранды” аңгемесин чогуу окуйбуз.

Жаралуу сырды ачпа!

Бу тагдырдын ташпиши пенде баласынын алдына эчен сыноолорду жайып, толгон-токой тоскоолдорунан өткөрөт. Адам баарына чыдап, азап-тозогуна айласы жок көнүп, барга-жокко күйүп-бышпай, өмүр көчү улам арылаган сайын болгонго каниет кылып, баарына токпейил карап, жашоо-турмуштун арабасын тарта берет экен.

Ал күнү таң бүркөө, тоонун арасында унутта калган төрт канат боз үйдөгү жашоо-тирдик да көңүлсүз болчу. Театр сахнасынын элесин берген бул көрүнүш алдыда катаал драмалык чыңалуу, каармандардын ортосундагы оюн татаалдашып, анткен менен кульминациянын чечилиши кызыктуу болору эскертилип жаткан. Адамдар - тирүүлүк сахнасында өзүнө тиешелүү ролду ойношкон актерлор, ал эми аларга күбө болчу табият баарына кайдыгер карап, күндөлүк жашоо ыраатында өтүп жаткан.

Дагы караңыз "Кызымды кайтарып алгым келет..."

Эрте ойгонгон Сылый байбиче түнкү суукта муздап калган кийимдерин кийип, чогу өчүп, үйүлгөн күлдүн додосунда калган очокко сырттан чылапчынга толтура көң алып келип от жагуунун камына киришкен. От менен боз үйгө жылуулук киргенден кийин эне төшөгүндө уйкунун кызыгында жаткан уулу Аскардын ойгонгонуна ыраазы болуп, күндөгүсүндөй жалынып-жалбарып, кабагы салыңкы баласынын кантип көңүлүн көтөрүштүн аргасын таппай, суроо үстүнө суроо жаадырып, үстүнө үйрүлүп түшүп аткан.

Айылда эки-үч күн туруп келген баласынын көңүлү чөгүңкү болчу. Мурдагысындай айылдагы жаңылыктарды божурабай, кабакты чытып, кимдир бирөөлөргө таарынгандай, сиркеси суу көтөрбөй турган. Анысы менен энесинин иши эмне? Уулу капа болгонуна, аны ким таарынтканына акылы жетпей, эркесинин көңүлүн көтөрүштүн амалында.

Баланын кабак чытышынын ары жагында ата-энесине айтсамбы-айтпасамбы деген арасат ой жаткан. Айылга барганда баланы Чыныгүл апасы жалынып-жалбарып үйүндө тосуп алып, кыйла жылдардан бери келаткан жашыруун сырды ачыкка чыгарып койгон.

“ – Балакет-мээнетиңди алайыным… - Мууну бошой жашыды. – Мында эмне келбейсиң? Капырай, өз үйүнөн качкан да бала болобу? Ушул сени ошолорго бербей эле койсок десем ыраматылык атаң көшөрүп туруп алды, “Ысай таарынып калат, анын үстүнө жакын санаалаш эмеспизби” деп. Көрсө, ал кезде мен да жаштык кылыпмын. "Жок" деп эле көгөргөнүмдө не? Карачы эми, өз катарыңдан калтырып, телпейтип кой кайтартып алганын. -Ушул арада нымдалышкан кирпиктерин жоолугунун учу менен сүрттү да, Аскарды төргө олтургузуп мындай кеңеш баштады. – "Окуйм" деп эле баса бербейсиңби, көнсө көнсүн, көнбөсө кала беришсин. Өзүбүз окутуп алабыз. Шаарда ага-жеңең деги бар, жардам берет”.

Аскар эч нерсе дей албайт. Багып алган ата-энесин, койду таштап шаарга кетсе окуй алабы? Ал шаарда окуп, окумуштуу болгон адамдарды жанда жок акылдуу, илим десе ичкен ашын жерге койгон өзгөчө жандар деп ойлочу. Мектепти мөртөй-шөртөй аяктаган балага тоо арасында атасына жардамдашып кой артынан жүргөн жакчу. Минтип жашоо-турмушун жөндөш амалында жүргөндө айылдан апасы чыгып, кыйла жылдар айтылбай келген сырды ачып, баарын татаалдантып салбадыбы. Эми ал "окууга барам" десе багып алган ата-энеси деле "жок" дебейт. Сабакка көңүлү чаппаган неменин шаарда окуп кетиши кыйын. Шаарга кетпесе ата-энесине эмне деп айтып, айылдагы өз энесин кантет?

Дагы караңыз Күйүттү күчөткөн каркыралар

Күндөгүдөй эркелеткен апасынан жатыркаганына болбой жабышып эркелетип атканына жини келип:

“ – Тур ары алжаңдабай, жетишет, ушунча жылдан бери башты айлантып келгениңер! – деген күпүлдөгү чок баскандай артка серпилтти.

- Я?! Эмне дейт? Эмне деп башты айлантып келиппиз? – Дароо Сылыйдын жүрөгү желедеги азоо кулундай туйлап, колдору калчылдап, тамагы буулгансып, үнү киркирей чаңкылдады.

- Мени "өзүм төрөп алгамын" деп, көрсө мени тууган энем тиги жакта жатыптыр! – Аскар дагы чоочун үн менен баркырап, жака тарапка ээк жаңсады.

Дүйнө астын-үстүн болуп, жер көчүп бараткансып, кулак-башы чуулдайт.

Бул жооп Сылыйдын жүрөгүнө чагылгандын огундай ийреңдеген жаракаларды түшүрүп-түшүрүп кетти.

- А, Акенбай каралдым, бул эмне дегениң я? Айтчы, берекем… - Эне дагы эле уккан кулагына ишенбей турду. Заматта уулунун өңү кара-көк тартып башкача болуп өзгөрүп кетти. Анын мындай түрүн эч качан көргөн эмес.

- Башка сөзүм жок! – Аскар Сылый менен эч кандай байланышы жок, чоочун адамдай мерездене тескери бурулду.

- Олда кудай-ай, акыры маа ушул күндү көргөзөт белең!.. Ой, Ыска-ак! Ыска-ак ай… - Алгачкы жолу абышкасынын атынан атап чаңырып, бирок анын үн алышуусун күтпөй, дароо өз доошун кууй, үйдү көздөй безип жөнөдү. Бут алдында жер көчүп, өзү туңгуюкка аңкилдек атып кулап бараткансып этек-жеңи желге делбектейт.

Сырттан карбаластап учуп-күйүп келаткан байбичесинин үнүн уккан абышкасынын үрөйү учуп, “уулум кырсыкка учураган экен” деген ойго кабыла, селейди.

- Ыскак! Ой Ыскак, айланайын, соңу ушинтип шорго малат белең! – Сылый муңкана боздоп, абышкасынын көкүрөгүнө башын жөлөй чөгүштү.- Мен сага башта эле айтпадым беле, "бирөөнүн баласы бала болбойт, мени жайыма кой" деп”.

Кемпиринин антип айтышынын жөнү бар эле. Ыскак менен Сылый бирге түтүн булатканына жети жыл аяк басканда туугандар арасында күңкүл-мыңкыл кептер күчөп, анын чет-бучкагын уккан эстүү келин башын бошотуп бул үйдөн кетүүнү ойлогон. Бирок ага Ыскак макул болбой, экөөнүн турмуш толкунуна кабылган кайыгы ал ирет аман калган.

Кыркындагы окуя

Аскарды багып алуу экөөнө өзгөчө кубаныч, жашоо-турмушуна шаң алып келген. Минтип турмушу түгөл болуп турганда уулу айылга барып жашырын кепти угуп, чал-кемпирдин бактысын ойдо жок жерден талкалап жатпайбы. Мындай болорун ким ойлоптур? Ыскак көңүлү биротоло бузулуп калган уулуна жапырылып, урушуп-тилдебесе деле Аскар айылга өз апасына кетип калды.

Ошондон кийин ээн тоо арасындагы койчунун азаптуу турмушу башталды. Бир короо койдун түйшүгү карылардын энчисине тийип, энтеңдеген чал менен кемпир жамырап жайылган койдун артынан жүрүп кечке суй жыгылышат. Андан да катуу азап экөөнүн ортосундагы мамиледен чыкты. Ыскак баарына кемпири күнөөлүүдөн бетер, ичте топтолгон ачуусун ошондон чыгарып, кечке кой артынан калбай жүргөнү аз келгенсип, бечара Сылыйды каарыганга өтөт. Эмнеликтен антип атышынын себебин деле билбейт.

Түнөргөн Ыскактын кейпинен чочулаган кемпир өзүнөн-өзү чүнчүп, акыры түйүнчөгүн көтөрүп төркүндөрүнө кетүүгө аргасыз болгон. Ыскак чал тоодо жалгыз бир короо койдун артында калган. Убакыт болсо өтө берет. Кыш өтүп жаз келет, кой жайлоого чыгарда кыркын башталат. Үйүндө бекер жаткан Аскар кой кыркынга чектелип, шаарга кеткиче иштеп турууну чечкен.

Социализм заманында айылдагы эң маанилүү колхоз жумуштарынын бири мына ушул кыркын, анан жазгы төл өнөктүгү болчу. Бул иштерге кары-жаш дебей айылдагылардын баары тартылчу. Ошон үчүн карылыгына карабай Сылый байбиче да кыркынчыларга жардам бергени чыккан, анын бакма баласы Аскар кыркынчы болуп, эне-бала бир жерде иштеп калышкан. Эрезеге жеткиче эркелетип чоңойткон уулунан ойдо жок жерден суук кеп уккан кемпир андан алысыраак болууга аракет кылып, колдон келсе жолукпай коюунун амал-аргасы менен жүргөн.

Ошондой күндөрдүн биринде Ыскактын короосунун кыркын кезеги келип, кыркын пунктунда бир үй-бүлөнүн бөлүнүп кеткен үч мүчөсү айла жок кездешмек. Аскар атасынын коюн кыркышы керек, кыркылган жүндү чогултуп, аны таразага тарттыруу Сылыйдын милдети болчу. Апасы карап турганынан чочуладыбы же алдастап калдыбы, иши кылып Аскар Ыскактын койлорунун биринин кардын жарып алды. “Заматта курсактын кере карыш жери кызаңдап, ичеги-карын сыртка бултайды”. Аскар алдастап, койдун курсагын жарып алышын атайын кастык менен жасалган иштей сезип айласын таппай турган кезинде кемпир:

“ – А, каралдым, кесип алдыңбы? Эч нерсе эмес, айыгар, болбосо өлүп калар. Мен барып абышкага билдирейин, бир айласын тапсын,- деп калдаңдай жөнөдү.

Аскарга ушунун өзү эле оор тийди. Мындан көрө: “Кырксаң кырккандай кырк, болбосо колдон келген ишиңди кыл!” – деп айкырса канчалык жеңил түшпөс беле.

Баятан элейип турган Аскар эми Сылый тигиндей узары менен эсин жыйып, ириктин калган жүнүн тезирээк кыркып жиберип, байлануу буттарын чечип, Ыскак келгенче тургузуп ийүүгө ашыкты”.

Бирок ичегиси чубалган койдун тура албаганын көргөн Аскардын чындап айласы кетет. Эми ал кандай жеме болсо да укканга даяр эле. Аны кыйын абалдан атасы Ыскак куткарып, жарадар ирик кыркынчылардын тамагына союлат.

Тоодогу ата-энесин таштап келе бергенден кийин Аскар айылдаштарынан оголе көп жеме сөз уккан, айрымдары колоктоп бош жүргөн уланга ачуу кептерин аяган эмес. Ыскак менен Сылый деле боору таш баласын жемелеп, ичтеги буусун чыгарып алышса болмок. Бирок алар сүйлөшүп алышкансып эрезеге жеткен уулуна мурдагыдай эле үйрүлүп түшүп, мээримин төгүп, баштагы мамилесинен жанбайт. Мындай бийик адамгерчиликти алар кайдан алышкан?

Ыскак чал карыганына карабай чарбанын коюнун артынан калбай, баарына кайыл болуп жашап келатат. Тоону таштап айылга баса берген кемпирдин деле кубанарлык турмушу жок. Мамыр-жумур үй-бүлөнүн ынтымак турмушун бузуп, үчөө үч жакка бөлүнүп кеткенине өзүн күнөөлүү сезген Аскар кыркындан чыгып көк шалбааны каптаган койлорун тосо албай жаткан атасына жардамга чуркайт.

“Жанатан аркы-терки чуркап жүрүп аябай күйүгүп, ырп этерге алы калбай, ээ-жаа бербей туш-тарабын каптаган кой арасында аргасы куруп “эми эмне болсо, ошо болсун” деп муңканып, ушул курагында мындай кыжаалаттуу күндү салган тагдырын жектеп, азыр эле жашоодон аша кетчүдөй заманасы куурулуп отурган Ыскак Аскардын бул жардамына түшүнбөдү. Аңгыча Аскар маңдайына тура калып:

- Атаке, мен кайрылып келдим, кечир мени!.. – деп ийилип өтүндү.

- Я?! Эмне дейсиң каралдым? Кайрылып келдим дейсиңби?.. кара жаным… Мен сенин зили бизди кыйбасыңды билгем… Берекем… “Адашкандын айыбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң” дейт, сени кечирбегенде кимди кечирем…”

Ата-баланын бири-бири түшүнүүсү кыркын жайдын жанындагы көк шалбаада өтөт. Аскар биринчи ирет атасынын картайганына ал-кубаты кетип, кой артынан кетип баратып жыгылганын көргөндө ишенет. Кары адамдарды ушунча убайымга салганын ойлоп уяты ойгонуп, баарына өзү күнөөлүү экенин сезип, атасың муңайым карап турган. Аңгеменин сюжеттик чечилиши өтөле драмалуу, конфликт кыйла эле курч өтөт.

Дагы караңыз Элеттик калемгердин өрүкзары

Асылбек Исмаиловдун чыгармачылык өмүрүнүн кыйла жылдары айтылуу “Кыргызстан маданияты” жумалыгында өттү. Кыргыз адабиятынын эң мыкты туундулары мына ушул гезит менен “Ала-Тоо” журналында жарыяланчу. Жазуучунун айрым аңгемелери ошол кезде жарыкка чыккан. Ал деле атын чыгарууну жакшы көргөн автор болсо өзү иштеген жумалыкка жазгандарын тынбай чыгарып, аларын китеп кылып, түшүмдүү калемгерлердин бири болуп калар беле?

Бирок да Асылбек Исмаилов антип жалган атак куубай, чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылган жазуучу экен, адабиятка жеңил баа мамиле кылган жок. Анын чыгармаларынын көбү көзү өткөндөн кийин жарыкка чыкты. Жогоруда кепке алынган аңгемесинен калемгердин сюжет кура аларын, композициялык тыкандыкты, драмалык жагдайларды ыктуу сүрөттөй алаарын байкоого болот. Алышкан оору эртелеп алып кетпесе Асылбек аганын мыкты чыгармалары келечекте жазылмак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.